Загрузка документа…
|
|
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги
тарабынан Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкына ченемдик укуктук актыларды (укуктук актыларды) алуу
ТАРТИБИ
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкына ченемдик укуктук актыларды (укуктук актыларды) алуу тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 10-февралындагы № 56 “Кыргыз Республикасынын укуктуктук маалыматтарынын борбордоштурулган банкын түзүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына жана Кыргыз Ресубликасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 319 “Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык иштелип чыккан.
Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкына (мындан ары - УМББ) Кыргыз Республикасынын Президентинин жогоруда аталган Жарлыгынын 2-пункту менен белгиленген ченемдик укуктук актылар киргизилүүгө тийиш.
2. Ченемдик укуктук актыларды (укуктук актыларды) УМББда жарыялоо үчүн аларды каттоону жүргүзгөн органдар төмөнкүлөрдү берүүгө тийиш:
1) ченемдик укуктук актылар (укуктук актылар) Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү талаптарына ылайык мамлекеттик жана расмий тилдерде бир нускада, жарыялоо булагын көрсөтүү менен PDF жана docx форматтарында электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу берилет;
Электрондук документ жүгүртүү системасы жок болгон учурда, документтин docx форматындагы электрондук түрү электрондук байланыш аркылуу npa@minjust.gov.kg электрондук почта дарегине жөнөтүлөт. Ченемдик укуктук актылардын (укуктук актылардын) тексттери электрондук почта аркылуу жөнөтүлгөндө, “Subject” (“Предмет”, “Тема”) талаасында ченемдик укуктук актынын (укуктук актынын) реквизиттери көрсөтүлөт. Мында, документтин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү почта байланышы аркылуу жөнөтүлөт.
2) ченемдик укуктук актылардын расмий жарыялангандыгы жөнүндө маалыматтар “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипке ылайык берилет.
3. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары (укуктук актылары) төмөнкү учурларда УМББда жарыяланбастан кайтарылып берилет:
1) ушул Тартиптин 2 жана 5-пункттарында белгиленген талаптар сакталбаган учурда;
2) электрондук форматтагы ченемдик укуктук актылардын (укуктук актылардын) PDF жана docx форматтарында жоктугу;
3) документтин расмий жарыяланган тексти менен PDF жана docx форматтарындагы документтин түрүнүн дал келбестиги;
4) документтин PDF жана docx форматтарындагы тексттеринин дал келбестиги.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги ченемдик укуктук актыларды (укуктук актыларды) УМББга киргизүүдө, тексттин окшоштугуна текшерүү (окуу) жүргүзбөстөн, PDF жана docx түрүндөгү структуралык элементтердин шайкештигин жана дал келишин текшерет. Эгерде PDF жана docx форматындагы тексттер бири-бирине дал келбесе, анын мазмуну жана туура таризделиши үчүн документти жөнөтүп жаткан орган жоопкерчилик тартат.
4. Ченемдик укуктук актыларды (укуктук актыларды) каттоодон өткөргөн мамлекеттик органдар ченемдик укуктук актыларды (укуктук актыларды) кол коюлган күндөн тартып 7 жумуш күндүн ичинде УМББде жарыялоо үчүн Юстиция министрлигине, аны жарыялоо булагы жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен жиберет.
Ченемдик укуктук актыларды каттоодон өткөргөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ченемдик укуктук актыларды кол коюлган күндөн тартып 7 жумуш күндүн ичинде УМББга жарыялоо үчүн Юстиция министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмүнө жарыяланган булагы жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен жиберет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ченемдик укуктук актыны мамлекеттик тилде кабыл алганда, коштомо катта аны мамлекеттик тилде гана кабыл алууга жол берилгендиги тууралуу өкүлчүлүктүү органдын чечимин көрсөтүшөт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларын УМББда жарыялоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмдөрү тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. УМББга жөнөтүү үчүн ченемдик укуктук актыларды (укуктук актыларды) электрондук түрдө тариздөө төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) ченемдик укуктук актылардын (укуктук актылардын) тексттери электрондук түрдө Microsoft Word редакторунда түзүлөт, эреже катары бир файлга салынат жана docx форматында берилет;
2) мамлекеттик жана расмий тилдерде берилген тексттерде, адаттагы тамга менен “Times New Roman” шрифти колдонулат, шрифтин өлчөмү 12;
3) ченемдик укуктук актылардын (укуктук актылардын) электрондук түрдөгү тексттери төмөнкү талаптарды эске алуу менен таризделет:
- абзацтагы чегинүү ушул пунктта көрсөтүлгөн форматтарды колдогон тексттик редакторлордо каралган стандарттык каражаттар менен жүргүзүлөт;
- сөздөр бири-биринен бир “боштук” белгиси менен ажыратылат;
- сөз менен андан кийинки тыныш белгинин ортосуна “боштук” белгиси коюлбайт;
- тыныш белгиден кийин “боштук” белгисинин болушу милдеттүү;
- тырмакча жана кашаалар алардын ичиндеги сөздөрдөн ажыратылбайт;
- тырмакчаларды белгилөө үчүн “бурч тырмакча” символу колдонулат;
- ташымалды белгилөө үчүн “дефис” колдонулбайт, автоматтык түрдө коюлуучу “ийкемдүү” ташымалдар колдонулат;
- “ө”, “ң” жана “ү” тамгалары мамлекеттик тилдеги тексттерде гана колдонулат;
- аталышта жана кичи аталышта эгер ал тексттен бөлөк жайгашса, ошондой эле таблицанын аталышында жана таблицанын ичинде турган аталыштарда “чекит” символу коюлбайт;
- кагаз сактагычта мамыча түрүндө жайгаштырылган маалымат тексттик файлда таблица түрүндө таризделет. Таблица ушул пунктта саналган форматтарды колдоочу тексттик редакторлордо каралган стандарт каражаттар менен аткарылат;
- таблицанын бир ячейкасында бир гана мааалымат жайгаштырылат. Таблицада бош саптар жана бош мамычалар болбошу керек.