СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айылдык Кеңештин VIII чакырылышынын кезектеги ХXII сессиясы
2026-жылдын 15-июлу № 163
Кара-Булак айылынын жаштарына турак жай куруу үчүн жер тилкелерин өз айылдарынын аймагынан берүү жөнүндө
Суу-Башы айыл аймагынын Кара-Булак айылынын 60,0 га жер аянтына турак жай куруу үчүн бөлүштүрүү боюнча Кара-Булак айылынын тургундарынан келип түшкөн жамааттык арыздарынын негизинде, жарандардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу, жер тилкелерин адилеттүү бөлүштүрүү максатында, Бужум айылынын аксакалдар кеңешинин протоколунун жана Кара-Булак айылынын тургундарынын кайрылууларынын негизинде, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кара-Булак айылынын тургундарына турак жай куруу үчүн жер тилкелерин Кара- Булак айылынын аймагынан бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
- Жер тилкелерин бөлүп берүү мыйзамда белгиленген тартипте, каттоого алынган Кара-Булак айылынын тургундарына кезектүүлүк боюнча жүргүзүлсүн.
- Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы токтомду каттоого алып, токтомдун көчүрмөсүн suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы жер, айыл-чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага К.Шакиров