Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 15-июлу № 487
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
аскердик кызмат өтөө маселелери боюнча айрым
чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 785 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокерлердин жана сержанттардын контракт боюнча аскердик кызмат өтөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокерлердин жана сержанттардын контракт боюнча аскердик кызмат өтөө тартиби жөнүндө жободо:
‒ 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5. Аскер кызматчылары төмөнкү учурларда контракт (жаңы контракт) түзбөстөн контракт боюнча аскердик кызматты аскердик эмес кызмат орундарында өтөй алат:
‒ командирдин (башчынын) карамагында болгондо ‒ эки айдан ашык эмес;
‒ уюштуруу-штаттык иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу командирдин (башчынын) карамагында болгондо ‒ үч айдан ашык эмес;
‒ аскер кызматчысын кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө тергөө судьясынын токтому, соттун аныктамасы чыккандыгына байланыштуу ‒ бул чара жокко чыгарылганга чейин же кылмыш-жаза иши боюнча акыркы чечим (кылмыш-жаза куугунтуктоосун, сотко чейинки өндүрүштү кыскартуу жана соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүнүн (токтомунун) чыгышы) кабыл алынганга чейин командирдин (башчынын) карамагында болгондо;
‒ жубайы кызматы боюнча мамлекеттик чек араны түздөн-түз кайтаруу бөлүкчөсүнө которулганда жана ишке орношуу мүмкүн болбогондо аскердик кызматтын бардык мезгилинде беш жылдан ашык эмес мөөнөткө.»;
‒ 19-пункттун 1-пунктчасындагы «отуз жети» деген сөздөр «кырк» деген сөзгө алмаштырылсын;
‒ 37-пункттун 1-пунктчасынын экинчи, үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«‒ Мыйзамда белгиленген чектүү куракка чыкканга чейин контракт түзүүнү эске алуу менен он сегиз жаштан жаш эмес жана кырк беш жаштан улуу эмес курактагылар;
‒ Мыйзамда белгиленген чектүү куракка чыкканга чейин контракт түзүүнү эске алуу менен он тогуз жаштан кырк жашка чейинки курактагы аял кишилер;»;
‒ 40-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Запастан аскердик кызматка аныкталган аскер кызматчысы аскердик кызмат өтөй турган жерге келгенде контрактка кол коюудан баш тарткан учурда аны аскердик кызматка аныктоо жөнүндө буйрук жокко чыгарылууга тийиш.»;
‒ 41-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3) аскердик окуу жайынан чыгарылганда (өз каалоосу боюнча, тартипсиздиги үчүн, ден соолугунун абалы боюнча же соттолгондугуна байланыштуу чыгарылган учурларды кошпогондо).»;
‒ 64-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«64. Кыргыз Республикасынын аскердик окуу жайларынан жана чет өлкөлүк аскердик билим берүү уюмдарынан (сержанттарды даярдоо мектептеринен, окуу аскердик бөлүктөрүнөн) өз каалоосу боюнча, тартипсиздиги үчүн, ден соолугунун абалы боюнча же соттолгондугуна байланыштуу чыгарылган аскер кызматчылары аскердик кызматтан бошотулат.
Чет өлкөлүк аскердик билим берүү уюмдарынан жетишпегендиги же үй-бүлөлүк жагдайлары боюнча чыгарылган аскер кызматчыларын Кыргыз Республикасынын аскердик окуу жайларына калыбына келтирүү аттестациялык комиссиянын (окуу кеңешинин) сунуштамасы жана мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча жүзөгө ашырылат.»;
‒ 124-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Бошотулган аскер кызматчыларын бөлүктүн өздүк курамынын тизмесинен чыгаруу кезектеги өргүү берилгенден кийин жүргүзүлөт.»;
‒ жогоруда аталган Жобонун 2-тиркемесинде:
13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«13. Бул контракт жогорку аскердик окуу жайында окуу мөөнөтүнө жана аны аяктагандан кийин он жылдык аскердик кызматка түзүлдү.».
