Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 13-июлунун № 253
Бишкек шаарынын автомобиль жолдорун, көпүрөлөрүн, транспорттук түйүндөрүн жана инженердик тармактарын долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана реабилитациялоо маселелерин ыкчам чечүү максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Бишкек шаарынын төмөнкү участокторунда автомобиль жолдорун, көпүрөлөрдү, транспорттук түйүндөрдү жана инженердик тармактарды долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана реабилитациялоо боюнча жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн заказчысын жана берүүчүлөрүн (подрядчыларын) белгиленген тартипте аныктасын:
1) Мамбет Иманалиев көчөсү Жусуп Абдрахманов көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейин (суу түтүгүн реконструкциялоо менен);
2) Чыңгыз Айтматов проспекти Асанбек Табалдиев көчөсүнөн Иса Ахунбаев көчөсүнө чейин (көчөнүн жүрүүчү бөлүгүн эки тарабынан кеңейтүү менен);
3) Республика көчөсүндөгү Чоң Чүй каналы аркылуу өтүүчү көпүрө;
4) Жусуп Абдрахманов көчөсүнөн Абдыкадыр Орозбеков көчөсүнө чейинки участокто Чоң Чүй каналынын жээгиндеги көрктөндүрүү менен автомобиль жолу (променад);
5) Жусуп Абдрахманов көчөсү Жибек Жолу проспектинен Карыбек Курманалиев көчөсүнө чейин (суу түтүгүн жана канализацияны реконструкциялоо менен);
6) Магистраль көчөсү Чыңгыз Айтматов проспектинен Дооронбек Садырбаев көчөсүнө чейин;
7) Профессор Зима көчөсүнүн чыгыш тарабы Жайнак Саадаев көчөсүнөн Бухара көчөсүнө чейин (көпүрө куруу менен);
8) Аалы Токомбаев проспекти менен Жусуп Абдрахманов көчөсүнүн кесилиши;
9) Манас көчөсү (мурунку Васильевский тракт көчөсү) "Аска-Таш" мемориалдык комплексинен "Манас" эл аралык аэропортуна чейин;
10) Махатма Ганди көчөсү Юрий Гагарин көчөсүнөн Аалы Токомбаев проспектине чейин (суу түтүгүн жана канализацияны реконструкциялоо менен);
11) Шабдан баатыр көчөсү менен Манас көчөсүнүн кесилишиндеги транспорттук түйүн;
12) жер алдындагы жөө жүрүүчүлөр өтмөктөрү (20 объект).
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |