Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ, АРХИТЕКТУРА ЖАНА
ТУРАК-ЖАЙ КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 13-июлу № 474
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба
мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 26-ноябрындагы № 82-чуа
«Кыргыз Республикасынын аймагында шаар куруу, долбоорлоо-
изилдөө иштери жана курулуш-монтаждоо иштери чөйрөсүндөгү чет
мамлекеттер тарабынан берилген, бир тараптуу тартипте таанылуучу
лицензиялардын тизмесин бекитүү жөнүндө» буйругуна өзгөртүүлөрдү
киргизүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин 3-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтому менен бекитилген «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө» жобонун 93-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 20-пунктунун 1-пунктчасын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жөнүндө» (мындан ары – Курулуш министрлиги) жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 26-ноябрындагы № 82-чуа «Кыргыз Республикасынын аймагында шаар куруу, долбоорлоо-изилдөө иштери жана курулуш-монтаждоо иштери чөйрөсүндөгү чет мамлекеттер тарабынан берилген, бир тараптуу тартипте таанылуучу лицензиялардын тизмесин бекитүү жөнүндө» буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында шаар куруу, долбоорлоо-изилдөө иштери жана курулуш-монтаждоо иштери чөйрөсүндөгү чет мамлекеттер тарабынан берилген, бир тараптуу тартипте таанылуучу лицензиялардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы 30 жана 31-пункттар менен толукталсын:
« | |||||
30 | «Экологиялык коргоо жабдуулары Хэнань Вэньгуй» ЖЧК | Кытай Эл Республикасы | Кытай Эл Республикасы, Хунань провинциясы, Хэнъян шаардык округу, Чаннин шаардык уезди, Шэньцяо шаары, Лилэ турак жай аймагы, Лицзя кварталы. | Өнөр жай курулушу тармагындагы долбоордук -изилдөө жана курулуш- монтаждоо иштери | Бирдиктүү каттоо коду: 91430482MA4 RPU7NX2 |
31 | «Кытайдын Биринчи Металлургиялык Корпорациясы» ЖЧК | Кытай Эл Республикасы | Кытай Эл Республикасы, Ухань шаары, Циншань району, Цинпаш районунун 36- кварталы, Индустриалдык көчө, 3-үй, «Ие» илимий- техникалык корпусу | Долбоордук -изилдөө жана курулуш- монтаждоо иштери | Бирдиктүү социалдык кредиттик код «ишмердүүлүк жүргүзүү укугуна лицензия»: 914201001777 275556 |
». | |||||
2. Министринин орун басары Б.Б. Турдугуловго:
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» № 117 токтомуна ылайык ушул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чаралар көрүлсүн;
– расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө, аталган буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат катары жиберилсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары Б.Б. Турдугуловго жуктөлсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2026-жылдын 23-июлунда https://egov.kg/kg/ministry/construction/npa расмий сайтында жарыяланды
Министр | Н.К. Орунтаев |