МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Молдо Нияз айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III- сессиясы
2026-жылдын 26-июну № 01-07/20
Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Жаңы-Чек айылына сугат суусун алып келүү үчүн темир-бетон каналын курууга узуну 5800 метр туурасы 10 метр жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана муниципалдык менчик боюнча адистин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Жаңы-Чек айылына сугат суусун алып келүү үчүн темир-бетон каналын курууга узуну 5800 метр туурасы 10 метр жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Токтомдун негизинде керектүү болгон иш кагаздарын даярдап берүү жагы Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтом расмий moldo-niyaz. gov. Kg сайытына жарыялансын.
4.Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн токтом Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айылдык кеңешинин жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясыына жүктөлсүн.
Тѳрага | И.Салиев |
|
|