Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
12-сессия
2026-жылдын 3-апрели № 63/XII-29
Кант шаарынын мэриясынын «Кант шаарындагы суу менен камсыздоо жана канализация тутумун калыбына келтирүү» долбоорун (II фаза) ишке ашыруу үчүн насыялык жана гранттык каражаттарды алууга макулдашуусу жөнүндө
Кант шаарынын мэри У.Б Майлибашевдин «Кант шаарындагы суу менен камсыздоо жана канализация тутумун калыбына келтирүү» долбоорун ишке ашыруу үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан инвестицияларды (насыялык жана гранттык каражаттарды) тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу боюнча баяндамасын угуп жана талкуулап, ошондой эле шаардын агынды суу тутумун калыбына келтирүү боюнча техникалык-экономикалык негиздеме менен таанышып чыгып, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-беренесинин 5-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын мэриясы «Кант шаарындагы суу менен камсыздоо жана канализация тутумун калыбына келтирүү» долбоорунун II фазасын ишке ашыруу үчүн шаардын агынды суу тутумун калыбына келтирүүгө Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан инвестицияларды (насыялык жана гранттык каражаттарды), анын ичинде гранттык бөлүгү кеминде 35% өлчөмүндө болгон каражаттарды тартсын.
2. «Кант шаарындагы суу менен камсыздоо жана канализация тутумун калыбына келтирүү» долбоорунун II фазасын ишке ашыруу үчүн техникалык-экономикалык негиздемеде сунушталган №4-инвестициялык варианты бекитилсин.
3. «Кант шаарындагы суу менен камсыздоо жана канализация тутумун калыбына келтирүү» долбоорунун II фазасы боюнча насыялык каражаттарды кайтаруу жоопкерчилиги жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен Кант шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
4. «Кант шаарындагы суу менен камсыздоо жана канализация тутумун калыбына келтирүү» долбоорунун II фазасын ишке ашыруу жоопкерчилиги Кант шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
5. Кант шаардык кеңешинин 2025-жылдын 24-декабрындагы 10-сессиясында кабыл алынган №52/X-29 «Кант шаарынын мэриясы тарабынан «Кант шаарындагы суу менен камсыздоо жана канализация тутумун калыбына келтирүү» долбоорунун II фазасын ишке ашыруу үчүн насыялык жана гранттык каражаттарды алууга макулдук берүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына (Коджакматов М.К.) жүктөлсүн.
Төрага |
| М. Бейшебаев |