Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-июлундагы № 467 токтомуна тиркеме |
«Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Борбордук аскердик спорт клубу» мамлекеттик мекемеси жөнүндө
жобо
1. Жалпы жоболор
1. «Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Борбордук аскердик спорт клубу» мамлекеттик мекемеси (мындан ары – Спорт клубу) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө физикалык жана күжүрмөн даярдыкты өркүндөтүү боюнча ишти уюштуруу, эл аралык спорттук кызматташтыкты калыптандыруу, өнүктүрүү жана чыңдоо, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн спорт жаатындагы имиджин көтөрүү максатында түзүлгөн.
Спорт клубу өзүнүн ишинде спорттун бардык түрлөрү боюнча акысыз машыгуу сабактарын өткөрө жана келишимдик негизде жогорку квалификацияланган адистерди тарта алат.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги (мындан ары – Министрлик) Спорт клубунун ишине жалпы жетекчиликти жана координациялоону жүзөгө ашырат.
3. Спорт клубу өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын коргоо министринин жана анын орун басарларынын буйруктарын, директиваларын жана тескемелерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Спорт клубу юридикалык жак болуп саналат, мекеменин уюштуруу-укуктук формасы – мамлекеттик мекеме, өз алдынча баланска, банктык жана башка финансы мекемелеринде алыш-бериш жана башка эсептерге, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөргө, министрликтин символикасы түшүрүлгөн мөөрлөргө жана бланктарга, мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы менен штамптарга, ошондой эле өзүнүн спорттук атрибутикасына жана эмблемасына ээ.
5. Мамлекеттик мекеменин аталышы:
1) мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Борбордук аскердик спорт клубу» мамлекеттик мекемеси; кыскартылган аталышы – «КМ БАСК»;
2) расмий тилде: государственное учреждение «Центральный спортивный клуб армии Министерства обороны Кыргызской Республики»; кыскартылган аталышы – «ЦСКА МО».
6. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Патриса Лумумба көчөсү, 163/3.
2. Негизги милдеттери жана функциялары
7. Спорт клубунун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө физикалык даярдыкты өркүндөтүү, республикалык жана эл аралык деңгээлдерде жогорку спорттук натыйжаларга жетүүнү камсыз кылуу;
2) республикалык жана эл аралык мелдештерге (спартакиадаларга) катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте спортчуларды даярдоо жана курама командаларды түзүү, анын ичинде эл аралык класстагы командаларды түзүү;
3) методикалык колдонмону жүзөгө ашыруу, физикалык даярдоо жана спорт процессине, Министрликтин өздүк курамынын күнүмдүк окуу-машыгуу ишине заманбап методдорду киргизүү;
4) эл аралык аскердик кызматташтыктын алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана эл аралык келишимдердин талаптарын сактоо менен чет өлкөлүк жана эл аралык спорттук уюмдар менен физикалык даярдык жана спорт маселелери боюнча эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу;
5) Министрликтин аскер кызматчыларынын жана кызматчыларынын үй-бүлөлөрү менен спорттук-массалык иштерди уюштуруу;
6) спорттун ар кандай түрлөрү боюнча спорттук секцияларды уюштуруу;
7) дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамы үчүн физикалык даярдык жана спорт боюнча жетектөөчү документтерди, ченемдик талаптарды, анын ичинде спорттун аскердик-прикладдык, олимпиадалык, олимпиадалык эмес жана улуттук түрлөрү боюнча мелдештердин программаларын жана өткөрүү шарттарын иштеп чыгууга жана макулдашууга катышуу, ошондой эле окуу-методикалык жана көрсөтмө куралдарды иштеп чыгуу жана чыгаруу;
8) Министрликтин алдына коюлган башка милдеттерди аткаруу.
8. Жүктөлгөн милдеттерге ылайык Спорт клубу төмөнкү функцияларды аткарат:
1) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн спорт комитетинин спорттук иш-чараларын пландоого катышуу жана Спорт клубунун иш пландарын, Министрликтин спорттук иш-чараларын камсыздоо пландарын Кыргыз Республикасынын коргоо министринин бекитүүсүнө берүү;
2) спорттун бардык түрлөрү боюнча кубокторуна спартакиадаларды, чемпионаттарды, кубокторду, биринчиликтерди жана жарыштарды, спорттук-массалык иштердин кароолорун жана Министрликтин башка иш-чараларын уюштуруу жана өткөрүү;
3) республиканын чемпионаттарына жана эл аралык мелдештерге даярдоо жана катышуу үчүн Министрликтин курама командаларынын курамын комплекттөө жана бекитүү;
4) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бөлүкчөлөрүндө, аскердик бөлүктөрүндө, мекемелеринде, ошондой эле чет өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүндө иштин алдынкы тажрыйбаларын изилдөө, жалпылоо жана жайылтуу;
5) Министрликте физикалык даярдыктын жана спорттун деңгээлин жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
6) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамы үчүн физикалык даярдык жана спорт боюнча жетектөөчү документтерди, ченемдик талаптарды, спорттун аскердик-прикладдык, олимпиадалык, олимпиадалык эмес жана улуттук түрлөрү боюнча мелдештердин программаларын жана өткөрүү шарттарын иштеп чыгууга катышуу, окуу-методикалык жана көрсөтмө куралдарды иштеп чыгуу жана чыгаруу;
7) финансылык туруктуулукту камсыз кылуу, материалдык-техникалык базаны өнүктүрүү жана инфраструктураны күтүүгө кеткен чыгымдарды жабуу үчүн Спорт клубунун спорттук курулмаларын, машыгуу залдарын, спорттук комплекстерин, аянтчаларын, жайларын жана башка мүлкүн ижарага берүүнү жүзөгө ашыруу, анын ичинде Спорт клубунун жайларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ашкананы (тамактануу пункту) уюштуруу үчүн ишкердик субъекттерине берүү;
8) физикалык даярдыкка, спортко жана басып чыгаруу чыгымдарына Министрликтин чыгымдар сметасы боюнча финансылык пландоону жана отчеттуулукту жүзөгө ашыруу, Спорт клубунун планы боюнча өткөрүлүүчү спорттук иш-чараларды каржылоо;
9) физикалык даярдык жана спорт сабактары үчүн спорттук мүлккө, инвентарга, спорттук куралдарга жана ага ок дарыларга, атайын аппаратурага муктаждыкты (белгиленген ченемдердин чегинде) аныктоо;
10) бекитилген пландар боюнча өктөрүлүүчү спорттук иш-чараларды өтмө командалык жана жеке белектер, төш белгилер, грамоталар, вымпелдер жана сувенирлер менен ассигнованиелердин бул максаттарга бөлүнгөн каражаттарынын чегинде камсыз кылуу;
11) Спорт клубунун спортчуларынын республикалык жана эл аралык мелдештерде чыгууларынын эсебин жүргүзүү жана натыйжаларын талдоо;
12) Спорт клубуна өткөрүп берилген мүлктүн сакталышын жана багыты боюнча пайдаланылышын камсыз кылуу;
13) өзүнүн иши жөнүндө ар жылдык отчетту Министрликке берүү;
14) Ушул Жободо аныкталган милдеттерди аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка ишти жүзөгө ашыруу.
9. Спорт клубу дене тарбия жана спорт жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга спортчуларга «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери», «Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери», «Кыргыз Республикасынын спорт чебери» жана «Кыргыз Республикасынын спорт чеберине талапкер» наамдарын ыйгарууга, Кыргыз Республикасынын ардактуу спорттук сыйлыктары менен сыйлоого сунуштарды жөнөтөт.
3. Ишти уюштуруу
10. Спорт клубунун ишин башкарууну жана жалпы жетектөөнү Министрлик жүзөгө ашырат.
Кыргыз Республикасынын коргоо министри Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте:
1) төмөнкүлөрдү бекитет:
– Спорт клубунун уюштуруу-штаттык түзүмүн жана санын;
– Спорт клубунун ишинин жана Министрликте спорттук иш-чараларды камсыздоо пландарын;
– жылдык финансылык отчеттуулукту;
2) Спорт клубуна өткөрүп берилген мүлктү пайдалануунун натыйжалуулугун жана сакталышын контролдоону жүзөгө ашырат;
3) Спорт клубунун башчысынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин, аны ээлеген кызмат ордунан бошотуу үчүн негиздерди аныктайт;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды жүзөгө ашырат.
11. Спорт клубунун ишин түздөн-түз жетектөөнү Кыргыз Республикасынын коргоо министри тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу Спорт клубунун башчысы жүзөгө ашырат.
Спорт клубунун башчысы:
1) төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
– ушул Жободо белгиленген максаттарга жана милдеттерге ылайык Спорт клубунун ишин түздөн-түз башкарууну;
– Спорт клубунун өзүнүн милдеттерин жана функцияларын талаптагыдай аткаруусун;
– Спорт клубунун акча каражаттарынын максаттуу жана сарамжалдуу пайдаланылышын;
2) Спорт клубунун ишинин жыйынтыктары, ошондой эле коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чараларды көрбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык персоналды кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот жана Спорт клубунун жана Спорт клубунун бөлүкчөлөрүнүн башчысынын орун басарларынын укуктарын жана милдеттерин аныктайт;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жумуштардын белгиленген түрлөрүн аткаруу үчүн Спорт клубунун штаттан тышкаркы кызматкерлери менен мөөнөтсүз жана мөөнөттүү эмгек келишимдерди түзөт жана бузат;
5) Спорт клубунун чыгымдар сметасынын чегинде финансы каражаттарын тескейт;
6) Спорт клубунун жана анын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн иш пландарын, Спорт клубунун иш сапарлар, стажировкалар, республикалык жана чет өлкөлүк окутуу борборлорунда аскер кызматчыларын жана жарандык персоналды окутуу, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуунун башка түрлөрү боюнча тартибин жана пландарын Кыргыз Республикасынын коргоо министрине бекитүүгө берет;
7) Спорт клубунун аскер кызматчылары жана жарандык персоналы үчүн милдеттүү буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;
8) Спорт клубунун атынан юридикалык же башка иш-аракеттерди жасоого аскер кызматчыларына жана жарандык персоналга ишеним каттарды берет;
9) мамлекеттик сырларды коргоону камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрөт, Спорт клубунун бөлүкчөлөрүндө аткарылышын контролдоону уюштурат.
12. Спорт клубунда консультативдик-кеңеш берүүчү орган – башкы тренердик кеңеш түзүлөт. Башкы тренердик кеңештин сандык жана жеке курамын Кыргыз Республикасынын коргоо министри бекитет.
Башкы тренердик кеңеш өзүнүн жыйналыштарында Спорт клубунун ишинин негизги маселелерин карайт, бөлүкчөлөрдүн жетекчилеринин Спорт клубунун милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон отчетторун жана маалыматтарын угат.
13. Спорт клубунун башчысы жок учурда анын милдеттерин Кыргыз Республикасынын коргоо министринин буйругунун негизинде Спорт клубунун башчысынын орун басарларынын бири аткарат.
4. Каржылоо жана материалдык-техникалык камсыздоо
14. Спорт клубун каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын, Министрликтин атайын каражаттарынын, гранттардын, мамлекеттик, коомдук жана башка мекемелердин жана уюмдардын, анын ичинде чет өлкөлүк уюмдардын ыктыярдуу төгүмдөрүнүн, Спорт клубунун спорттук курулмаларын, ошондой эле машыгуу залдарын, спорттук комплекстерин, аянтчаларын, жайларын жана башка мүлкүн ижарага берүүдөн келип түшүүчү каражаттардын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен жана чегинде жүзөгө ашырылат.
15. Аскер кызматчыларга акчалай үлүш, жарандык персоналга эмгек акы төлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасынын коргоо министринин буйруктарына ылайык жүргүзүлөт.
16. Спорт клубунун ишин текшерүү Министрлик жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
17. Гранттардан, мамлекеттик, коомдук жана башка мекемелердин жана уюмдардын, анын ичинде чет өлкөлүк уюмдардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөн, башка булактардан алынган кирешелер төмөнкүлөргө жумшалат:
1) спорттук базаны өнүктүрүүгө;
2) эмгек келишими боюнча кабыл алынган персоналды камсыздоого;
3) Спорт клубунун башчысынын сыйлоо жана дем берүү фондун толуктоого;
4) спорттук инвентарды сатып алууга;
5) милдеттерди жана программаларды ишке ашырууга;
6) имараттарды жана курулмаларды оңдоого;
7) Спорт клубунун жашоо-тиричилигине тиешелүү башка чыгымдарга.
18. Имараттарды жана курулмаларды капиталдык оңдоо, коммуналдык кызматтарды жана байланыш кызматтарын төлөө Министрлик тарабынан бөлүнүүчү акча каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
19. Спорт клубунун мүлкү ага операдивдүү башкаруу укугунда бекитилип берилет.
20. Спорт клубу өзүнө бекитилип берилген мүлккө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ушул Жободо жана уюштуруучунун чечимдеринде белгиленген чектерде ээлик кылат, пайдаланат жана тескейт.
21. Кыймылсыз мүлктү, ошондой эле өзгөчө баалуу кыймылдуу мүлктү ээликтен ажыратуу, ижарага берүү, күрөөгө коюу, акысыз пайдаланууга берүү же башкача тескөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уюштуруучунун макулдугу менен гана жүзөгө ашырылат.
22. Иштин жүрүшүндө сатып алынган мүлк Спорт кулубу жоюлганга чейин анын менчиги болуп саналат, ал эми жоюлган учурда Министрликке өткөрүп берилет.
23. Жабдууларды жана башка мүлктү сатып алуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
24. Мүлктү эсепке алуу жана отчеттуулук үчүн Спорт клубу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мүлккө инвентаризациялоону мезгилдүү жүргүзөт.
25. Штаттын, штатка болгон ченемдер боюнча табелдин чегинде Спорт клубун камсыздоо Министрликтин тиешелүү башкаруу органдары жана кызматтары тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Укуктары
26. Спорт клубу ишин жүзөгө ашыруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жумуштардын белгилүү түрлөрүн аткаруу убагына мөөнөтсүз жана мөөнөттүү эмгек келишимдеринин же эмгек келишимдеринин шарттарында штаттык жана штаттык эмес кызматкерлерди тартууга;
2) өзүнүн максаттарына жана милдеттерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык спорттун түрлөрү боюнча акысыз машыгуу сабактарын өткөрүүгө;
3) өзүнүн максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардын каражаттарын тартууга;
4) гранттар жөнүндө макулдашууларга ылайык башка булактардан алынган, Кыргыз Републикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каражаттарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тескөөгө;
5) өзүнүн милдеттерин ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өзүн башкаруу органдарынан зарыл маалыматты суроого жана алууга;
6) мелдештерди, фестивалдарды, окутуу-методикалык семинарларды жана башка дене тарбиялык-спорттук иш-чараларды өткөрүүгө;
7) дене тарбия жана спорт тематикасы боюнча басып чыгарууну, телерадио көрсөтүүнү, кино-, фотого тартууну жана видео продукцияларды чыгарууну жүзөгө ашырууга.
6. Кайра уюштуруу жана жоюу
27. Спорт клубун кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
28. Спорт клубунун ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурда жана тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
29. Спорт клубу жоюлган учурда Спорт клубунун ишинин натыйжасында түзүлгөн документтер «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык архивде сакталууга тийиш.