Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 29-апрели № 83/ХVII-29
Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укуктарын акы төлөө менен берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө Жобосун бекитүү жөнүндө
Ак-Кудук айыл өкмөтү тарабынан сунушталган "Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун акы төлөө менен берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө Жобосун" сессияда карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесинин 2 жана 4-пункттарына, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 34-39-беренелерине ылайык Ак-Кудук айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун акы төлөө менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндө Жобосу бекитилсин.
2. Жооптуу катчы Исакова Ч.Н. бул токтомду каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| Дж. Маванкуй |