Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 17-июлу № 114
Гендердик теңчилик маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 648-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеде:
а) он үчүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Чарба боюнча үй жумушу - үй-бүлөнүн керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган, үй-бүлөлүк милдеттердин бир бөлүгү болуп саналган, үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан аткарылуучу жумуш.";
б) он алтынчы бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыйыр гендердик басмырлоо - бардык адамдарга карата бирдей негизде колдонулуучу, бирок иш жүзүндө бир жыныстагы адамдар үчүн ченемдеш болбогон жагымсыз кесепеттерге алып келген жана тиешелүү иштин объективдүү жана ажырагыс талаптары менен шартталбаган кандай болбосун бейтарап кырдаал, ченем, чара, программа же практика.".
в) жыйырма төртүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Сексуалдык асылуу - аялдардын жана эркектердин кадыр-баркын козгогон, алар үчүн жагымсыз, адепсиз жана кемсинтүүчү болуп саналган, сексуалдык мүнөздөгү ар кандай дене бойлук, вербалдык/вербалдык эмес жүрүм-турум түрүндө жана жыныстык белгиси боюнча башка жүрүм-турум түрүндө билдирилген гендердик басмырлоо ошондой эле алар үчүн коркутуучу, кастык же кемсинтүүчү иш чөйрөсүн түзгөн жүрүм-турум; адамдын мындай жүрүм-турумдан баш тартуусу же ага баш ийүүсү бул адамдын жумушуна таасирин тийгизген чечимдерди кабыл алуу үчүн негиз катары ачык же ачык эмес түрдө пайдаланылат.";
г) төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма алтынчы - жыйырма сегизинчи бөлүктөр менен толукталсын:
"Гендердик зомбулук жана сексуалдык асылуу - алар коомдук же жеке жашоодо жасалгандыгына карабастан аялдарга жана эркектерге карата дене бойлук, сексуалдык, психологиялык же экономикалык зыянга же азап тартууга алып келген же болбосо алып келүүсү мүмкүн болгон жыныстык белгиси боюнча зомбулук актылары, анын ичинде мындай актыларды жасоо коркунучу, мажбурлоо же эркиндигинен өз алдынча ажыратуу.
Эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук жана асылуу - гендердик зомбулукту жана сексуалдык асылууну кошкондо, дене бойлук, психологиялык, сексуалдык же экономикалык зыян келтирүү максаты, натыйжасы же мүмкүн болуучу кесепети болуп саналган жүрүм-турумдун жана практиканын алгылыксыз түрлөрү же бир жолу же болбосо системалуу түрдө байкалган мындай коркунучтар.
Үй-бүлөлүк милдеттери бар жумушчулар - камкордукка жана жардамга анык муктаж болгон балдарды же башка үй-бүлө мүчөлөрүн багуу боюнча милдеттери бар, мындай милдеттер алардын экономикалык ишке катышуу, илгерилетүү же жетүү мүмкүнчүлүктөрүн чектеген иштөөчү эркектер жана аялдар.";
2) 3-берене төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- эмгек чөйрөсүндө зомбулуктан жана асылуудан эркин болууга.";
3) 4-беренеде:
а) биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Гендердик мамилелер жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге негизделет жана ушул Мыйзамдан, ага ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынан жана башка ченемдик укуктук актыларынан турат.";
б) үчүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде аялдар жана эркектер үчүн бирдей укуктардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн кепилдиктери жөнүндө ушул Мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда каралгандан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.";
4) 5-беренеде:
а) экинчи бөлүктүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- бирдей бааланган эмгек үчүн бирдей эмес эмгек акы төлөө;";
б) бешинчи бөлүктө:
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- кош бойлуулук, бала төрөө жана бала эмизүү иш-милдеттери менен байланышкан мамилелерди жөнгө салууда айырмачылыктарды белгилөө;";
- бешинчи - жетинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- кандай болбосун айырмачылыктарды белгилөө, өзгөчө талаптарга негизделген белгилүү бир жумушка жол бербөө же артыкчылык берүү;
- камакта кармоочу жайларда кармоонун, жаза аткаруунун жана укуктук таасир берүүнүн башка чараларынын тартибин жана шарттарын жөнгө салуудагы айырмачылыктарды белгилөө;
- эркектердин жана аялдардын коомдогу социалдык статусун бекемдөөгө, эркектер жана аялдар үчүн бирдей укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталган позитивдүү чаралар жана аракеттер.";
5) 7-берененин биринчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 8-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-берене. Гендердик статистика
Мамлекеттик статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу орган гендердик көрсөткүчтөрдүн негизинде коомдун жашоосунун бардык чөйрөлөрүндө аялдардын жана эркектердин абалын чагылдыруучу статистикалык маалыматты чогултууну, иштеп чыгууну, топтоону, сактоону, талдоо жүргүзүүнү жана жарыялоону жүзөгө ашырат.
