Загрузка документа…
|
| (Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2026-жылдын 20-майындагы № 115-чуа буйругу менен бекитилди тиркеме) |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЧЕНЕМДЕРИ
55-01:2026
Курулуштагы ченемдик документтердин системасы
«ЭКСТРЕМАЛДЫК ТУРИЗМ ОБЪЕКТИЛЕРИН ДОЛБООРЛОО»
1. Колдонуу чөйрөсү
1.1 Бул ченемдер Кыргыз Республикасынын аймагында экстремалдык туризм объектилерин долбоорлоого карата талаптарды белгилейт.
1.2 Бул ченемдер асма жолдорду (зиплайн), тоо рельстүү аттракциондорун (родельбан), асма жөө жүрүүчү көпүрөлөрдү, айнек көпүрөлөрдү жана байкоо аянтчаларын, альпинисттик маршруттарды (виа феррата), асма туристтик жолдорду, көрмө платформаларын, ошондой эле экстремалдык туризмди уюштуруу жана анын иштеши үчүн арналган башка инженердик курулмаларды жана инфраструктуралык объекттерди долбоорлоого жайылтылат.
1.3 Бул ченемдер экстремалдык туризм объекттеринин долбоордук документтерин иштеп чыгууда, инженердик изилдөөлөрдү жүргүзүүдө, аларды курууда, реконструкциялоодо жана техникалык кайра жабдууда колдонулат.
1.4. Бул курулуш ченемдери туристтик, экскурсиялык, рекреациялык жана спорттук-оюн-зоок кызматтарын көрсөтүүгө арналган экстремалдык туризм объекттерине жайылтылат.
1.5. Бул ченемдердин талаптары менчигинин түрүнө карабастан, экстремалдык туризм объекттерин жаңыдан курууда, кайра курууда (реконструкциялоодо), модернизациялоодо, капиталдык оңдоодо жана техникалык кайра жабдууда милдеттүү болуп эсептелет.
2. Ченемдик шилтемелер
Экстремалдык туризм объектилерин долбоорлоодо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук документтеринин талаптарын жетекчиликке алуу зарыл:
«Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
«Кооптуу өндүрүштүк объектилердин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
«Туризм жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
«Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
«Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
«Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
«Техникалык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
ЕАЭБдин «Аттракциондордун коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламенти; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги №171 токтому менен бекитилген Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелери;
МАМСТ 25772-2021. Тепкичтердин, балкондордун, чатырлардын, тепкич марштарынын жана аянтчаларынын металл тосмолору. Жалпы техникалык шарттар;
МАМСТ 27751-2014 Курулуш конструкцияларынын жана негиздердин ишенимдүүлүгү. Эсептөөнүн негизги жоболору;
МАМСТ 30826-2014. Көп катмарлуу айнек. Техникалык шарттар;
КЧжЭ 2.01.07-85* Жүктөмдөр жана таасирлер;
КР КЧ 20-02:2024 «Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери»;
КР КЧ 32-102:2024 «Көпүрөлөр жана түтүктөр»
КР КЧ 53-01:2022 «Болот конструкциялары. Долбоорлоо ченемдери»;
КР КЧ 52-02:2022 «Бетон жана темир-бетон конструкциялары. Негизги жоболор»;
КЧжЭ 11-02-96* Курулуш үчүн инженердик изилдөөлөр;
КР КЧ 21-01:2018 «Имараттардын жана курулмалардын өрт коопсуздугу»;
КЧ КР 31-04:2018 «Коомдук имараттар жана курулмалар»;
КЧ КР 35-01:2018 «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын муктаждыктарын эске алуу менен жашоо турмушунун чөйрөсүн долбоорлоо»;
КР КЧ 12-01:2018 «Курулуштагы эмгектин коопсуздугу»;
КР КЧ 22-01:2018 «Учурдагы имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун баалоо»;
КР КЧ 35-101:2018 «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга имараттардын мерчемдик чечимдерин кабыл алууда жашоо-турмуш чөйрөсүн камсыздоо».
Э с к е р т ү ү – Бул курулуш ченемдерин колдонууда шилтеме берилген ченемдик документтердин Кыргыз Республикасынын аймагындагы колдонулушун Стандартташтыруу боюнча улуттук органдын жана Курулуш министрлигинин үстүбүздөгү жылы жарыяланган тиешелүү маалыматтык көрсөткүчтөрү боюнча текшерүү зарыл. Эгерде шилтеме берилген документ алмаштырылса (өзгөртүлсө), анда бул курулуш ченемдерин колдонууда алмаштырылган (өзгөртүлгөн) ченемдик документти жетекчиликке алуу керек. Эгерде шилтеме берилген документ алмаштырылбастан жокко чыгарылса, анда ага шилтеме берилген жобо бул шилтемеге тиешеси жок бөлүгүндө колдонулат.
