Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-июлундагы № 469 токтомуна 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын жарандарынын
улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен
маалыматтарды берүү тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен маалыматтарды берүү тартиби (мындан ары – Тартип) «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде каралган финансылык мекемелерди (мындан ары – пайдалануучулар) Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарактуу идентификациялык карта-паспорттору (мындан ары – ID-карта) жөнүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестрин (мындан ары – Мамлекеттик реестр) иштеп чыгуучунун электрондук сервиси аркылуу актуалдуу маалымат менен камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.
2. Бул Тартип пайдалануучуларга Мамлекеттик реестрден маалыматты берүүдө аракеттердин ырааттуулугун аныктайт, пайдалануучуларды Мамлекеттик реестрдеги актуалдуу маалыматтар менен камсыз кылуу максатында пайдалануучулардын ээси жана иштеп чыгуучу менен өз ара аракеттенүү тартибин белгилейт жана аныктайт.
3. Мамлекеттик реестрдин ээси калкты каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – ээси) болуп саналат.
4. Ушул Тартипте пайдаланылган терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген маанилерде колдонулат.
2-глава. Пайдалануучуларга Мамлекеттик реестрден маалыматты берүү тартиби жана өз ара аракеттенүү
5. Мамлекеттик реестрде камтылган маалымат ээсинин, иштеп чыгуучунун жана пайдалануучунун ортосунда түзүлүүчү макулдашууда аныкталган шарттарда, акы төлөөнүн негизинде пайдалануучуларга берилет.
Маалымат берүүнүн наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтому менен бектилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибине ылайык аныкталат.
6. Макулдашуунун типтүү үлгүсү Мамлекеттик реестрдин ээси тарабынан бекитилет.
Ээси макулдашуунун типтүү үлгүсүн бекитүү жана пайдалануучулар менен макулдашууларды түзүү боюнча ыйгарым укуктарды иштеп чыгуучуга берүүгө укуктуу.
7. Уюштуруу-техникалык маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана Мамлекеттик реестрден маалыматты берүү тартиби ушул Тартипке ылайык түзүлүүчү макулдашууларда аныкталат.
8. Мамлекеттик реестрден маалыматтарды берүү иштеп чыгуучу тарабынан электрондук веб-сервистер, электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы жана (же) «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу жүзөгө ашырылат.
9. Веб-сервистер аркылуу Мамлекеттик реестрден маалыматтарды берүү пайдалануучуда онлайн режиминде корголгон байланыш каналдары аркылуу маалыматтык өз ара аракеттенүүнү ишке ашыруу үчүн арналган программалык-аппараттык каражаттар болгондо ишке ашырылат.
10. Пайдалануучуда техникалык жабдуу болбогон учурда Мамлекеттик реестрден маалымат берүү иштеп чыгуучу тарабынан бөлүнгөн корголгон байланыш каналдары боюнча Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу жүзөгө ашырылат.
11. Мамлекеттик реестрден маалымат берүү жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген тартипте жана формада алынган жеке маалыматтар субъектинин өзүнүн жеке маалыматтарын пайдалануучуга берүүгө макулдугу болгон учурда жүзөгө ашырылат.
12. Мамлекеттик реестрден маалымат берүү «суроо-талап – жооп» режиминде жүзөгө ашырылат.
Киргизилген суроо-талап маалыматтык система тарабынан иштелип чыгат, дал келген учурда пайдалануучуга жеке маалыматтардын субъекти жөнүндө маалымат берилет.
13. Суроо-талап түзүү үчүн пайдалануучу:
– жеке маалыматтардын субъектинин өзүнүн жеке маалыматтарын берүүгө макулдугун ушул Тартиптин 11-пунктунда көрсөтүлгөн тартипке жана формага ылайык алат;
– маалыматтык системага жарандын идентификациялык жеке номерин (мындан ары – ИЖН), ID-картанын сериясын жана номерин киргизет;
– маалыматтык системада жеке маалыматтар субъектинен анын жеке маалыматтарын берүүгө макулдук алгандыгын тиешелүү белги коюу жолу менен ырастайт.
14. Суралган ИЖН, ID-картанын сериясы жана номери боюнча жоопко төмөнкү жеке маалыматтар берилет:
– улуттук паспорттун тиби;
– ИЖН;
– фамилиясы, аты;
– атасынын аты (болсо);
– туулган күнү;
– туулган жери;
– ID-картанын сериясы жана номери;
– ID-картаны берген органдын коду;
– берилген дата;
– аяктаган дата;
– жынысы;
– жүзүнүн санариптик сүрөтү;
– ID-картаны алуу учурунда жашаган жери;
– каттоо учурундагы жашаган жери;
– ID-картаны алуу учурундагы үй-бүлөлүк абалы;
– никелешүү/никени бузуу жөнүндө актылардын жазууларын жаңылоо учурундагы үй-бүлөлүк абалы.
15. Мамлекеттик реестрден маалымат жеке маалыматтардын субъекти пайдалануучуга берген маалыматтарды ырастоо үчүн берилет.
16. Иштеп чыгуучу жана пайдалануучу иштеп чыгуучу тарабынан бекитилген тартипке ылайык Мамлекеттик реестрден берилген маалыматтардын статистикасы менен жеке маалыматтардын субъекттеринен алардын жеке маалыматтарын берүүгө макулдуктарын ай сайын салыштырып текшерет.
17. Ээси же иштеп чыгуучу тарабынан пайдалануучунун Мамлекеттик реестрден маалыматты уруксатсыз алуу фактылары аныкталган учурда, субъекттин өзүнүн жеке маалыматтарын берүүгө макулдугу болбогондо иштеп чыгуучу түзүлгөн макулдашууну андан ары бузуу менен Мамлекеттик реестрден маалымат берүүнү толук токтотуу түрүндө чараларды көрөт жана тиешелүү материалдарды жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.
3-глава. Мамлекеттик реестрден маалыматты берүү жана пайдалануу үчүн жоопкерчилик
18. Мамлекеттик реестрди жүргүзүүгө жооптуу адамдар маалыматтын толуктугу, аныктыгы жана бүтүндүгү, ошондой эле аны ачыкка чыгарбоо үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
19. Мамлекеттик реестрде аныкталбаган жана актуалдуу эмес маалыматтар болсо, иштеп чыгуучу аларды актуалдаштыруу боюнча чараларды көрөт.
20. Жеке маалыматты пайдалануучу Кыргыз Республикасынын укук бузуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
– жеке мүнөздөгү алынган маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылбоо;
– жеке мүнөздөгү алынган маалыматтарды коргоо боюнча талаптарды сактабоо;
– жеке мүнөздөгү маалыматтарды пайдалануучунун кызматкерлеринин ачыкка чыгаруусу, жайылтуусу, жеке максаттарда пайдалануусу же жеке мүнөздөгү маалыматтарды үчүнчү жактарга уруксатсыз берүүсү.
21. Кызматтык абалына байланыштуу жеке маалыматтар менен кабардар болгон адам бул жеке маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу боюнча милдеттенмени өзүнө алат жана жоопкерчилик тартат.