Гендердик көрсөткүчтөрдү түзүү төмөнкүлөргө негизделет:
- мамлекеттик статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылуучу мамлекеттик статистикалык байкоолорго;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын административдик маалыматтарына;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан системалуу түрдө жүзөгө ашырылуучу статистикалык байкоолорго.
Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын жетекчилери мамлекеттик статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу органга гендердик маселелер, анын ичинде гендердик зомбулуктун жана сексуалдык асылуулардын, аярлуу топторду кошкондо, ченөөлөрү боюнча тиешелүү маалыматты берүүгө милдеттүү.";
7) 10-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүдө гендердик теңчиликтин кепилдиктери
Ар башка жыныстагы адамдар мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүдө, кызмат орду боюнча көтөрүлүүдө жана анын органдарында андан ары иш жүргүзүүдө бирдей укуктарга жана бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ.
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери ар башка жыныстагы адамдарга алардын жөндөмдүүлүгүнө жана кесиптик даярдыгына ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызматка бирдей жетүүсүн камсыз кылууга милдеттүү.
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларынын кадрдык курамында бир жыныстагы кызматчылар басымдуулук кылбашы керек. Мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында квоталаштыруу тутуму (кадрдык курамдагы бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайызынан ашык эмес, анын ичинде чечимдерди кабыл алуу деңгээлинде) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.
3 жылдын аралыгында кызмат ордунан көтөрүлбөгөн жана квалификациясын андан ары жогорулатуу максатында окутууга жөнөтүлбөгөн ар башка жыныстагы адамдар мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын жетекчисинен мындай аракеттердин себептеринин жазуу жүзүндөгү негиздемесин, ошондой эле ал талапкер болуп жаткан кызмат ордуна дайындалган (кабыл алынган, жогорулатылган) же окууга жөнөтүлгөн адамдын тажрыйбасы жана квалификациясы жөнүндө маалыматтарды суроого жана алууга укуктуу.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын бош кызмат орундарын ээлөө кадрлар резервинен мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте камсыз кылынат, ага ар башка жыныстагы адамдар бирдей деңгээлде жана бирдей шарттарда катышат. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарда каралган учурларда бош кызмат орундарын ротация тартибинде ээлөөгө жол берилет.
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары гендердик саясатты эске алуу менен кызматчылардын карьералык өсүүсүнө багытталган чаралардын комплексин иштеп чыгышат.
Мамлекеттик же муниципалдык кызматка кирүүдө жана аны өтөөдө жынысына жараша кандайдыр бир тикелей же кыйыр түрдөгү чектөөлөрдү же болбосо артыкчылыктарды белгилөөгө, анын ичинде бош кызмат орундарына бир жыныстагы адамдар үчүн гана конкурс жарыялоого жол берилбейт.
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын персоналды башкаруу кызматтарына конкурска катышып жаткан адамдардын билими жана кесиптик даярдыгы жөнүндө маалыматтарды гана эмес, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын тиешелүү кызмат орундарында иштеп жаткан эркектердин жана аялдардын сандык катышы жөнүндө маалыматтарды да конкурстук комиссияларга берүү милдети жүктөлөт.
Ушундай эле эсепке алууну мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды кызматы боюнча көтөрүү маселелерин чечүүдө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын персоналды башкаруу кызматтары жүргүзөт.
Ушул берене менен белгиленген талаптарды бузуу мыйзамсыз чечимдерди же бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстун натыйжаларын жокко чыгарууга алып келет.