3. Терминдер жана аныктамалар
Бул курулуш ченемдеринде төмөнкү негизги терминдер колдонулат:
Асма жолдор (зиплайн) – бийиктик бурчу менен тартылган трос боюнча адам атайын асма система (роликтик блок, коопсуздук каражаттары) аркылуу жогорку ылдамдыкта жылып түшүүчү туристтик аттракцион болуп саналат. Бул учурда бийиктик айырмаларын басып өтөт.
Тоо рельстүү аттракциондору (родельбан) – жеке же эки орундуу арабалар жүрүүчү кууш рельстүү тутуму бар трассалар. Төмөн карай түшүү оордук күчүнүн таасири астында ишке ашат, ал эми ылдамдык тормоздук тутум аркылуу башкарылат, бул ийри-буйру маршруттардан коопсуз өтүүнү камсыз кылат.
Асма жөө жүрүүчү көпүрөлөр – жердин же суу тоскоолдуктарынын үстүндө кармалып турган, тросторго же канаттарга бекитилген көпүрөлөр. Алар туристтерге тоскоолдуктарды басып өтүүгө мүмкүндүк берет, ошону менен бирге баскан учурда конструкциянын чайпалып, «жогорулатылган динамикалык жана визуалдык кабылдоо жүктөмдөрүн жараткан» эффектин жаратат.
Айнек көпүрөлөр жана көрмө платформалары – бут алдындагы мейкиндикти жана курчап турган ландшафтты көрүүгө мүмкүндүк берүүчү, тунук айнек төшөлмөсү бар конструкциялар. Алар коопсуздукту курч сезимдер менен айкалыштырып, бийиктикти жана кооздукту сезүүнү күчөтөт.
Альпинисттик маршруттар (виа феррата) – белгиленген камсыздандыруу элементтери: металл тепкичтер, тростор жана бекиткичтер менен жабдылган аска маршруттары. Алар аскага чыгуунун баштапкы көндүмдөрү бар туристтерге тик аскаларды жана аска дубалдарын коопсуз басып өтүүгө мүмкүндүк берет.
Инженердик курулмалар жана инфраструктуралык объектилер - бул аймактардын туруктуу иштешин камсыз кылган капиталдык курулуш объектилеринин жана инженердик тутумдардын жыйындысы, анын ичине транспорттук, энергетикалык, коммуналдык жана башка инфраструктуралар камтылат.
Асма туристтик жолдор – канаттардын жана төшөлмөлөрдүн жардамы менен жер үстүндө, эреже катары көбүнчө токой кроналары же капчыгайлар аркылуу курулган сокмолор. Алар татаал жерлерде коопсуз жүрүүгө шарт түзөт жана ошол эле учурда табияттын үстүндө «учуу» эффектин жаратат.
Көрмө платформалары – ландшафтты көрүүгө арналган, бийик жерлерде же табигый объекттердин үстүндө жайгашкан атайын жабдылган платформалар. Алар тосмолор менен камсыздалышы мүмкүн, айрым учурларда көркөм визуалдык таасир жаратуу үчүн тунук элементтер менен курчап турган ландшафтты панорамалык көрүүнү камсыз кылуу үчүн жабдылат.
Төшөлмө (настил) - жумушчу же жөө жүрүүчү бетти түзүүгө жана тирөөч констукцияларын жүктөмдөрүн бөлүштүрүүгө багытталган, жыгачтан, металлдан же башка материалдардан жасалган горизонталдык конструктивдик элемент.
Экстремалдык туристтик объект – активдүү жана экстремалдык туризм түрлөрүн уюштурууга арналган инженердик курулуш же курулуштар комплекси.
Экстремалдык туризм — бул атайын даярдыкты, жабдууларды жана коопсуздук чараларын сактоону талап кылган, жогорку тобокелдик шартында, физикалык жүктөмдөр же жаратылыштын татаалдыгы шартындагы саякаттар жана активдүү эс алуу менен байланышкан туризмдин түрү.
Экстремалдык инженердик курулуштар - бул жогорку жүк, татаал рельеф, ыңгайсыз табигый факторлор шартында пайдаланууга арналган инженердик конструкциялар жана инфраструктуралык объектилер, ошондой эле тобокелдиктердин жана активдүү эс алуунун жогорку деңгээлине байланыштуу иш-аракеттерди уюштуруу үчүн колдонулат.
4. Жалпы долбоорлоо талаптары
4.1. Долбоорлоону уюштуруу
Экстремалдык туризм объектилерин долбоорлоо жогорку тобокелдиктеги объектилерди жана экстремалдык инженердик курулмаларды долбоорлоого жарактуу лицензиясы бар адистештирилген долбоорлоо уюмдары тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш.
4.2. Дизайндын негиздери долбоордук документтер төмөнкүлөрдүн негизинде иштелип чыгат:
4.2.1. Инженердик-геологиялык жана гидрологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары, алар топурактын касиеттерин, эңиштердин туруктуулугун, жер астындагы суулардын бар экендигин жана мүмкүн болгон геологиялык коркунучтарды аныктайт;
4.2.2. Трассаларды так пландаштырууну, объекттерди жана инженердик курулуштарды жайгаштырууну камсыз кылган масштабдагы топографиялык тартуулардын маалыматтары;
4.2.3. Аймактын сейсмикалуулугу жана башка табигый таасирлер (шамал жүктөмдөрү, кар жана муз жүктөмдөрү) жөнүндө маалыматтар;
4.2.4. Табигый коркунучтарды талдоо, анын ичинде кар көчкүлөрү, таш кулоолору, жер көчкү, сел агымдары жана климаттын объекттердин эксплуатациясына тийгизе турган мүмкүн болгон таасири;
4.2.5. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы курулуш ченемдеринин талаптары, ошондой эле зарыл болгон учурда эл аралык коопсуздук стандарттары.
4.2.6. Иштелип жаткан жер участогунда тарыхый жана маданий мурас объекттеринин бар же жок экендиги жөнүндө корутунду.
4.3. Негизги долбоорлоо талаптары Экстремалдык туризм объектилерин долбоорлоодо төмөнкүлөр камсыздалууга тийиш:
4.3.1. Конструкциялардын механикалык бекемдиги жана туруктуулугу, анын ичинде бардык тирөөч элементтердин жана тирөөчтөрдүн статикалык жана динамикалык туруктуулугу;
4.3.2. Кардарлардын жана персоналдын коопсуздугу, анын ичинде кулап кетүүнү, жаракат алууну жана ден соолукка башка коркунучтарды алдын алуу;
4.3.3. Камсыздандыруу (коопсуздук) системаларынын, аркандардын, бекиткич элементтердин жана көмөкчү жабдуулардын ишенимдүүлүгү жана узак мөөнөттүү кызмат кылуусу;
4.3.4. Эвакуация жана куткаруу иштерин жүргүзүү мүмкүнчүлүгү, анын ичинде авариялык маршруттардын, эвакуациялык аянтчалардын жана куткаруу кызматтарынын жеткиликтүүлүгүнүн болушу;
4.3.5. Эксплуатациялык факторлорду эске алуу, анын ичинде сезондук жана убактылуу жүктөмдөр, конструкциялардын эскириши жана объекттердин абалын контролдоо үчүн жабдуулар;
4.3.6. Айлана-чөйрөгө минималдуу таасир этүү, экологиялык талаптарды сактоо жана табигый ландшафтты коргоо;
4.3.7. «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо жана коргоо.
4.3.8. Кардарларды туристтик тейлөө шарттарын камсыз кылуу, анын ичинде туристтик инфраструктура объекттерин, навигацияны, күтүү зоналарын, санитартык-тиричилик жайларын жана алгачкы медициналык жардам пункттарын жайгаштыруу.
4.3.9. Аймактын архитектуралык-ландшафттык өзгөчөлүктөрүн, улуттук маданияттын элементтерин жана экстремалдык туризм объекттерин курчап турган табигый чөйрөгө интеграциялоо (айкалыштыруу) боюнча талаптарды эсепке алуу.
4.3.10. Кардарлардын агымын жөнгө салууну камсыз кылуу, анын ичинде күтүү зоналарын уюштуруу, туристтик агымдарды бөлүштүрүү жана объектке түшкөн жол берилүүчү эксплуатациялык жүктөмдүн ашып кетишине жол бербөө.
4.3.11. Кардарларды санариптик жана маалыматтык коштоонун шарттарын камсыз кылуу, анын ичинде электрондук маалыматтык системаларды, QR-навигацияны жана ыкчам кабарлоо каражаттарын жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү.
4.3.12. Объекттердин туристтик жагымдуулугунун талаптарын эсепке алуу, анын ичинде экстремалдык туризм объекттерин аймактын туристтик инфраструктурасына жана туристтик маршруттарына интеграциялоо.
