Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 29-апрели № 79/ХVII-29
Социалдык объекттин жер тилкесинен башка объект курууга жер тилкесин бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн катынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын жер кодексинин” 21-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-39- беренелерине ылайык Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Кудук айыл аймагынын Кировское айылы, Мичурин көчөсү №5 дареги боюнча жайгашкан Д.Асанов атындагы жалпы билим берүү мектебинин жалпы аянты 23532,11 кв.м.болгон жер тилкесинен, 1945,20кв.м жер тилкеси кичи футбол талаасын куруу үчүн туруктуу пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Бөлүнүп берилген жер тилкесинин Ак-Кудук айыл аймагынын жер планы боюнча чек аралары такталсын.
3. Ак-Кудук айыл өкмөтүнө төмөндөгүлөр тапшырылсын:
- Жер тилкесине тиешелүү шаар куруу документтерин (архитектуралык-пландоо шарттарын)мамлекеттик архитектура жана курулуш башкармалыгында иштеп чыгуу;
- Курулуш ченемдери (СНиП) талаптарына ылайык келишин көзөмөлдөө
- Жер тилкесин максаттуу пайдаланууга, социалдык объекттин ишинетоскоолдук жаратпоого жана айлана-чөйрөнү көрктөндүрүүгө милдеттендирилсин.
4. Жооптуу катчы Исакова Ч.Н. бул токтомду каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| Дж. Маванкуй |