Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 14-июлу № 111
«Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
«Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин-Тоо» гезити, 2022-жылдын 5-апрели, № 32) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеде:
а) 3-пунктта:
– «б»–«г» пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы «е» пунктчасы менен толукталсын:
«е) 2021-жылдын 1-декабрына чейин түзүлгөн, жеке турак үйлөр, анын ичинде курулушу бүтө элек объектилер жайгашкан, башаламан курулуштар бар участоктордун тобунун курамына кирген, ошондой эле 2025-жылдын 1-июлун кошуп алганга чейин берилген жарандардын арыздары боюнча кандайдыр бир курулмалары жок жер участоктору;»;
б) 6-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
«7) башаламан курулуштар бар участоктордун тобунун курамына кирген жер участоктору – 2021-жылдын 1-декабрына чейин жеке турак үйлөр (анын ичинде курулушу бүтө элек объектилер) курулган жер участокторунун жыйындысы, ошондой эле бири бирине чектешкен жана (же) аймактык жактан байланышкан бирдиктүү тышкы чек араларын аныктоону талап кылуучу, кандайдыр бир курулмалары жок жер участоктору.»;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 51-берене менен толукталсын:
«51-берене. Жер участокторун легалдаштыруу маселелерин кароо боюнча
мамлекеттик комиссия
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен Жер участокторун легалдаштыруу маселелерин кароо боюнча мамлекеттик комиссия түзүлөт (мындан ары - Мамлекеттик комиссия).
2. Мамлекеттик комиссия 2021-жылдын 1-декабрына чейин түзүлгөн, кандайдыр бир курулмалары жок, башаламан курулуштар бар участоктордун тобунун курамына кирген жер участокторун легалдаштыруу маселелерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер участокторун мамлекеттик менчикке алып коюу маселелерин карайт.
3. Мамлекеттик комиссиянын иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.";
3) 10-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Ушул Мыйзамдын 2-беренесинде көрсөтүлгөн жер участоктору, ошондой эле аларга жанаша жайгашкан каттам жолдору катары же болбосо маданий-тиричилик керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн иш жүзүндө пайдаланылуучу жерлер (жолдор, көчөлөр, тротуарлар, жол боюндагы жер тилкелери, жашыл өсүмдүктөр, автомобиль жолдорунун боюнда жайгашкан жана жээктеп өткөн арык жана башка сугат түйүндѳрү, өтмөктөр, токой парктары, эс алуу парктары, бульварлар, скверлер жана башкалар), багбанчылык-дачалык жер участокторун кошпогондо, жергиликтүү мамлекеттик администрация же шаардын мэриясы тарабынан жер мунапысынын объекттерине туура келген жерлердин тизмегин бекитүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулду (трансформацияланды) деп эсептелет.».
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 17-июлундагы № 53 (3813) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |