Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2026-жылдын 3-июлундагы № 6-д буйругуна |
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү
ТАРТИБИ
1. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан.
2. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестри (мындан ары – Мамлекеттик реестр) ченемдик укуктук актылардын реквизиттерин, ошондой эле бул актылар жөнүндө маалыматтык-сурап билүү мүнөздөгү маалыматтарды камтыган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик эсепке алуунун бирдиктүү тутуму болуп саналат.
Мамлекеттик реестр ченемдик укуктук актыларды киргизүү үчүн төмөнкүдөй сүрөттөмөгө ээ:
1-графа – иреттик номери;
2-графа – ченемдик укуктук актынын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине келип түшкөн күнү;
3-графа – ченемдик укуктук актыны кабыл алган мамлекеттик органдын аталышы;
4-графа – ченемдик укуктук актынын түрү жана аталышы;
5-графа – ченемдик укуктук актынын кабыл алынган күнү жана номери;
6-графа – ченемдик укуктук актынын жарыяланган күнү, номери, булагы;
7-графа – ченемдик укуктук актынын статусу;
8-графа – ченемдик укуктук актынын Мамлекеттик реестрге киргизилген датасы;
9-графа – эскертүү.
3. Мамлекеттик реестрге төмөнкүлөр киргизилүүгө тийиш:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдары;
3) Кыргыз Республикасынын кодекстери;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
5) Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары;
6) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдору;
7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору;
8) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтомдору;
9) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтомдору;
10) өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын алкагында мамлекеттик органдардын ченемдик укуктук актылары;
11) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын токтомдору;
12) өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагынын актысы.
Мамлекеттик реестрге мамлекеттик сырды камтыган ченемдик укуктук актылар жана мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актылары киргизилбейт.
Мамлекеттик сырды камтыган ченемдик укуктук актыларды эсепке алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
4. Мамлекеттик реестрди жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги (мындан ары – Юстиция министрлиги) тарабынан электрондук жана кагаз жүзүндө мамлекеттик жана расмий тилдерде жүзөгө ашырылат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын мамлекеттик тилде гана кабыл алынган ченемдик укуктук актылары мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлүүчү Мамлекеттик реестрге мамлекеттик тилде гана киргизилет.
Мамлекеттик реестрдин кагаз жүзүндөгү түрү укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкынын компоненти болуп саналган, мамлекеттик реестрдин электрондук түрүнүн маалыматтарынын негизинде календардык жылдын аяктагашы боюнча түзүлөт, жана ал номерленип, тигилип, мөөр менен бекитилип, тиешелүү архивге сактоого өткөрүлүп берилүүгө тийиш.
5. Ченемдик укуктук акт Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин жана Министрлер Кабинетин кошпогондо, аны каттоодон өткөргөн мамлекеттик органдар тарабынан кол коюлган күндөн тартып 7 жумуш күндүн ичинде, расмий жарыяланган күнү, жарыялоо булагын көрсөтүү менен электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу PDF жана docx форматында мамлекеттик жана расмий тилдерде бир нускада Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлөт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актылары (күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү) аларды каттоодон өткөргөн органдар тарабынан кол коюлган күндөн тартып 7 жумушчу күндүн ичинде, расмий жарыяланган күнү, жарыялоо булагын көрсөтүү менен электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу PDF жана docx форматында мамлекеттик жана расмий тилдерде бир нускада Юстиция министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө жөнөтүлөт. Башка учурларда документтин docx форматындагы электрондук түрү электрондук байланыш аркылуу «npa@minjust.gov.kg» электрондук почтасынын дарегине жөнөтүлөт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын мамлекеттик тилде гана кабыл алынган ченемдик укуктук актылары (күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү) ушул Тартиптин 5-пунктунун экинчи абзацына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актыны мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө тиешелүү чечимин көрсөтүү менен жөнөтүлөт.
6. Ченемдик укуктук актылар расмий жарыяланган күндөн тартып 7 жумуш күндүн ичинде Мамлекеттик реестрге киргизилет.
Мамлекеттик реестрге төмөнкү маалыматтар киргизилет:
1) ченемдик укуктук актынын реквизиттери:
- актынын түрү;
- актынын аталышы;
- актыны кабыл алган орган;
- кабыл алынган датасы жана актынын номери;
2) ченемдик укуктук актынын жарыяланган датасы жана булагы;
3) ченемдик укуктук актынын статусу;
4) ченемдик укуктук актынын Мамлекеттик реестрге киргизилген датасы.
7. Ченемдик укуктук акт Мамлекеттик реестрге киргизилгенден кийин7 жумуш күндүн ичинде Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкында кабыл алынган тилинде (тилдеринде) жарыяланат.
8. Ченемдик укуктук акт күчүн жоготту деп таанылганда же анын аракети белгилүү бир мөөнөткө токтотулганда, Мамлекеттик реестрге тиешелүү ченемдик укуктук актыга шилтеме берүү менен, ал Юстиция министрлигине келип түшкөн күнү анын күчүн жоготкону же аракети токтотулгандыгы жөнүндө тиешелүү жазуулар киргизилет.
9. Ченемдик укуктук акты (анын түзүмдүк элементи) конституциялык эмес же мыйзамда белгиленген тартипте жараксыз деп табылганда бул жөнүндө маалымат соттун чечими күчүнө кирген күнү ушул ченемдик укуктук актыны каттоону жүргүзгөн органга тиешелүү сот тарабынан жиберилет. Ушул ченемдик укуктук актыны каттоону жүргүзгөн орган аталган маалыматты алган күнү Юстиция министрлигине соттун чечими жөнүндө расмий кат жиберет.
Соттун жүйөлүү чечими ушул ченемдик укуктук актыны каттоону жүргүзгөн органга ал күчүнө кирген күндөн тартып он күндүн ичинде жиберилүүгө тийиш, ал соттун чечимин алган күнү аны Юстиция министрлигине жиберет.
Ченемдик укуктук актыны (анын түзүмдүк элементин) жараксыз деп табуу жөнүндө соттун чечими белгиленген тартипте жокко чыгарылган учурда бул чечим ушул пунктта каралган тартипте сот тарабынан жиберилүүгө тийиш.
Ченемдик укуктук актыны (анын түзүмдүк элементин) конституциялык эмес же жараксыз деп табуу жөнүндө жана мындай чечимди жокко чыгаруу жөнүндө жазуу ушул ченемдик укуктук актыны каттоону жүргүзгөн органдан тиешелүү маалымат Юстиция министрлигине түшкөн күнү соттун тиешелүү чечимине шилтеме жасоо менен Мамлекеттик реестрге киргизилет.
10. Мамлекеттик реестрде камтылган ченемдик укуктук актыларды жайылтуу Юстиция министрлигинин расмий сайты аркылуу Интернет тармагы боюнча акысыз негизде жүргүзүлөт.