Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР
КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 7-июлу № 506-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 124 "Медициналык, ветеринардык, техникалык максаттарда, ошондой эле парфюмердик-косметикалык жана алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн пайдаланылуучу этил спиртин сатып алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Медициналык, ветеринардык, техникалык максаттарда, ошондой эле парфюмердик-косметикалык жана алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн пайдаланылуучу этил спиртин сатып алуу тартиби жөнүндө жобонун 13, 14-пункттарына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 481-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык максаттарда, ошондой эле парфюмердик-косметикалык продукцияны өндүрүү үчүн пайдалануучу атайын керектөөчүлөрдүн жана субъекттердин тизмегинде:
1) 1 бөлүм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"I. Медициналык максатта этил спиртин пайдалануучу субъекттер
1-глава. Республикалык саламаттык сактоо уюмдары
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология жана гематология борбору.
2. Республикалык психиатрия жана наркология борбору.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык соттук-медициналык экспертиза борбору.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык тери венерологиялык борбору.
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Адамдын репродукциясы кыргыз илимий борбору.
6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Чым-Коргон айылындагы Республикалык психиатриялык ооруканасы.
7. И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын "Республикалык диагностикалоо-дарылоо борбору" № 7 академиялык клиникасы.
8. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Өтө кооптуу, карантиндик жугуштуу ооруларды контролдоо жана алдын алуу республикалык борбору.
9. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борбору.
10. Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана.
11. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык патологиялык-анатомиялык бюросу.
12. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борбору.
13. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институту.
14. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору.
15. Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун контролдоо борбору.
16. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык кан борбору.
17. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо улуттук институту.
18. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти.
19. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институту.
20. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти.
21. Режеп Тайип Эрдоган атындагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасы.
2-глава. Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдары
22. Какиш Рыскулова атындагы № 1 шаардык клиникалык ооруканасы.
23. № 1 төрөт үйү.
24. № 2 үй-бүлөлүк медицина борбору.
25. № 6 үй-бүлөлүк медицина борбору.
26. № 7 үй-бүлөлүк медицина борбору.
27. Спорттук-реабилитациялык борбор.
28. Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.
29. № 11 үй-бүлөлүк медицина борбору.
3-глава. Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо уюмдары
30. Р.Г.Бауэр атындагы Жалал-Абад облустук кургак учукка каршы күрөшүү борбору.
31. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Жалал-Абад облустук кан борбору.
32. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Жалал-Абад облустук адамдын репродуктивдүү ден соолугун коргоо борбору.
33. Жалал-Абад облустар аралык "Бакыт" ден соолукту калыбына келтирүү борбору.
34. Майлуу-Суу жалпы дарыгердик практика борбору.
35. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун А.Кутманов атындагы жалпы дарыгердик практика борбору.
36. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун жалпы дарыгердик практика борбору.
37. Көк-Жаңгак шаарынын жалпы дарыгердик практика борбору.
38. Таш-Көмүр райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.
39. Ала-Бука райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.
40. Токтогул райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.
41. Түштүк региондук жүрөк-кан тамыр хирургия борбору.
4-глава. Талас облусунун саламаттык сактоо уюмдары
42. Чолпон Мамбетов атындагы Талас облустук бириккен ооруканасы.
43. Талас облусунун Талас районунун жалпы дарыгердик практика борбору.
44. Талас облустук кан борбору.
5-глава. Ысык-Көл облусунун саламаттык сактоо уюмдары
45. Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасы.
46. Ысык-Көл облустук соттук-медициналык экспертиза бюросу.
47. Ысык-Көл облустук кургак учукка каршы күрөшүү борбору.
48. Балыкчы шаарынын жалпы дарыгердик практика борбору.
49. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун жалпы дарыгердик практика борбору.
50. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун жалпы дарыгердик практика борбору.
51. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ү.Рысмамбетова атындагы жалпы дарыгердик практика борбору.
52. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын облустук үй-бүлөлүк медицина борбору.
53. Ысык-Көл райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.
6-глава. Ош облусунун саламаттык сактоо уюмдары
54. Ош облустар аралык онкология борбору.
55. Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борбору.
56. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ош облустук соттук-медициналык экспертиза борбору.
57. Ж.Токторбаев атындагы Куршаб жалпы дарыгердик практика борбору.
58. Ош шаарынын шашылыш медицина борбору.
59. Ош балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо боюнча адистештирилген борбору.
60. Ош облусунун Алай районунун жалпы дарыгердик практика борбору.
61. Ош облусунун Кара-Суу районунун үй-бүлөлүк медицина борбору.
62. Нариман аймактык ооруканасы.
63. Ош шаарынын № 1 үй-бүлөлүк медицина борбору.
64. Ош облусу боюнча кызматтын ишин координациялоо функциясы менен Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.
65. Чоң-Алай райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.
66. Кыймыл таяныч тутумундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден-соолугун калыбына келтирүү борбору.
7-глава. Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдары
67. Баткен облустук үй-бүлөлүк медицина борбору.
68. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин облус боюнча кызматынын ишин координациялоо функциялары менен Баткен райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.
69. Кадамжай райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.
70. Баткен облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун контролдоо борбору.
8-глава. Чүй облусунун саламаттык сактоо уюмдары
71. Чүй облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун контролдоо борбору.
72. "Кара-Балта" республикалык кургак учукка каршы ооруканасы.
73. Панфилов районунун жалпы дарыгердик практика борбору.
74. Чүй облусунун Сокулук районунун жалпы дарыгердик практика борбору.
75. Чүй облусунун Кемин районунун жалпы дарыгердик практика борбору.
76. Чүй облусу боюнча кызматтын ишин координациялоо функциясы менен Ысык-Ата райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.
77. Сокулук райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.
78. Жайыл районунун аймактык ооруканасы.
9-глава. Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жергиликтүү өндүрүүчүлөр
79. "Галенфарм" жоопкерчилиги чектелген коому.
80. "Алтей" жоопкерчилиги чектелген коому.
81. "Вольвич" жоопкерчилиги чектелген коому.
82. "Фармакон" жоопкерчилиги чектелген коому.
83. "Патша" жоопкерчилиги чектелген коому.
84. "Биовит" жоопкерчилиги чектелген коому.
85. "Бифарм" жоопкерчилиги чектелген коому.
86. "Арония фарм" жоопкерчилиги чектелген коому.
87. "Ивамед" жоопкерчилиги чектелген коому.
88. "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын "Идеал-Фарм" филиалы.
89. "Айдан Фарма" жабык акционердик коому.
10-глава. Дары каражаттарын даярдоого укугу бар фармацевтикалык фирмалар
90. "Авиценна" ачык типтеги акционердик коому.
91. "Метрополь" жоопкерчилиги чектелген коому.
92. Жеке ишкер А.Д.Джабаева (№ 401 дарыкана).
93. "IMEX" (ИМЭКС) жоопкерчилиги чектелген коому.
94. "Алэма" жоопкерчилиги чектелген коому.
95. "Даниба" жоопкерчилиги чектелген коому.
96. "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасы.
11-глава. Жеке менчик медициналык уюмдар
97. "КАМЭК" көп профилдүү клиникасы" жоопкерчилиги чектелген коому.
98. "Аква Лаб" жоопкерчилиги чектелген коому.
99. "НУР-Фарм" жоопкерчилиги чектелген коому.
100. "Фарма Нур" жоопкерчилиги чектелген коому.
101. "ЭОС ПЛЮС" медициналык дарылоо-диагностикалык борбору" жоопкерчилиги чектелген коому.
12-глава. Билим берүүчү медициналык мекемелер
102. И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы.
103. Бишкек медициналык колледжи.
104. Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети.
105. "Эл аралык медициналык университет" жоопкерчилиги чектелген коому.
13-глава. Медициналык, дарылоо-ден соолукту чыңдоо мекемелери
106. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын аскердик-медициналык мекемеси.
107. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги (госпиталь жана бейтапкана).
108. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы.
109. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Клиникалык оорукана" мамлекеттик мекемеси.
110. Кыргызстандын кесиптик бирликтер федерациясынын "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийи.
111. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Ысык-Көл Аврора санаторийи" мамлекеттик ишканасы.
112. "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун "Кыргыз деңизи" санаторийи филиалы.
113. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик күзөт кызматы.";
2) III бөлүмдө:
37-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"37. "Куликов Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коому.".
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул тескемеден келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |