Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
13-сессия
2026-жылдын 23-июну № 67/XIII-29
Кант шаарынын аймагында катуу тиричилик калдыктарын чогултуу, чыгаруу, жайгаштыруу (утилизациялоо) жана башка коммуналдык кызматтар үчүн тарифтерди бекитүү жөнүндө
Кант шаарынын бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, Кант шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 15-июнундагы №01-16/4118 катынын, ошондой эле шаар аймагында санитардык тазалоо системасынын туруктуу жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, катуу тиричилик калдыктарын өз убагында зыянсыздандырууну уюштуруу, «Кант-Тазалык» муниципалдык мекемесинин каржы-экономикалык абалын чыңдоо жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу максатында, ошондой эле иштеп жаткан тарифтерди иш жүзүндөгү чыгымдарга ылайык келтирүү зарылдыгын эске алуу менен, Кант шаарынын мэриясынын сунушун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34 жана 38-беренелерине ылайык
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын мэриясынын «Кант-Тазалык» муниципалдык мекемеси тарабынан көрсөтүлүүчү коммуналдык кызматтардын тарифтерин бекитүү боюнча сунушу жактырылсын.
2. Муниципалдык «Кант-Тазалык» мекемеси тарабынан көрсөтүлүүчү катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу, утилизациялоо жана атайын техниканын кызматтары үчүн тарифтер бекитилип, 2026-жылдын 1-июлунан тартып №1, №2 жана №3-тиркемелерге ылайык күчүнө киргизилсин,
3. Кант шаарынын мэриясы «Кант-Тазалык» муниципалдык мекемеси менен биргеликте жаңы тарифтерди киргизүү боюнча калк, ишканалар жана уюмдар арасында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына (М.К. Коджакматов) жүктөлсүн.
Төрага |
| М. Бейшебаев |
|
| Кант шаардык кеңешинин 23.06.2026-ж. №67/XIII-29 токтомунун №1-тиркемеси |
Кант шаарынын аймагындагы чарбакер субъекттер, мекемелер жана уюмдар үчүн катуу тиричилик калдыктарынын (КТК) топтолуу нормалары
№ | КТК пайда болуу булактарынын объект түрлөрү | Ченем бирдиги | Жылдык топтом нормасы (м³/жыл) |
1 | Мам.башкаруу органдарынын админ. имараттары | 1 кызматкер | 0,3 |
2 | Уюмдардын, ишканалардын ж.б. кеңсе имараттары жана жайлары | 1 кызматкер | 0,7 |
3 | Банктар, аманат банктары жана башка кредиттик жана финансылык мекемелер | 1 кызматкер | 1,1 |
4 | Ломбарддар, нотариустук кеңселер, валюта алмаштыруучу жайлар | 1 кв. м жалпы аянты | 1,5 |
5 | Нике кыюу сарайлары, ЖААКбөлүмдөрү | 1 кв. м жалпы аянты | 0,5 |
6 | Оорукана, стационарлар, эс алуу үйлөрү | 1 орун-керебет | 1,9 |
7 | Поликлиника, медборборлор, лабораториялар | 1 жолу баруу | 0,02 |
8 | Жатакана | 1 орун | 1,2 |
9 | Мектептер, лицелер, гимназиялар, окуу борборлору, кесиптик техн.окуу жайлары | 1 окуучуга | 0,3 |
10 | Техникумдар, ЖОЖдор | 1 окуучуга | 0,5 |
11 | Бала бакчалар | 1 орун | 0,7 |
12 | Музей, китепкана, архивдер | 1 жолу баруу | 0,02 |
13 | Стадиондор, оюн жана спорт ареналары | 1 орун | 0,1 |
14 | Кинотеатрлар, концерттик залдар, маданият үйлөрү | 1 орун | 0,7 |
15 | Авто жана темир жол бекеттери | 1 кв. м жалпы аянты | 0,5 |
16 | ТТС, чеберкана, авто жуучу жай, дөңгөлөк алмаштыруу | 1 кв. м жалпы аянты | 1,5 |
17 | Коомдук транспортту диспетчердик тескөө жана башкаруу борборлору | 1 кв. м жайлары | 0,5 |
18 | Авто токтотуучу жай, о.э.у. жер астындагы | 1 унаа-орун | 2 |