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 245 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызмат өтөө (запаста болуу) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызмат өтөө (запаста болуу) тартиби жөнүндө жободо:
‒ 6-пункттун 3-пунктчасындагы, 192-пункттагы мамлекеттик тилдеги текстте «токтотуу» деген сөз «кыскартуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
‒ 17-пункттун 1-пунктчасындагы, 22-пункттун 3-пунктчасындагы, 23-пункттун 8, 10-пунктчаларындагы, 187-пункттун 6-пунктчасынын үчүнчү абзацындагы, 188-пункттун 4-пунктчасынын экинчи абзацындагы мамлекеттик тилдеги текстте «токтотулган» деген сөз «кыскартылган» деген сөзгө алмаштырылсын;
‒ 59-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3) жоокерлер жана сержанттар курамындагы кызмат орундарында контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан, тийиштүү аскердик-каттоо адистигиндеги (башка аскердик-каттоо адистигинде – мамлекеттик (аскердик) кызматтын тиешелүү тажрыйбасы же үч жылдан кем эмес иши болгондо) даярдоо профили боюнча жакын жогорку билими бар, 40 жашка чыга элек жана тартиптик жазалары жок прапорщиктерди жана аскер кызматчыларын «майордон» жогору эмес штаттык категория менен офицердик курамдын кызмат орундарына аларга офицердик курамдын «лейтенант» биринчи аскердик наамын бир убакта ыйгаруу менен дайындоо аркылуу.»;
‒ 61-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3) мурда аскердик каттоодо турбаган, тиешелүү аскердик каттоо адистигиндеги (башка аскердик-каттоо адистигинде – аскердик кызматтын үч жылдан кем эмес тиешелүү тажрыйбасы (иши) болгондо) даярдоо профили боюнча жакын жогорку билими бар, 40 жашка чыга элек запастагы жоокерлер, сержанттар жана прапорщиктер, ошондой эле аялдар менен аларга офицердик курамдын «кенже лейтенант» биринчи аскердик наамын бир убакта ыйгаруу менен.»;
‒ 64-пункттун 1-пунктчасынын төртүнчү абзацындагы «коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарынын – кол башчынын,» деген сөздөр алып салынсын;
‒ 69-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын:
«6) аскердик окуу жайындагы окуудан же алты айдан ашык мөөнөттөгү чет өлкөлүк кызматтык иш сапардан кайтып келгенден кийин тең кызмат ордуна дайындоо мүмкүн болбогон учурда.»;
‒ 70-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«70. Офицерлер төмөнкү учурларда жогору турган кызмат орундарына көрсөтүү үчүн кадрлар резервине киргизилүүгө тийиш:
‒ штаттардын кыскартылгандыгы боюнча жогору турган кызмат орундарынан төмөн турган кызмат орундарына которулганда;
‒ окуудан же алты айдан ашык мөөнөттөгү чет өлкөлүк кызматтык иш сапардан кайтып келгендигине байланыштуу төмөн турган кызмат орундарына дайындалганда.»;
‒ 75-пункттун тогузунчу абзацындагы мамлекеттик тилдеги текстте «токтотулганда» деген сөз «кыскартылганда» деген сөзгө алмаштырылсын;
‒ 83-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«83. Айрым учурларда офицерлерге жекече тартипте аскердик кызматты өтөп жаткан аскердик бөлүктүн командири (мекеменин башчысы) тарабынан квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу максатында мамлекеттик, коомдук жана жеке менчик ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда илимий, педагогикалык, ойлоп табуучулук, эксперттик ишке, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарында (мекемелеринде) медициналык ишке байланышкан айкалыштыруу боюнча иштөөгө уруксат берилиши мүмкүн.
Айкалыштыруу боюнча иштөө тартиби жана шарттары мамлекеттик органдардын жетекчиси тарабынан аныкталат.»;
‒ 85-пункттун 2-пунктчасындагы «, жогорку билими бар 40 жаштан ашпаган курактагы» деген сөздөр алып салынсын;
‒ 92-пункттун 1-пунктчасынын төртүнчү абзацындагы «коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары – кол башчынын,» деген сөздөр алып салынсын;
‒ 112-пункттун 7-пунктчасындагы «орто,» деген сөз алып салынсын;
‒ 148-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Аскердик кызматка колдонулуучу адистик боюнча жогорку кесиптик даярдыкка жана олуттуу иш тажрыйбасына ээ запастагы офицерлерге согуш убагында кызмат ордуна алдын ала дайындоодо ушул Жобонун 146-пунктунда каралган мурда ыйгарылган аскердик наамда кызмат өтөө мөөнөтүнүн жарымынан кем эмеси өткөндөн кийин алдын ала дайындоо боюнча кызмат ордунун штаттык категориясы ыйгарылуучу аскердик наамга шайкеш келген, ал боюнча командада бир жылдан кем эмес болгон шартта кезектеги офицердик наам (полковникке чейин жана кошкондо) мөөнөтүнөн мурда ыйгарылышы мүмкүн.»;
‒ 191-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«Аскер кызматчысын оң негиздер боюнча (контракттын мөөнөтү аяктагандыгына, аскердик кызматта болуунун чектүү курагына жеткендигине жана тартиптик жоруктарды же жазалануучу жосундарды жасоого байланышпаган башка негиздер боюнча) бошотуу жөнүндө буйрук чыгарган командир (башчы) ырастоочу материалдар болгон учурда аскер кызматчысынын кайрылуусу боюнча мындай өзгөртүүлөр аскер кызматчысынын укуктук абалын начарлатпаган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келген шартта бошотуунун негизин тактоо бөлүгүндө бошотуу жөнүндө буйрукка өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.».
