Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-июлундагы № 469 токтомуна 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестри жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестри жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринин (мындан ары – Мамлекеттик реестр) укуктук статусун, аны түзүү жана пайдалануу тартибин аныктайт.
2. Мамлекеттик реестр Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарактуу улуттук паспорттору жөнүндө маалыматтарды чогултууну, иштеп чыгууну, сактоону, издөөнү, пайдаланууну жана белгиленген тартипте берүүнү камсыз кылуучу мамлекеттик санариптик ресурс болуп саналат.
Мамлекеттик реестрдин базасы Кыргыз Республикасынын жарандарынын даярдалган/жекелештирилген улуттук паспорттору жөнүндө маалыматтардын негизинде түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүү жана актуалдаштыруу үчүн пайдаланылат.
3. Мамлекеттик реестр Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринде жүргүзүлөт.
4. Мамлекеттик реестрдин ээси калкты каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) болуп саналат.
5. Мамлекеттик реестрди иштеп чыгуучу болуп ыйгарым укуктуу органдын карамагында турган жана Мамлекеттик реестрдин ээси менен түзүлгөн келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарактуу жана жараксыз улуттук паспорттору жөнүндө маалыматтарды иштеп чыгуучу мамлекеттик мекеме саналат.
6. Ушул Жободо пайдаланылган терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларында белгиленген маанилерде колдонулат.
2-глава. Мамлекеттик реестрге киргизилүүчү маалыматтар
7. Мамлекеттик реестр Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке маалыматтарын камтыйт, алар төмөнкүдөй түзүмгө ээ:
1) Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарактуу улуттук паспорттору жөнүндө:
– улуттук паспорттун тиби;
– идентификациялык жеке номери;
– фамилиясы, аты;
– атасынын аты (болсо);
– туулган күнү;
– туулган жери;
– документтин номери;
– документти берген органдын коду;
– берилген дата;
– аяктаган дата;
– жынысы;
– этностук таандыктыгы;
– жүзүнүн санариптик сүрөтү;
– каттоочу эсепке алуу учурунда жашаган жери;
– улуттук паспортту алган учурдагы жашаган жери;
– никелешүү/никени бузуу жөнүндө актылардын жазууларын жаңылоо учурундагы үй-бүлөлүк абалы;
– улуттук паспортту алган учурдагы үй-бүлөлүк абалы;
– Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортун алуунун (алмаштыруунун) себеби;
2) Кыргыз Республикасынын жарандарынын жараксыз улуттук паспорттору жөнүндө:
– улуттук паспорттун тиби;
– идентификациялык жеке номери;
– фамилиясы, аты;
– атасынын аты (болсо);
– туулган күнү;
– туулган жери;
– документтин номери;
– документти берген органдын коду;
– берилген дата;
– аяктаган дата;
– жынысы;
– этностук таандыктыгы;
– жүзүнүн санариптик сүрөтү
– жашаган жери;
– үй-бүлөлүк абалы;
– Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортун алуу (алмаштыруу) себеби.
8. Мамлекеттик реестрде Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторун жараксыз деп таануунун негиздери жана датасы көрсөтүлөт.
3-глава. Мамлекеттик реестрди пайдалануу тартиби
9. Мамлекеттик реестрден Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарактуу жана жараксыз улуттук паспорттору жөнүндө маалыматтарды берүү иштеп чыгуучу тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тартипте жүзөгө ашырылат.
10. Мамлекеттик реестрде камтылган маалыматтар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-июнундагы № 384 «Жеке маалыматтарды коргоонун белгиленген деңгээлдерине ылайык санариптик технологиялык системаларда иштетүүдө жеке маалыматтарды коргоо талаптарын бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык коргоого алынат.
11. Мамлекеттик реестрдеги маалыматты сактоо мөөнөтү 75 жылды түзөт.
12. Мамлекеттик реестрде камтылган маалыматтарды актуалдаштыруу Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 75-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат.
13. Мамлекеттик реестрде камтылган маалыматты жайылткандыгы, ошондой эле укук ченемсиз жана анык эмес бергендиги үчүн иштеп чыгуучунун кызматкери Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук бузуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.