4.4. Экстремалдык туризм объекттеринин долбоору долбоордук документтердин төмөнкү бөлүмдөрү камтылууга тийиш:
4.4.1. Жүктөмдөрдү эсептөө - статикалык, динамикалык, кар, шамал, сейсмикалык жана эксплуатациялык;
4.4.2. Адамдардын, арабалардын, канаттардын жана башка кыймылдуу элементтердин кыймылын эсепке алуу менен конструкцияларга жана маршруттардын элементтерине тийгизген динамикалык таасирлерди эсептөө;
4.4.3.Потенциалдуу авариялык кырдаалдарды аныктоону жана аларды алдын алуу боюнча чараларды камтыган эксплуатациялоо тобокелдиктерин талдоо;
4.4.4. Платформаларды, көпүрөлөрдү, зиплайн трассаларын, родельбандарды жана альпинисттик маршруттарды камтыган объекттерди жана инженердик тутумдарды жайгаштыруу планы;
4.4.5. Чиймелер, схемалар жана материалдардын, жабдуулардын жана конструктивдик элементтердин спецификациялары;
4.4.6. Кызматкерлерге коюлган талаптарды жана коопсуздукту контролдоо тутумун камтыган монтаждоо, эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө боюнча нускамалар;
4.4.7. КР КЧ жана өрт коопсуздугунун ченемдерине ылайык келген өрткө каршы жана антитеррордук коопсуздук чаралары;
4.4.8. Эвакуациялоо жолдорун жана пункттарын, медициналык жардам көрсөтүү жана байланыш пункттарын көрсөтүү менен шашылыш эвакуациялоо жана куткаруу иш-чараларынын планы.
4.4.9. Күтүү зоналарын, кыймыл маршруттарын, нускама берүү пункттарын жана кардарлар топтолгон жерлерди көрсөтүү менен алардын кыймылын уюштуруунун схемасы.
4.4.10. Кардарларды маалыматтык коштоо боюнча чечимдер, анын ичинде эскертүүчү белгилерди, электрондук таблолорду, маршруттардын схемаларын жана навигациялык көрсөткүчтөрдү жайгаштыруу.
4.4.11. Объектти эксплуатациялоо мезгилинде экологиялык мониторинг жүргүзүү жана калдыктар менен иштөө боюнча иш-чаралар.
4.5. Долбоорлоонун сапатын контролдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, анын ичинде тиешелүү техникалык регламенттерге жана Кыргыз Республикасынын аттракциондордун коопсуздук эрежелерине ылайык жүргүзүлөт.
5. Объектилерди жайгаштыруу талаптары
5.1. Жалпы жоболор
Экстремалдык туризм объектилерин жайгаштыруу төмөнкүлөрдү эске алуу менен жүргүзүлүүгө тийиш:
5.1.1. Жердин рельефи – трассаларды, аянтчаларды жана курулуштарды тандоо эңиштерди, бийиктик айырмаларын, эрозиялык процесстерди жана ландшафттын геометриялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жүргүзүлүүгө тийиш;
5.1.2. Геологиялык шарттар – эңиштердин туруктуулугун, топурактын мүнөзүн, жаракалардын жана жер көчкү зоналарынын бар экендигин талдоо;
5.1.3. Аймактын сейсмикалуулугу – объекттерди долбоорлоо Кыргыз Республикасынын КР КЧ 20-02:2024 «Жер титрөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери» талаптарына ылайык жүргүзүлүүгө тийиш, анын ичинде конструкцияларды тиешелүү класстагы сейсмикалык таасирлерди эсептөө;
5.1.4. Климаттык факторлор – температуранын өзгөрүшү, жаан-чачындын түшүшү, нымдуулук, күндүн инсоляциясы, муз катуу ыктымалдыгы;
5.1.5. Шамал жана кар жүктөмдөр — конструкцияларды эсептөөдө жүктөмдөр жана таасирлер боюнча колдонуудагы ченемдик талаптарды эске алуу менен, аталган регионго мүнөздүү болгон шамалдын басымы жана кардын жүктөмдөрү эсепке алынууга тийиш.
5.2. Объекттерди жайгаштыруу боюнча чектөөлөр экстремалдык туризм объекттерин жайгаштырууга жол берилбейт:
5.2.1. Тирөөч элементтердин бузулуу коркунучу бар, активдүү жер көчкүлөр болгон аймактарда;
5.2.2. инженердик коргоочу курулмаларды колдонбостон, кар көчкү болушу мүмкүн болгон жерлерде;
5.2.3. Таш кулаган же тоо тектеринин массивдеринин урап түшүү учурлары болгон жерлерде, эгерде торлор, тосмолор жана тоо тектерин кургатуу каналдары сыяктуу атайын коргоо чаралары каралбаса;
5.2.4. Коргоо иштерин жүргүзбөстөн, суу ташкыны же жээк эрозиясынын коркунучу бар гидрографиялык объектилердин жанында.
5.2.5. Тарыхый жана маданий мурас объектилерине жана алардын корук аймактарына жакын жайгашкан аймактарда.
5.3. Объектти жайгаштыруу долбооруна коюлуучу талаптар долбоордук документтерде төмөнкү коопсуздук жана эксплуатациялык элементтер камтылууга тийиш:
5.3.1. Шашылыш эвакуация жолдору- кыймылдын багытын, минималдуу эңкейиштерин жана кардарлардын жана кызматкерлер үчүн коопсуз түшүү мүмкүнчүлүгүн так көрсөтүү менен;
5.3.2. Куткаруу жайлары- куткаруу кызматтары жана жабдуулары үчүн жеткиликтүү жабдылган аймактар, биринчи медициналык жардам пункттарын жана авариялык жабдууларды жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү менен;
5.3.3. Байланыш жана кабарлоо системалары- радио байланыш, үн күчөткүчтөр, сигналдык маяктар, коопсуз жүрүм-турум боюнча нускамалар жана өзгөчө кырдаалдар жөнүндө кабарлоо баракчалары;
5.3.4. Коргоочу инженердик чаралар - тосмолор, барьерлер, тирөөч дубалдар, жер көчкүгө жана кар көчкүгө каршы курулмалар;
5.3.5. Маалымат белгилери- кооптуу аймактарды, эвакуация жолдорун жана объектте жүрүм-турум эрежелерин көрсөткөн белгилер.
5.3.6. Кирүүчү жолдор, коопсуз жөө жүрүүчү өтмөктөр, унаа токтотуучу мейкиндиктери жана келүүчүлөр үчүн навигациялык көрсөткүчтөр.
5.3.7. Курчап турган чөйрөгө тийгизген таасирди минималдаштыруу боюнча иш-чаралар, анын ичинде жашыл өсүмдүктөрдү сактоо, калдыктарды чогултуу жана алып чыгуу тутумдарын уюштуруу, ошондой эле кыртыштын жана суу объекттеринин булганышына жол бербөө.
5.3.8. Санитардык-тиричилик жайларын, эс алуу зоналарын, алгачкы медициналык жардам пункттарын, коомдук тамактануу жана келүүчүлөргө сервистик кызмат көрсөтүү объекттерин жайгаштыруу жерлери.
5.3.9. Аба ырайынын жагымсыз шарттарында же курулмаларга түшкөн жол берилүүчү жүктөм ашып кеткен учурда келүүчүлөрдүн объектке кирүүсүн жөнгө салуу жана чектөө тутумдары.
5.3.10. Видеобайкоо, байланыш жана авариялык кабарлоо тутумдарын жайгаштыруу үчүн аянтчалар жана техникалык зоналар.
5.4. Объектилерди жайгаштыруу долбоору төмөнкүлөргө тийиш:
- архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча тийиштүү мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан текшерүүгө;
- кардарлар жана кызматкерлер үчүн мүмкүн болгон тобокелдиктерди анализдөөгө;
- жаратылыш чөйрөсүнө жана ландшафтка тийгизген таасирин баалоого.
6. Зиплайн долбоорлоо боюнча талаптар
6.1. Зиплайндын конструкциясы
- Зиплайндын конструкциясы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- динамикалык жана статикалык жүктөмдөр эсепке алынган тирөөч аркандары (же трос);
- туруктуу кыртыштарга же пайдубалга бекитилген анкер тирөөчтөрү;
- старттык жана фиништик платформалар;
- түшүүнү коопсуз аяктоо үчүн тормоз системасы;
- колдонуучу жана тейлөөчү кызматкерлер үчүн камсыздандыруу системасы.
6.2. Тирөөч аркандарын эсептөө
Тирөөч аркандарды эсептөө төмөнкүлөрдү эске алуу менен жүргүзүлүүгө тийиш:
- коопсуздук коэффициенти менен колдонуучунун салмагы;
- ишке киргизүү, кыймылдоо жана тормоздоо учурундагы динамикалык жүктөмдөр;
- шамалдын таасири жана аркандын мүмкүн болгон термелүүсү;
- материалдын температуралык өзгөрүүлөрү.
6.3. Бекемдик корунун коэффициенти
Аркандардын жана көтөрүүчү элементтердин бекемдик запасынын коэффициенти 5тен кем болбоого тийиш, ошондой эле бардык элементтер металлдын көп убакыт иштешине жана эскиришине милдеттүү түрдө текшерилиши зарыл.
6.4. Платформалар
Старттык жана фиништик платформалар төмөнкүлөргө ээ болууга тийиш:
- бийиктиги 1,2 мден кем эмес тосмолор;
- тайгаланууга каршы жабуу;
- персонал жана колдонуучулар үчүн коопсуздук (страховка) системасы;
- платформага коопсуз отуруу жана түшүү мүмкүнчүлүгү.
7. Родельбанды долбоорлоого карата талаптар
7.1. Конструкциясы жана трассасы
Родельбандды долбоорлоодо төмөнкүлөр каралууга тийиш:
- арабалардын коопсуз кыймылы үчүн бурулуш радиустарын эсептөө;
- арабалардын кыймылынын максималдуу жол берилген ылдамдыгын эсептөө;
- автоматтык тормоздоо системасын орнотуу;
- трассанын бардык узундугу боюнча коргоочу тосмолорду камсыздоо.
