Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 9-июлу № 70
Ош, Кара-Суу, Майлуу-Суу, Кара-Көл, Токтогул жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Ош, Майлуу-Суу, Кара-Көл, Токтогул жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;
- Кара-Суу жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык;
- Ош, Майлуу-Суу, Кара-Көл жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык.
2. 1-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп таанылсын.
3. Ош, Майлуу-Суу, Кара-Көл жана Токтогул аймактык шайлоо комиссиялары 3-тиркемеге ылайык жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттоодон өткөрүшсүн жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырышсын.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р.Ш.Жакышовго жүктөлсүн.
Төраганын м.у.а. |
| Л.Лурова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 9-июлундагы № 70 токтомуна 1-тиркеме |
Ош, Майлуу-Суу, Кара-Көл, Токтогул жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери
№ | АШКнын аталышы, чечимдин датасы, номери жана негизи | Жергиликтүү кеңештин аталышы | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештин депутатынын аты-жөнү |
Ош облусу | |||
Ош шаары | |||
1 | Ош АШК, 2026-жылдын 23-июну, № 3, 2026-жылдын 18-июнундагы өз арызы | Ош шаардык кеңеши | "Ынтымак" саясий фракциясынан Эргешов Алымбек Калмурзаевич |
Жалал-Абад облусу | |||
Майлуу-Суу шаары | |||
2 | Майлуу-Суу АШК, 2026-жылдын 23-июну, № 3, 2026-жылдын 22-июнундагы өз арызы | Майлуу-Суу шаардык кеңеши | "Ынтымак" саясий фракциясынан Бостонов Нургазы Алымжанович |
Кара-Көл шаары | |||
3 | Кара-Көл АШК, 2026-жылдын 29-июну, № 14, 2026-жылдын 27-июнундагы өз арызы | Кара-Көл шаардык кеңеши | "Таза-Булак" саясий фракциясынан Кармышов Нурболот Тимурланович |
Токтогул району | |||
4 | Токтогул АШК, 2026-жылдын 1-июлу, № 10, 2026-жылдын 1-июлундагы өз арызы | Токтогул шаардык кеңеши | "Тынчтык" саясий фракциясынан Тотобаев Марс Анарбекович |
Ысык-Көл облусу | |||
Тоң району | |||
5 | Тоң АШК, 2026-жылдын 25-июну, № 2, 2026-жылдын 8-июнундагы өз арызы | Б.Мамбетов айылдык кеңеши | Борбашов Урматбек Керезбекович |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 9-июлундагы № 70 токтомуна 2-тиркеме |
Кара-Суу жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдери
№ | АШКнын аталышы, чечимдин датасы, номери жана негизи | Жергиликтүү кеңештин аталышы | Катталган талапкердин аты-жөнү |
Ош облусу | |||
Кара-Суу району | |||
1 | Кара-Суу АШК, 2026-жылдын 1-июлу, № 9, 2026-жылдын 29-июнундагы өз арызы | Кара-Суу шаардык кеңеши | "Эл биримдиги" саясий партиясынан Сатиев Макен Мурадылович (25) |
2 | Кара-Суу АШК, 2026-жылдын 1-июлу, № 9, 2026-жылдын 29-июнундагы өз арызы | Кара-Суу шаардык кеңеши | "Эл биримдиги" саясий партиясынан Ахмедов Абдыганы Кадырбекович (22) |
Ысык-Көл облусу | |||
Тоң району | |||
3 | Тоң АШК, 2026-жылдын 25-июну, № 2, 2026-жылдын 19-июнундагы өз арызы | Б.Мамбетов айылдык кеңеши | Рысалиев Эмилбек Кудайбергенович (4) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 9-июлундагы № 70 токтомуна 3-тиркеме |
Ош, Майлуу-Суу, Кара-Көл жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери
№ | АШКнын аталышы, чечимдин датасы, номери жана негизи | Жергиликтүү кеңештин аталышы | Жергиликтүү кеңештин шайланган депутатынын аты-жөнү | Иштеген жери, ээлеген кызмат орду |
Ош облусу | ||||
Ош шаары | ||||
1 | Ош АШК, 2026-жылдын 23-июну, № 3, 2026-жылдын 19-июнундагы өз арызы | Ош шаардык кеңеши | "Ынтымак" саясий партиясынан Кадыров Канатбек Сапарбаевич (11) | Убактылуу иштебейт |
Жалал-Абад облусу | ||||
Майлуу-Суу шаары | ||||
2 | Майлуу-Суу АШК, 2026-жылдын 23-июну, № 3, 2026-жылдын 22-июнундагы өз арызы | Майлуу-Суу шаардык кеңеши | "Ынтымак" саясий партиясынан Кудайбергенов Нуржигит Имамбекович (17) | "Майлуу-Суу-Тазалык" ишканасы, башкы инженер |
Кара-Көл шаары | ||||
3 | Кара-Көл АШК, 2026-жылдын 29-июну, № 15, 2026-жылдын 28-июнундагы өз арызы | Кара-Көл шаардык кеңеши | "Таза-Булак" саясий партиясынан Абылов Элнур Шакирбекович (4) | Убактылуу иштебейт |
Токтогул району | ||||
4 | Токтогул АШК, 2026-жылдын 1-июлу, № 10, 2026-жылдын 1-июлундагы өз арызы | Токтогул шаардык кеңеши | "Тынчтык" саясий партиясынан Үмөталиев Темурлан Мурсатбекович (11) | КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Токтогул филиалы, документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адис |