Редакцияот 15.07.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айылдык Кеңештин VIII чакырылышынын кезектеги ХXII сессиясы

 

2026-жылдын 15-июлу № 158

 

Суу-Башы айыл аймагына караштуу Бужум айылынын 120,0 га жер аянтынын  башкы планына деталдуу пландаштыруу долбоорун бекитүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”, Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетечиликке алып, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 6-июлундагы №243 сандуу чыгыш катынын жана Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер, айыл-чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 14-июлундагы отурумунун корутундусунун негизинде, жерлерди сарамжалдуу пайданалуу жана курулуш иштерин мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүү максатында, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана муниципалдык менчик боюнча адиси Сами уулу Жыргалбектин  билдирүүсүн угуп жана талкуулап Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Суу-Башы айыл аймагына караштуу Бужум айылынын 120,0 га жер аянтынын башкы планына деталдуу пландаштыруу долбоору өзгөртүүлөр менен бекитилсин.

 

  1. Токтомдун негизинде керектүү болгон иш кагаздарын толуктап, өткөрүп алуу  жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Шамшиевке милдеттендирилсин.

 

  1. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы токтомду каттоого алып, токтомдун көчүрмөсүн suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

  1. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.

 

5.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы жер, айыл-чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага К. Шакиров