19 | Гараж, унаа токтотуу | 1 унаа-орун | 3,1 |
20 | Май куюучу станциялар (АЗС) | 1 кызматкер | 3,1 |
21 | Тиричилик техникасын жана компьютердик жабдууларды оңдоо, кийимди оңдоо жана тигүү, химиялык тазалоо жана кир жуучу жай кызматтары | 1 кв. м жалпы аянты | 0,5 |
22 | Интернет-клубдар, IP-телефония ж.б.у.с. | 1 орун | 0,8 |
23 | Кумар оюндары мекемелери, дискоклубдар | 1 орун | 1,4 |
24 | Чач тарач, косметикалык салондор | 1 орун | 2,2 |
25 | Мончо, сауна, фитнес-борбор, бассейндер | 1 кв. м жалпы аянты | 0,4 |
26 | Типография, басмакана ж.б.у.с. | 1 кв. м өндүрүш аянты | 0,6 |
27 | Мейманкана | 1 орун | 1,1 |
28 | Кафе, ресторан, бар, ашкана, тез татым ж.б.у.с. | 1 отуруучу орун | 1,1 |
29 | Өнөр жай жана тиричилик буюмдарын саткан дүкөндөр | 1 кв. м соода аянты | 0,6 |
30 | Чатыр, күркөлөр (газета, сувенир ж.б.у.с.) | 1 кв. м соода аянты | 0,8 |
31 | Дарыкана | 1 кв. м соода аянты | 0,5 |
32 | Азык-түлүк дүкөндөрү, универмагдар, супермаркеттер, павильондор: |
|
|
33 | —500 кв. метрге чейинки аянт | 1 кв. м соода аянты | 0,8 |
34 | —500 кв. метрден жогору аянт | 1 кв. м соода аянты | 0,5 |
35 | Күркө (газдалган суу, көчмө соода ж.б.у.с.) | 1 соода аянты | 2,2 |
36 | Базар, жарманкелер | 1 кв. м соода аянты | 0,5 |
37 | Соода-кампа жайлары, базалар | 1 кв. м соода аянты | 0,1 |
38 | Завод, фабрика, цех, комбинаттар | 1 кв. м өндүрүш аянты | 0,5 |
Эскертүү: аянты ар кандай болгон азык-түлүк соода түйүндөрү үчүн белгиленген ченемдерди тактагандыктан 33 жана 34-пункттарга 32-пункттагы мазмундун түшүндүрмөсү кошулду.
Эсептөө тартиби
Пайда болгон катуу тиричилик калдыктарынын жылдык көлөмү ар бир объекттин тиби боюнча өз-өзүнчө төмөнкү формула менен эсептелет:
Y ктк обьекттердин тибинен = Y ктк оа + Y ктк кызм. + Y ктк айм. + Y ктк бак-дарак..
№ | Шарттуу белгилери | Эсеп |
| ТЧ — катуу тиричилик калдыктарынын топтолуу ченеми (жылдык), жылына куб метр (м³/жыл). | |
1 | КТКоа — объекттин ар бир тиби үчүн катуу тиричилик калдыктарынын көлөмү. | Y КТКоа = эсептик көрсөткүчтүн мааниси (3-мамыча) × КТКнын топтолуу ченеми (4-мамыча). |
|
| Кант шаардык кеңешинин 23.06.2026-ж. №67/XIII-29 токтомунун №2-тиркемеси |
«Кант-Тазалык» муниципалдык мекемеси тарабынан көрсөтүлүүчү катуу жана суюк тиричилик калдыктарын чыгаруу жана жайгаштыруу кызматтарына
ТАРИФТЕР
№ | Көрсөтүлүүчү кызматтардын түрлөрү | Ченем бирдиги | Калк үчүн төлөм (сом менен) | Ишкана жана уюмдар үчүн тариф (сом менен) |
1. | Катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу (КТК) | 1 м³ үчүн | 214 | 367 |
2. | Бир адам үчүн бир айлык төлөм (КТК чыгаруу) | 1 адамга / айына | 32 | — |
3. | Бир адам үчүн бир айлык төлөм (КТК утилизациялоо) | 1 адамга / айына | 7 | — |
4. | Контейнерлерди эксплуатациялоо үчүн төлөм | 1 суткага | 11 | 12 |
5. | Суюк тиричилик калдыктарын (кир сууларды) ташып чыгаруу (3,6 кмден 5 кмге чейинки аралыкка). | 1 каттам үчүн | 1500 | 2000 |
|
| Кант шаардык кеңешинин 23.06.2026-ж. №67/XIII-29 токтомунун №3-тиркемеси |
"Кант-Тазалык" муниципалдык мекемесинин атайын техникасы менен көрсөтүлүүчү бир жолку кызматтардын
ТАРИФТЕРИ
№ | Атайын техникалардын аталышы | Ченем бирдиги | Тейлөө наркы (сом менен) |
1 | Самосвал | 1 каттам үчүн | 3500 |
2 | Экскаватор | 1 саат үчүн | 3500 |
3 | Жүктөгүч | 1 саат үчүн | 3500 |
4 | Автомунара | 1 саат үчүн | 1500 |
5 | Кран-манипулятор | 1 саат үчүн | 3500 |