Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 14-июлу № 72
Өзгөн, Таш-Көмүр, Сокулук жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Өзгөн, Таш-Көмүр, Сокулук жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;
- Түп аймактык шайлоо комиссиясынын катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечими 2-тиркемеге ылайык;
- Өзгөн, Таш-Көмүр, Сокулук жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык.
2. 1-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп таанылсын.
3. Өзгөн, Таш-Көмүр, Сокулук жана Түп аймактык шайлоо комиссиялары 3-тиркемеге ылайык жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттоодон өткөрүшсүн жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырышсын.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р.Ш.Жакышовго жүктөлсүн.
Төраганын м.у.а. |
| Л.Лурова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 14-июлундагы № 72 токтомуна 1-тиркеме |
Өзгөн, Таш-Көмүр, Сокулук жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө ЧЕЧИМДЕРИ
№ | АШКнын аталышы, чечимдин датасы, номери жана негизи | Жергиликтүү кеңештин аталышы | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештин депутатынын аты-жөнү |
Ош облусу | |||
Өзгөн району | |||
1 | Өзгөн АШК, 2026-жылдын 6-июлу, № 10, 2026-жылдын 3-июлундагы өз арызы | Өзгөн шаардык кеңеши | "Ынтымак" саясий фракциясынан Ураимова Гульнара Махмуджановна |
Жалал-Абад облусу | |||
Таш-Көмүр шаары | |||
2 | Таш-Көмүр АШК, 2026-жылдын 9-июлу, № 2, 2026-жылдын 1-июлундагы өз арызы | Таш-Көмүр шаардык кеңеши | "Жаңы Кыргызстан" саясий фракциясынан Жумагулов Нурбек Жумагулович |
Чүй облусу | |||
Сокулук району | |||
3 | Сокулук АШК, 2026-жылдын 6-июлу, № 3, 2026-жылдын 6-июлундагы өз арызы | Шопоков шаардык кеңеши | "Адилет" саясий фракциясынан Джолдошева Чолпон Алмазовна |
Ысык-Көл облусу | |||
Түп району | |||
4 | Түп АШК, 2026-жылдын 10-июлу, № 6, 2026-жылдын 29-июнундагы өз арызы | Каркыра айылдык кенеши | Сралиева Шаршекан Мусаевна, "Чоң-Таш" № 6 шайлоо округу |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 14-июлундагы № 72 токтомуна 2-тиркеме |
Түп аймактык шайлоо комиссиясынын катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө ЧЕЧИМИ
№ | АШКнын аталышы, чечимдин датасы, номери жана негизи | Жергиликтүү кеңештин аталышы | Катталган талапкердин аты-жөнү |
Ысык-Көл облусу | |||
Түп району | |||
1 | Түп АШК, 2026-жылдын 10-июлу, № 7, 2026-жылдын 1-июлундагы өз арызы | Каркыра айылдык кеңеши | Боколова Назгул Табылдыевна (3) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 14-июлундагы № 72 токтомуна 3-тиркеме |
Өзгөн, Таш-Көмүр, Сокулук жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө ЧЕЧИМДЕРИ
№ | АШКнын аталышы, чечимдин датасы, номери жана негизи | Жергиликтүү кеңештин аталышы | Жергиликтүү кеңештин шайланган депутатынын аты-жөнү | Иштеген жери, ээлеген кызмат орду |
Ош облусу | ||||
Өзгөн району | ||||
1 | Өзгөн АШК, 2026-жылдын 6-июлу, № 11, 2026-жылдын 6-июлундагы өз арызы | Өзгөн шаардык кеңеши | "Ынтымак" саясий партиясынан Абдукаимов Анварбек Абдукаимович (10) | Жеке чарбачылык |
Жалал-Абад облусу | ||||
Таш-Көмүр шаары | ||||
2 | Таш-Көмүр АШК, 2026-жылдын 9-июлу, № 2, 2026-жылдын 1-июлундагы өз арызы | Таш-Көмүр шаардык кеңеши | "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынан Ормонов Бектурсун Анарбекович (14) | "Север НефтеПродукт" ЖЧКсы, темиржол транспорту боюнча логист |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
3 | Сокулук АШК, 2026-жылдын 6-июлу, № 3, 2026-жылдын 6-июлундагы өз арызы | Шопоков шаардык кеңеши | "Адилет" саясий партиясынан Адылбекова Айжан Памировна (13) | Сокулук райондук аскер комиссариаты, инспектор |
Ысык-Көл облусу | ||||
Түп району | ||||
4 | Түп АШК, 2026-жылдын 10-июлу, № 7, 2026-жылдын 6-июлундагы өз арызы | Каркыра айылдык кенеши | Өмүрбек уулу Ислам "Чоң-Таш" № 6 шайлоо округу | Улуттук балдар инженердик- техникалык академиясынын Ысык-Көл облусундагы филиалынын директору |