7.2. Трассанын коопсуздугу
Трасса төмөнкүлөр менен камсыздалууга тийиш:
- критикалык участоктордо авариялык токтотуу зоналары;
- бурулуштарда жана түшүү бөлүктөрүндө бийиктиги 1,2 мден кем эмес коргоочу тосмолор;
- рельстер орнотулган жерлерде эңишти бекемдөө үчүн тирөөч конструкциялар.
7.3 Рельстерди долбоорлоого конструктивдүү талаптар
Рельстердин конструкциясы төмөнкүлөргө туруктуулукту камсыз кылууга тийиш:
- толук жүк менен арабаларды жылдырууда динамикалык жүктөмдөр;
-температуранын деформациялары жана атмосфералык шарттардын таасири;
- механикалык эскирүү жана коррозия.
8. Асма жана айнек көпүрөлөргө коюлуучу талаптар
8.1. Жүктөмдөр жана эсептөөлөр
Асма жана айнек көпүрөлөрдү долбоорлоо төмөнкүлөрдү эске алуу менен жүргүзүлүүгө тийиш:
- көпүрөнүн бардык узундугу боюнча жана айрым участоктору үчүн жөө жүрүү жүктөмүн эсептөө;
- аймакка мүнөздүү шамал жана кар жүктөмдөрү;
-Учурдагы курулуштардын имараттарынын жер титирөөгө туруктуулугун баалоо» КР КЧ (курулуш ченемдери) ылайык сейсмикалык таасирлер.
8.2. Конструктивдик чечимдер
- көпүрөлөрдүн тирөөч конструкциялары Кыргыз Республикасынын «Көпүрөлөр жана түтүктөр» боюнча ченемдерине ылайык эсептелүүгө тийиш;
- бардык металл конструкциялар коррозияга каршы коргоо менен жабдылышы зарыл;
- айнек элементтер көп катмарлуу чыңдалган триплекстен жасалып, бекемдик запасынын коэффициенти 4төн кем болбоого тийиш;
- көпүрөлөрдүн тосмолору кулап кетүүдөн коргоо менен, бийиктиги 1,2 мден кем эмес болушу зарыл.
9. Альпинисттик маршруттарга коюлуучу талаптар
9.1. Маршруттун элементтери
Альпинисттик маршруттар төмөнкү жабдуулар менен камсыздалууга тийиш:
-туруктуу (стационардык) коопсуздук аркандары;
-анкердик болттор жана илгичтер;
-маршруттун татаалдыгына жараша ар 10–20 м аралыкта аралык коопсуздук чекиттери;
-маршруттун татаалдыгы категориясы көрсөтүлгөн маалымат такталары.
9.2. Конструктивдик талаптар
-маршруттун бардык металл элементтери коррозияга каршы каптоо менен жабдылышы зарыл;
-бекиткичтер кеминде 2–3 тонна жүктөмдү көтөрүүгө жөндөмдүү болуу зарыл;
- болот элементтери «Болот конструкциялары. Долбоорлоо ченемдери» КР КЧ (курулуш ченемдери) талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
10. Асма туристтик жолдорго карата талаптар
10.1. Жолдун конструкциясы
- Асма жолдордун көтөрүүчү аркандары, төшөлмөсү жана тосмолору болушу керек;
- Тосмолор — бийиктиги 1,2 м кем эмес, кошумча аралык тростору менен болууга тийиш.
10.2.Жүктөмдөрдү эсептөө
-Долбоордук жүктөм — төшөлмөнүн 1 м² аянтына 5 адамдан кем эмес;
-Бекемдик запасынын коэффициенти — бардык тирөөч элементтер үчүн 4төн кем эмес;
-Шамал, кар жана сейсмикалык жүктөмдөрдү эсепке алуу зарыл.
10.3. Коопсуздук жана эксплуатациялоо
-жолдо колдонуучуларды камсыздандыруу үчүн болууга тийиш;
-Куткаруу кызматтары үчүн авариялык өтмөктөр жана аянтчалар каралышы керек;
-Жолдун конструкциясы анын абалын контролдоо жана үзгүлтүксүз техникалык тейлөө жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.
Эксплуатациялоочу уюмдар туристтик кызматтардын тийиштүү сапатын, кардарлардын коопсуздугун, туристтердин мүлкүнүн сакталышын жана туризм чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.
11. Көрмө платформаларына коюлган талаптар
11.1. Курулуш жана тирөөч элементтер
- платформалар стационардык болууга жана фундаментке же конструкциянын туруктуулугун камсыз кылган башка тирөөч негизге ишенимдүү бекитилиши керек;
- Тирөөч элементтер - коррозияга каршы коргоосу бар металл же темир-бетон;
- Курулмаларды эсептөө - жөө жүргүнчүлөрдүн жүгүн, шамалдын жана кардын жүгүн эске алуу менен.
11.2. Колдонуучунун коопсуздугу
- Бийиктиги кеминде 1,2 м түзгөн тосмолор;
- Тайгалакка каршы пол жабуу;
- Авариялык тепкичтер жана чыгуулар каралган;
- Видеобайкоо жана сигнализация системасын орнотуу мүмкүнчүлүгү;
- кардарларга аба ырайынын шарттары, эксплуатациялоонун убактылуу чектөөлөрү жана өзгөчө кырдаалдар жөнүндө маалымдоо тутумдары;
- экстремалдык туризм объектисине киргизүү алдында кардарларга нускама берүү зоналары;
- кирүүнү контролдоо жана кардарларды эсепке алуунун техникалык каражаттары.
11.3. Кошумча талаптар
- платформаларда инструктаж өткөрүү зоналары жана маалыматтык такталар (таблолор) болууга тийиш;
- кооптуулугу жогору болгон жерлерде коргоочу торлор жана тосмолор орнотулат;
— конструкциялардын жана жабдуулардын абалын туруктуу негизде текшерип туруу камсыз кылынат.
11.3.1. Кардарлардын кыймыл маршруттары, объектти пайдалануу эрежелери, жаш курагына, боюна, салмагына жана ден соолугунун абалына карата чектөөлөр жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар учурундагы аракеттер жана шашылыш кызматтардын байланыш маалыматтары жөнүндө маалыматтарды жайгаштырууга карата талаптар белгиленет.
11.3.2. Маалыматты мамлекеттик жана расмий тилдерде жайгаштырууну караган, зарыл учурда чет тилдерде кайталанышы мүмкүн болгон тилдик тариздөөгө талаптар белгиленет.
12. Коопсуздук талаптары
12.1. Коопсуздук боюнча долбоордук документтердин мазмуну Экстремалдык туризм объектилеринин долбоордук документтери кардарлардын, кызматкерлердин жана иштөө процессинин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бир катар чаралардын жана эсептөөлөрдүн жыйындысы камтылууга тийиш. Тактап айтканда:
12.1.1. Тобокелдиктерди баалоо
Жер-жерлерде бардык мүмкүн болгон коркунучтарды, анын ичинде бийиктиктен кулап түшүүлөрдү, кар көчкүлөрүн, таш кулоолорду, курулуштардын урап түшүүсүн жана зиплайндарда, родельбандарда, көпүрөлөрдө жана альпинизм жолдорунда кырсыктарды аныктоо;
Өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу ыктымалдуулугун жана алардын мүмкүн болгон кесепеттерин талдоо;
Тобокелдиктердин алдын алуу же минималдаштыруу боюнча чараларды иштеп чыгуу, анын ичинде долбоордук чечимдерди, коргоочу тосмолорду, коопсуздук системаларын жана уюштуруу чараларын иштеп чыгуу.
12.1.2. Эвакуация жана куткаруу планы
Кардарлар жана кызматкерлер үчүн так белгиленген авариялык жолдор;
Ар бир объекттеги авариялык чыгуулар жана эвакуациялык зоналар;
Медициналык жардам пункттары жана жайгашкан жерлери;
Асма жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдорду, көпүрөлөрдү, зиплайндарды жана родельбандарды кошо алганда, ар бир мекемеге куткаруу кызматтарынын жеткиликтүүлүгү;
Өзгөчө кырдаалдар жөнүндө кабарлоо системасы, анын ичинде үн күчөткүчтөр, сигнализациялар жана маалымат такталары.
12.1.3. Эксплуатациялоо боюнча нускамалар
- объекттерди коопсуз эксплуатациялоо боюнча персоналга этап-этабы менен нускамалар;
- ар бир экстремалдык туризм объектисиндеги жүрүм-турум эрежелерин сүрөттөгөн кардарлар үчүн колдонмолор;
- камсыздандыруу үчүн милдеттүү жабдуулардын тизмеси жана аны туура колдонуу;
- бардык курулмаларды жана механизмдерди техникалык тейлөө жана мезгил-мезгили менен текшерүү эрежелери.
12.1.4. Туристтик агымдарды башкаруу боюнча иш-чаралар:
- кардарлардын жол берилүүчү санын аныктоо;
- объекттин айрым тилкелеринде адамдардын топтолуп кетишине жол бербөө боюнча чаралар;
- коопсуздукка коркунучтар жаралган учурда кирүүнү убактылуу чектөөнүн тартиби.
12.1.5. Экологиялык коопсуздук боюнча иш-чаралар:
- калдыктарды сорттоп (өзүнчө) чогултууну уюштуруу;
- табигый аймактын булганышына жол бербөө;
- объектти куруудан жана эксплуатациялоодон кийин бузулган ландшафтты калыбына келтирүү боюнча иш-чаралар.
