Редакцияот 08.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз X сессиясы

 

2025-жылдын 8-августундагы №49

 

Үч-Терек айыл өкмөтүндөгү участкалык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоо жөнүндө

«Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу участкалык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоо максатында сунушталган курамды карап, бекитип берүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Омуркановдун 2025-жылдын 6-августундагы чыгыш №143 сандуу сунушун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз X сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Омуркановдун 2025-жылдын 17-мартындагы чыгыш №67 сандуу сунушу эске алынсын.

 

2. Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу №2245, №2246, №2247 жана №2248 шайлоо участкаларында шайлоо комиссияларынын резервдеринин курамы бекитилсин.

 

3. Бекитилген курамдын тизмесин Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүү жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы З.Кигаровага жүктөлсүн.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

   5. Бул токтомду Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.

 

 6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага

 

            Г. Маленов