Редакцияот 26.06.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Молдо Нияз айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III- сессиясы

 

2026-жылдын 26-июну № 01-07/14

 

     Молдо Нияз айыл аймагына караштуу таза суу долбоорун ишке ашырууда эмгек акы төлөө жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарын жетекчиликке алып жана таза суу долбоорун ишке ашыруунун алкагында аткарылган иштерди эске алуу менен, Молдо Нияз айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Таза суу долбоорун ишке ашырууга тартылган кызматкерлерге айына  эмгек акы төлөөгө макулдук берилсин.

2.Эмгек акынын өлчөмү штаттык расписаниеге жана түзүлгөн эмгек келишимдерине ылайык төлөнсүн. (штаттык бирдик ) тиркелет.

3.Эмгек акы төлөө үчүн каражаттар 2026-жылга бекитилген бюджеттин кирешелер бөлүгүнө түшкөн кошумча каражаттар эсебинен чыгашалар бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизүү жолу менен субсидиялоо  аркылуу аткарылсын.

4.Бул токтомдун аткарылышы  Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн  башчысы Х.Досановго жүктөлсүн.

       5.Токтом расмий  moldo-niyaz. gov. кg сайытына жарыялансын.

        6.Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн токтом Баткен Юстиция башкармалыгына  тапшыруу айылдык кеңештин  жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

         7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика,бюджет,инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

 

          

 

 

Тѳрага

И.Салиев

 

 

 

        Молдо Нияз айыл өкмөтү Молдо Нияз муниципиалдык ишканансынын таза-суу  бөлүмүнүн   үч айлык эмгек акы боюнча

 

                                                      СМЕТАСЫ

 

Кызматтардын

аталышы

саны

Коеф

центи

Штатт

бирдик

1 айлык

Эмгек акы

Эмгек акы

Соц фонд

 

жыйынтыгы

 

 

 

 

 

 

 

 

Оператор Биллинг

1

2,20

22082

22082

66246

11427

77673

инжинер

1

2,50

25090

25090

75270

 

12984

88254

Жетектөөчү

адис сантехник

2

1,90

19075

38150

114450

19742

134192

Адис Контролер

2

 

 

 

13062

26124

78372

13519

91891

Электрик

1

1,64

13062

13062

39186

6759

45945

троктарист

1

1,50

16498

16498

49494

8537

58031

  МОП

3

1,0

10056

30165

90495

15612

106107

Жалпысы.

11

 

 

170871

513513

88580

602093

 

 

 Катчы                                                                                           Ю.Козукулова                               

.