12.2. Ишке киргизүүнүн алдында сыноо жана текшерүү
Экстремалдык туризм объектилерин иштетүүнү баштоодон мурун төмөнкү чаралар көрүлүүгө тийиш:
12.2.1. Түзүмдүк сыноо
- тирөөч конструкциялардын (аркандардын, рельстердин, көпүрөлөрдүн, платформалардын) статикалык жана динамикалык сыноолору;
- бекиткичтердин, таянычтардын, пайдубалдардын жана бириктирүүчү элементтердин туруктуулугун жана бекемдигин текшерүү;
- долбоордук жүктөмдөрдүн жана коопсуздук факторлорунун сакталышын контролдоо.
12.2.2. Коопсуздук системаларын жана жабдууларын текшерүү
- аркандарды, карабиндерди, кабелдерди, тормоздук системаларды, бекиткичтерди жана коргоочу тосмолорду сыноо;
- авариялык тормоздордун жана сигнал берүүчү түзүлүштөрдүн иштешин текшерүү;
- бардык элементтердин Кыргыз Республикасынын Курулуш ченемдеринин жана эл аралык коопсуздук стандарттарынын талаптарына шайкештигин контролдоо.
12.2.3. Техникалык экспертиза
Объекттин Кыргыз Республикасынын колдонуудагы курулуш ченемдерине шайкештигин ырастоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, анын ичинде ЕАЭБдин тиешелүү «Атракциондордун коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги №171 токтому менен бекитилген Аттракциондордун коопсуз эксплуатациялоо боюнча эрежелерге ылайык жүргүзүлөт.
12.3. Коопсуз эксплуатациялоону уюштуруу
- бардык жайлар коопсуздук боюнча окуган жана нускамадан өткөн кызматкерлер тарабынан тейленүүгө тийиш;
- иштөө журналын жүргүзүү жана объектилердин техникалык абалын жазуу камсыздалат;
- курулмалардын жана жабдуулардын абалын үзгүлтүксүз текшерүүлөр иштөө сезонунда кеминде бир жолу жүргүзүлөт;
- эгерде кемчиликтер же бузулуулар аныкталса, анда бузуулар оңдолгонго чейин объекттин иши токтотулат.
- кардарларды маалыматтык коштоо жана кабарлоо тутумдарынын иштешин камсыз кылуу;
- өзгөчө кырдаалдар учурундагы аракеттер боюнча кызматкерлерге мезгил-мезгили менен нускама өткөрүү;
- объекттеги навигациялык, эскертүүчү жана маалыматтык көрсөткүчтөрдүн абалын контролдоо.
13. Корутунду жоболор
13.1. Долбоордук документтерди координациялоо
13.1.1.Экстремалдык туризм объектилеринин долбоордук документтери мыйзамда белгиленген тартипте жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы КЧжЭге ылайык милдеттүү түрдө бекитилүүгө тийиш.
13.1.2. Макулдашуу архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырылат жана төмөнкүлөрдү текшерүүнү камтыйт
- долбоордук чечимдердин учурдагы курулуш ченемдерине шайкештиги;
- тирөөч конструкцияларды, динамикалык таасирлерди жана коопсуздук коэффициенттерин эсептөө;
- кардарлардын жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралардын болушу жана толуктугу;
- долбоордук документтердин өрт коопсуздугу, эмгекти коргоо жана өнөр жай коопсуздугу талаптарына шайкештиги;
- айлана-чөйрөгө жана жаратылыш ландшафтына келтирилүүчү тобокелдиктердин алдын алуу жана аларды минималдаштыруу боюнча чаралар.
13.2. Экплуатациялоого киргизүү шарттары
13.2.1. Экстремалдык туризм объектилерин экплуатациялоого төмөнкүлөрдөн кийин гана уруксат берилет:
- бардык курулмаларды курууну же орнотууну аяктоо;
- бардык зарыл болгон текшерүүлөрдү жана сыноолорду жүргүзүү;
- макулдашууну алуу;
- объектини эксплуатацияга берүү үчүн мыйзамда белгиленген тартипте каттоодон өткөрүү.
13.2.2. Эксплуатациялоо коопсуз эксплуатациялоо боюнча иштелип чыккан нускамаларга, эвакуация пландарына, техникалык тейлөө эрежелерине жана конструкциялардын абалын контролдоого ылайык жүргүзүлүшү керек.
13.2.3. Эксплуатациялоо убагында конструкцияда же жабдууда эреже бузуулар табылган учурда табылган кемчиликтер толук жоюлганга жана коопсуздукту кайталап текшерүү жүргүзүлгөнгө чейин объект убактылуу токтотулууга тийиш.
13.3. Эрежелердин сакталышын контролдоо
Экстремалдык туризм объектилериндеги ушул Эрежелердин жана коопсуздук талаптарынын сакталышын төмөнкүлөр контролдойт:
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар;
- өнөр жай жана өрт коопсуздугу үчүн жооптуу органдар;
- күнүмдүк экплуатациялоо учурунда объектилердин жетектеген персоналы.
Бул Курулуш ченемдеринин талаптарын бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.