Эгерде конкурс боюнча мамлекеттик жарандык же муниципалдык кызматтын бош кызмат ордун ээлөөгө ар башка жыныстагы эки талапкер өтсө, анда бирдей шарттарда көрсөтүлгөн кызмат ордуна ошол органда аз көрсөтүлгөн жыныстагы талапкер кабыл алынууга тийиш.
Ушул берененин жоболорун бузгандыгы үчүн күнөөлүү кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылат.";
8) 18-беренеде:
а) бешинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Белгилүү бир жыныстагы гана адамдар тарабынан аткарылышы мүмкүн болгон өзгөчө иштерди кошпогондо, жалдоочуларга бош орундар жөнүндө кулактандырууларда (жарнамада) ишти аялдарга гана же эркектерге гана сунуш кылууга; ар кандай шарттарды коюуга; ишке орношуп жаткан адамдардан алардын кесиптик сапаттарына тиешеси жок маалыматтарды, анын ичинде алардын жеке жашоосу, балдарынын бар экендиги, бала төрөө пландары же үй-бүлө мүчөлөрүн багуу боюнча милдеттери жөнүндө маалыматтарды берүүнү талап кылууга тыюу салынат.";
б) алтынчы бөлүк "камсыз кылууга" деген сөздөрдөн кийин "жана үй-бүлөсүнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен алардын жумуш орундарын уюштуруу боюнча чараларды көрүүгө" деген сөздөр менен толукталсын;
9) 19-берененин экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эмгек акынын ставкасындагы айырмачылык бирдей сыйакы принцибине карама-каршы келбеген учурларды кошпогондо, жыныстык белгиси боюнча акы төлөөнү төмөндөтүүгө же эмгек шарттарынын начарлатууга жол берилбейт жана ал гендердик басмырлоонун көрүнүшү катары каралат.";
10) 21 жана 22-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21-берене. Эмгек чөйрөсүндө гендердик зомбулуктун жана сексуалдык асылуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу жана гендердик басмырлоо үчүн жоопкерчилик
Жалдоочу эмгек чөйрөсүндө ар башка жыныстагы иштеген адамдарды, алар жалдоочунун сексуалдык асылууларына бөгөт койгондугунун же гендердик басмырлоосу үчүн жалдоочунун үстүнөн даттануу бергендигинин негизинде гендердик зомбулукка жана сексуалдык асылууларга дуушар кылууга укуксуз.
Эмгек чөйрөсүндө гендердик стереотиптердин негизинде гендердик зомбулук жана асылуулар, анын ичинде сексуалдык асылуулар жасалган учурларда жалдоочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Жалдоочу эмгек чөйрөсүндө гендердик зомбулуктун жана асылуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чараларды көрүүгө, ошондой эле кызматкерлердин өкүлдөрү менен кызматташтыкта гендердик зомбулуктун тобокелдик факторлоруна талдоо жүргүзүүнүн негизинде эмгек чөйрөсүндө ага каршы аракеттенүүнү камсыз кылуучу тиешелүү комплекстүү чараларды иштеп чыгууга жана кабыл алууга милдеттүү.
Эгерде жалдоочу өзүнүн мыйзамсыз аракеттери менен кызматкерди бошонууга мажбур кылса, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылат.
Гендердик басмырлоо фактысы аныкталганда кызматкерге моралдык жана материалдык залалдын орду сот тартибинде толтурулат. Сот жалдоочуну гендердик басмырлоого байланыштуу ишке алуудан баш тартылган адамды ишке алууга жана гендердик басмырлоого байланыштуу иштен бошотулган адамды кызмат ордуна кайра коюуну милдеттендирүүгө укуктуу.
Эскертүү: Эмгек чөйрөсүндөгү гендердик зомбулук жана сексуалдык асылуулар төмөнкүдөй аткарылуучу жумуш менен байланышкан болушу мүмкүн:
- иштеген жери боюнча, анын ичинде жумуш орду болуп саналган коомдук жайларда жана жеке жайларда;
- кызматкер эмгек акысын алган, эс алуу үчүн тыныгууларды пайдаланган же тамактанган, же санитардык-тиричилик жайларын жана кийим алмаштыруу бөлмөлөрүн пайдаланган жерлерде;
- кызматтык иш сапарларда, сапарларда, кесиптик даярдыкта, иш-чараларды өткөрүүдө же социалдык ишти жүзөгө ашыруу убагында;
- маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу менен жүзөгө ашырылуучуларды кошкондо, эмгек иши менен байланышкан коммуникациялардын жүрүшүндө;
- жалдоочу тарабынан берилүүчү турак жайларда;
- ишке бара жаткан жана иштен кайтып келе жаткан убакыттарда.
