Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 7-июлу № 462
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «40 райондон 40 демилге» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди, стартаптарды тандоо
чөйрөсүндөгү айрым чечимдерин күчүн
жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларын инвентаризациялоонун алкагында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 411 «40 райондон 40 демилге» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди, стартаптарды тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 333 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 411 «40 райондон 40 демилге» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 677 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 411 «40 райондон 40 демилге» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди, стартаптарды тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 51 (3811) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |