Редакцияот 15.07.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айылдык Кеңештин VIII чакырылышынын кезектеги ХXII сессиясы

 

2026-жылдын 15-июлу № 162

 

Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын ” Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө ” Мыйзамына  жана  Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентине ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н.Джороевдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеш бөлүмүнүн  2211 сапар чыгымдары беренесинен, 2222 ар кандай сатып алуулар беренесине 40 000 (кырк миң) сом акча каражатын жылдырууга макулдук берилсин.

 

  1. Токтомду  негизинде бөлүнгөн акча каражатын мыйзам чегинде сарптоо жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н.Джороевге милдеттендирилсин.

 

  1. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы токтомду каттоого алып, токтомдун көчүрмөсүн suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

  1. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет жана экономикалык  маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага К. Шакиров