Редакцияот 21.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыя шаардык кенешинин XXV сессиясы (VIIIчакырылыш)

2026-жылдын 21-майы №25/109

 

Кызыл–Кыя шаарынын “Кызыл–Кыя Сууканал” муниципалдык мекемесинин ичүүчү сууга жана сыркынды сууга тарифине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

 

Кызыл-Кыя шаарынын “Кызыл–Кыя Сууканал” муниципалдык мекемесинин ичүүчү сууга жана сыркынды сууга тарифи  Кызыл-Кыя шаарыдык кенешинин 2025-жылдын 19-августундагы № 13/52 токтому менен  бекитилген. Ага ылайык, калк үчүн ичүүчү суунун тарифи- 11,10 сом, сыркынды суунун тарифи калк үчүн- 7,62 сом болуп бекитилген. 2026-жылдын май айынан электр энергияга болгон баа жогорулашын Кыргыз Республикасынын энергетика министрлиги билдирди.

Кызыл-Кыя шаарына берилүүчү ичүүчү суу толугу менен электр энергиясынан көз каранды.

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине таянып, шаардык кеңештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын  24-апрелиндеги №38  протоколун эске алып,  Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы токтом  кылат:

 

1.    Кызыл–Кыя шаарынын “Кызыл–Кыя Сууканал” муниципалдык мекемесинин ичүүчү сууга жана сыркынды сууга тарифтерине өзгөртүү киргизилип, тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме 1).

2.    Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.

3.    Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага: А.Мурзаев

 

М. Эранов

 

 

 

 

Кызыл-Кыя шаардык кенешинин

(VIII чакырылышы)

 2026-жылдын   21-майындагы 

№ 25/109 токтомуна

 тиркеме 1

 

 

Кызыл–Кыя шаарынын “Кызыл–Кыя Сууканал” муниципалдык мекемесинин ичүүчү сууга тарифи

 

№

Кызматтын түрү

2025-жылдагы тариф,

сом менен

2026-жылдагы тариф,

сом менен

 

айырма, сом менен

  1.  

Калкка

 

11,10

17,84

+6,74

  1.  

Коммуналдык жана бюджеттик мекемелер

 

39,51

39,51

-

  1.  

Коммерциялык жана өндүрүш мекемелери

 

63,09

63,09

-

 

 

 

Кызыл–Кыя шаарынын “Кызыл–Кыя Сууканал” муниципалдык мекемесинин сыркынды сууга тарифи

 

 

№

Кызматтын түрү

2025-жылдагы тариф,

сом менен

2026-жылдагы тариф,

сом менен

 

айырма, сом менен

  1.  

Калкка

 

7,62

9,09

+ 1,47

  1.  

Коммуналдык жана бюджеттик мекемелер

 

22,22

22,22

-

  1.  

Коммерциялык жана өндүрүш мекемелери

 

49,43

49,43

-

 

 

 

Шаардык кенештин жооптуу  катчысы:                                 У. Дарипова

 

 

“Сууканал” МИ башчысы:                                                                    М.Шералиев