Редакцияот 26.06.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Молдо Нияз айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III- сессиясы

 

2026-жылдын 26-июну № 01-07/10

                     Молдо Нияз айыл аймагында көрүстөндөргө көмүү жайларын брондоо    тартибин бекитүү жөнүндө

         “Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын жетекчисинин                  2025-жылдын 28-октябрындагы № 27-28392сандуу тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө 2025-жылдын 19-августундагы №502 токтомунун   2 пунктунда көрсөтүлгөн тапшырмалар” жөнүндөгү Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн башчысынын  баяндамасын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын   27 -беренесинин 8-пунктуна  ылайык , Молдо Нияз айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Молдо Нияз айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартиби  бир жайга 50000 (элүү миң) сом  өлчөмүндө бекитилсин.

2.Токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл өкмөтүнө жүктөлсүн

3.Токтом расмий moldo-niyaz. gov. Kg сайытына жарыялансын.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык  

    кеңешинин экономика ,бюджет,инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык 

    байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу 

    комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

Тѳрага

И.Салиев