Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2026-жылдын 3-июлундагы № 6-д буйругуна 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкынын иштөө
ТАРТИБИ
1. Ушул тартип интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармагы аркылуу акысыз негизде укуктук маалыматты жайылтууну. борборлоштуруп топтоону, эсепке алууну, сактоону, системалаштырууну, актуалдаштырууну, жана берүүнү камсыз кылган, Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкынын иштөө тартибин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкы — борборлоштуруп топтоо, эсепке алуу, сактоо, системалаштыруу, актуалдаштыруу жана электрондук форматта ченемдик укуктук актыларды колдонуучуларга берүү үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын (укуктук актыларынын) базасында түзүлгөн, маалыматтык-укуктук система.
3. Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкына (мындан ары - УМББ) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 10-февралындагы № 56 “Кыргыз Республикасынын укук маалыматтарынын борбордоштурулган банкын түзүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгы менен аныкталган төмөнкү ченемдик укуктук актылар (укуктук актылар) киргизилүүгө тийиш:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдары;
3) Кыргыз Республикасынын кодекстери;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
5) Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары жана тескемелери;
6) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдору;
7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору жана тескемелери, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелери, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелери;
8) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтомдору;
9) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтомдору;
10) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын токтомдору;
11) ченем жаратуу ыйгарым укуктарын берүү актыларына ылайык ченемдик укуктук актыларды чыгарууга ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары;
12) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдер;
13) Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечимдери;
14) мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актылары;
Мыйзам менен корголуучу мамлекеттик сырды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеткиликтүүлүгү чектелген башка маалыматтарды камтыган ченемдик укуктук актылар (актылар) УМББга киргизилбейт.
4. Ченемдик укуктук актылар (укуктук актылар) УМББга киргизилгенден кийин контролдук абалда болушу керек. Ченемдик укуктук актынын контролдогу редакциясы - бул ага киргизилген бардык өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду, ошондой эле документтин статусунун өзгөрүшү жөнүндө маалыматтарды (колдонулушун токтото туруу, токтотуу) камтыган редакция болуп эсептелет.
5. Ар бир жаңы киргизилген ченемдик укуктук акт (укуктук акт) боюнча реквизиттик карточка түзүлөт, анда актынын аталышы, номери, кабыл алынган датасы, жарыяланган булагы жана башка маалыматтар камтылат.
6. Ченемдик укуктук актынын электрондук варианты ченемдик укуктук актынын баштапкы вариантын жана ага кийин киргизилген өзгөртүүлөрдүн бардык редакцияларын камтыйт.
7. УМББнын башкы бетиндеги модулдар тарабынан берилген мүмкүнчүлүктөр:
1) ЧУАнын мамлекеттик реестри — Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик эсепке алуунун бирдиктүү системасы болуп саналат;
2) жаңы документтер — мезгил-мезгили менен жаңыртылып туруучу, акыркы бир ай ичинде кабыл алынган ченемдик укуктук актылар (укуктук актылар);
3) тандалган документтер — колдонуучулар тарабынан тандалган документтерге тез жана ыңгайлуу жетүү максатында аларды сактоо мүмкүнчүлүгү;
4) кайтарым байланыш — колдонуучулар менен системаны кармоочунун ортосундагы байланыш үчүн модуль;
5) маалымдама — УМББнын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн жана система менен иштөө тартибин камтыган колдонуучунун колдонмосу;
6) көрүүсү начарлар үчүн режим — көрүүсү начар колдонуучуларга ыңгайлуу окууну камсыз кылган техникалык мүмкүнчүлүк, ал ченемдик укуктук актыларды (укуктук актыларды) ыңгайлуу түрдө окууга шарт түзөт;
7) системанын тили — тандалган тилдин негизинде автоматтык түрдө аныкталат. Кыргыз жана орус тилдери колдонулат.
8) статистика — тандалган мезгилине карата түрлөрү боюнча кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын санын, УМББга колдонуучулардын кирүүлөрүнүн санын жана башка көрсөткүчтөрдү көрсөтөт;
9) Көп колдонулган издөө— колдонуучулар тарабынан көп колдонулган документтер;
10) маанилүү документтер — бул бөлүмдө негизги ченемдик укуктук актылар берилген;
11) ЧУАны тез издөө — актынын аталышы, текстинде камтылган сөздөр, ошондой эле документтин кабыл алынган датасы жана номери боюнча ченемдик укуктук актыларды ыкчам издөө;
12) кеңири издөө— реквизиттер жана негизги сөздөр боюнча издөө;
13) тармактар боюнча мыйзамдар — укуктук жөнгө салуунун түрлөрү боюнча ченемдик укуктук актыларды бириктирген бөлүм;
8. УМББда документтерди кароодо функционалдык мүмкүнчүлүктөр:
1) документ –баштапкы редакциясын жана андан кийинки бардык өзгөртүүлөрүн жана толуктоолорун камтыган, УМББге киргизилген ченемдик укуктук акт (укуктук акт).
2) реквизиттер — бул аталышы, түрү, актыны кабыл алган орган, номери жана кабыл алынган датасы, мамлекеттик реестрге киргизилген датасы, жарыяланганы, жалпы укуктук классификатору жана негизги сөздөрдү өзүнө кошкон, ченемдик укуктук акт жөнүндө негизги маалыматтардын жыйындысы;
3) шилтеме документтер — бул каралып жаткан документтин текстинде шилтеме берилген ченемдик укуктук актылар;
4) тилди салыштыруу — ченемдик укуктук актынын (укуктук актынын) текстин мамлекеттик жана расмий тилдерде бир экранда бир эле учурда көрсөтүүгө мүмкүндүк берген УМББнин функциясы;
5) редакцияларды салыштыруу — ченемдик укуктук актылардын (укуктук актылардын) редакцияларын көрүү үчүнУМББнин функциясы;
6) редакция — бул документтин статусунун өзгөрүшү жөнүндөгү киргизилген өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду жана маалыматтарды кошкондо белгилүү бир датага анын мазмунун чагылдырган ченемдик укуктук актынын версиясы;
7) текст боюнча издөө — документтин мазмунунда камтылган сөздөр боюнча ченемдик укуктук актыларды (укуктук актыларды) издөөнү камсыз кылган функционалдык мүмкүнчүлүк;
8) файлды жүктөп алуу — колдонуучуга документтин электрондук версиясын docx форматында жүктөп алууга мүмкүндүк берген системанын функциясы;
9) басып чыгаруу — колдонуучуга документти кагазга чыгарууга мүмкүндүк берген системанын функциясы;
10) PDF – колдонуучуга документти кароодо анын графикалык көчүрмөсүн (түп нускасын) көрүүгө жана зарыл болгон учурда PDF форматында басып чыгарууга мүмкүндүк берген системанын функциясы.
9. Кыргыз Республикасынын Укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкынын жабык бөлүгүндө ченемдик укуктук актыларды (укуктук актыларды) түзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталат.
10. УМББнын веб-версиясы веб-браузерди колдонуу менен интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармагы аркылуу колдонуучуларга ченемдик укуктук актыларга (укуктук актыларга) эркин жана акысыз жетүүсүн камсыз кылуу үчүн багытталган. УМББнын веб-версиясы ченемдик укуктук актыларды жана башка жайгаштырылган маалыматтарды издөө, көрүү жана жүктөп алуу мүмкүнчүлүгүн кыргыз жана орус тилдеринде камсыз кылат.
УМББнын веб-версиясы менен иштөө боюнча колдонуучунун колдонмосу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтында «ЧУА базасы» бөлүмүндө жайгаштырылган.