Редакцияот 15.07.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айылдык Кеңештин VIII чакырылышынын кезектеги ХXII сессиясы

 

2026-жылдын 15-июлу № 154

Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын ” Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына  жана  Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентине ылайык,” Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесин жетекчилике алып, этика жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 13-июлундагы отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары:

   - Анаралиев Акбарали

   -Абдурасулов Алмазбек Абдыкаарович  жүйөөлү себептерсиз жергиликтүү кеңешинин сессияларына 5(беш) жолу катышпагандыгына байланыштуу депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуш Баткен аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

     2.  Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты:

              - Тилеков Базарбай Ысмаилович жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңешинин

          сессияларына 4(төрт) жолу катышпагандыгына байланыштуу эскертүү берилсин.

  1. Ушул токтомду жана тиркелген документтерди мыйзамда белгиленген тартипте Баткен аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүү жагы айылдык кеңештин төрагасына тапшырылсын.
  2. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы токтомду каттоого алып, токтомдун көчүрмөсүн suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  3. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарларына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага К.Шакиров

А. Рахманкулов