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-августундагы № 475 «Чет мамлекеттик аскердик-билим берүү уюмдарында билим алуу үчүн конкурстук тандоодон өтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Чет мамлекеттик аскердик-билим берүү уюмдарында билим алуу үчүн конкурстук тандоодон өтүү тартиби жөнүндө жободо:
‒ 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи, сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
«докторант ‒ жогорку квалификациядагы илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо программалары боюнча билим берүү уюмдарында билим алып жаткан офицердик курамдын адамы;
адъюнкт (PhD докторанты) ‒ кесиптик жогорку билим берүү базасында илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо программалары боюнча билим берүү уюмдарында билим алып жаткан офицердик курамдын адамы.»;
‒ 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Конкурстук тандоону өткөрүүнү уюштуруу:
1) офицерлерди илимдин доктору окумуштуулук даражасын коргоо үчүн билим берүү уюмдарында докторанттар жана илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын коргоо үчүн билим берүү уюмдарында адъюнкттар (PhD докторанттары) катары окутууга ‒ ыйгарым укуктуу органдын аскердик билим берүү органына (мындан ары ‒ аскердик билим берүү органы) жүктөлөт. Аскердик билим берүү органдары жок ыйгарым укуктуу органдарда конкурстук тандоону өткөрүүнү уюштуруу кадрдык органга жүктөлөт;
2) офицерлерди аскердик кесиптик жогорку билим алуу үчүн билим берүү уюмдарында угуучулар катары окутууга – ыйгарым укуктуу органдын кадрдык органына (мындан ары – кадрдык орган) жүктөлөт;
3) талапкерлерди (анын ичинде орто (толук) жалпы билим берүү уюмдарында билим алып жаткандарды) билим берүү уюмдарына курсанттар катары окутууга тапшыруу үчүн аскердик билим берүү органына жүктөлөт. Аскердик билим берүү органдары жок ыйгарым укуктуу органдарда конкурстук тандоо өткөрүүнү уюштуруу кадрдык органга жүктөлөт.»;
‒ 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«9. Билим берүү уюмдарына докторанттар катары киргизүү үчүн илимдин кандидаты окумуштуулук даражасына ээ, «майор» жана андан жогорку аскердик наамдагы, офицердик курамдын аскердик кызмат орундарында контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан төмөнкүдөй курактагы офицерлер каралат:
1) майор ‒ 44 жашты кошуп алганга чейин;
2) подполковник ‒ 47 жашты кошуп алганга чейин;
3) полковник – 49 жашты кошуп алганга чейин;
4) генерал-майор ‒ 54 жашты кошуп алганга чейин;
5) генерал-лейтенант жана андан жогору ‒ 59 жашты кошуп алганга чейин.
Билим берүү уюмдарына адъюнкттар (PhD докторанттары) катары киргизүү үчүн адистин же магистрдин диплому менен ырасталган кесиптик жогорку билими бар, «капитан» жана андан жогорку аскердик наамдагы, офицердик курамдын аскердик кызмат орундарында контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан төмөнкүдөй курактагы офицерлер каралат:
1) капитан ‒ 40 жашты кошуп алганга чейин;
2) майор, подполковник ‒ 45 жашты кошуп алганга чейин;
3) полковник ‒ 49 жашты кошуп алганга чейин;
4) генерал-майор ‒ 55 жашты кошуп алганга чейин;
5) генерал-лейтенант жана андан жогору ‒ 60 жашты кошуп алганга чейин.
Аскердик кесиптик жогорку билим берүү программалары боюнча угуучулар катары билим берүү уюмдарына киргизүү үчүн жогорку билими бар, «капитан» жана андан жогорку аскердик наамындагы, офицердик курамдын аскердик кызмат орундарында контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан төмөнкүдөй курактагы офицерлер каралат:
1) капитан ‒ 40 жашты кошуп алганга чейин;
2) майор, подполковник ‒ 45 жашты кошуп алганга чейин;
3) полковник ‒ 48 жашты кошуп алганга чейин.»;
‒ 2-главанын 3-параграфы төмөнкүдөй мазмундагы 251-пункт менен толукталсын:
«251. Аскердик билим берүү уюмдарынын докторантурасына жана адъюнктурасына (PhD докторантурасына) киргизүү үчүн талапкерлерди тандоо ыйгарым укуктуу органдын илимий-техникалык кеңеши тарабынан жүзөгө ашырылат.
Чет өлкөлүк аскердик билим берүү уюмдарына адъюнктурага (PhD докторантурасына) тапшыруу үчүн талапкерлер болуп төмөнкү офицерлер каралат:
‒ адистин же магистрдин диплому менен ырасталган кесиптик жогорку билими бар;
‒ илимий-изилдөө же илимий-педагогикалык ишке жөндөмдүүлүгү бар;
‒ кесиптик жогорку билим берүү уюмун аяктагандан кийин офицердик кызмат орундарында эки жылдан кем эмес практикалык иш тажрыйбасы бар.
Чет өлкөлүк аскердик билим берүү уюмдарынын докторантурасына тапшыруу үчүн талапкерлер болуп төмөнкү офицерлер каралат:
‒ илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы бар;
‒ илимий публикациялары (ойлоп табуулары, патенттери), отчеттору жана болжолдонгон диссертациянын теориялык жана эксперименттик негизин түзүүчү жана аны белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо мүмкүндүгүн ырастоочу башка материалдары бар.».
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 17-июлундагы № 53 (3813) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |