Редакцияот 15.07.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айылдык Кеңештин VIII чакырылышынын кезектеги ХXII сессиясы

 

2026-жылдын 15-июлу № 160

Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу   жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына жана Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентине ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Икрамидин уулу Абдырасулдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу  

      боюнча аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.

 

  1. Суу-Башы айыл аймагында спорттук иш чараларды өз убагында өткөрүү жагы  Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Икрамидин уулу Абдырасулга милдеттендирилсин.

 

  1. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы токтомду каттоого алып, токтомдун көчүрмөсүн suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

  1. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы социалдык  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага: К. Шакиров