22-берене. Үй-бүлөлүк милдеттерди жана чарбачылык боюнча үй жумуштарын аткаруудагы гендердик теңчилик
Мамлекет чарбачылык боюнча үй жумушун тааныйт. Чарбачылык боюнча үй жумушу үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугун, эмгекке жөндөмдүүлүгүн жана руханий керектөөлөрүн калыптандырат, колдойт жана өнүктүрөт.
Мамлекет улуттук шарттарга жана мүмкүнчүлүктөргө шайкеш келген бардык чараларды, анын ичинде үй-бүлөлүк милдеттери бар жумушчуларга эмгек ишин баштоого же улантууга, ошондой эле бул милдеттерге байланыштуу жумушта жок болуусунан кийин аны кайра баштоого мүмкүнчүлүк берүүчү кесиптик багыт жана даярдоо жаатындагы чараларды көрөт.
Чарбачылык боюнча үй жумушу үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан ыктыярдуу негизде аткарылат жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн гендердик жана басмырлоонун башка формаларынын ыкмасы катары болбойт жана ар башка жыныстагы адамдар тарабынан бирдей даражада жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Жалдоочу үй-бүлөлүк милдеттер эркек жана аял кызматкерлердин экономикалык ишке даярдануу, жетүү, катышуу же илгерилөө мүмкүнчүлүктөрүн чектеген учурда акы төлөнүүчү эмгек менен үй-бүлөлүк милдеттерди аткаруунун ортосунда тең салмактуулукка жетишүүгө багытталган чараларды көрүүгө милдеттүү.
Үй-бүлөлүк милдеттер өз алдынча эмгек мамилелерин токтотуу үчүн негиз боло албайт.
Эркектер менен аялдар чарбачылык боюнча үй жумушун аткаруу, ошондой эле өздөрүнүн багуусунда турган балдарына, алардын багуусуна жана жардамына анык муктаж болгон үй-бүлө мүчөлөрү болуп саналган башка жакын туугандарына карата үй-бүлөлүк милдеттерин аткаруу боюнча бирдей милдетти аткарат.
Үй-бүлөлүк милдеттерди аткаруу эркектерди жана аялдарды экономикалык ишке даярдануу, жетүү, катышуу же илгерилетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратпоого тийиш.
Мамлекет үй эмгеги боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү чөйрөсүндө жарандык коомду жана жеке секторду колдойт жана кызматташат.";
11) 24-берененин экинчи бөлүгүнүн экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Президенттин сунуштамасы боюнча Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сунушунун негизинде Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьяларын шайлайт;
- Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамын бекитет;";
12) 25-берененин аталышында жана биринчи бөлүгүндө ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 26-беренеде:
а) бешинчи абзац "мамлекеттик программаларга" деген сөздөрдөн кийин "гендердик индикаторлордун негизинде" деген сөздөр менен толукталсын;
б) сегизинчи абзац "фактыларын каттоону жана" деген сөздөрдөн кийин "мындай статистиканы кийин мамлекеттик статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу органга жөнөтүү менен" деген сөздөр менен толукталсын;
в) онунчу абзацта "жүзөгө ашырат" деген сөздөр "системалуу жүзөгө ашырат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) 29 жана 30-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"29-берене. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорунун гендердик экспертизасы
Гендердик экспертиза гендердик теңчилик жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында жана алардын долбоорлорунда гендердик теңчиликти бузуу фактыларын изилдөө жапа табуу, ошондой эле иштелип жаткан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунда гендердик теңчиликти бузуу фактыларына жол бербөө, ар башка жыныстагы адамдарга адамдын жашоо-тиричилигинин саясий, социалдык, экономикалык, эмгектик, маданий жана башка чөйрөлөрүндө бирдей укуктарды жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүү принцибин сактоо, эркектерди жана аялдарды жыныстык белгиси боюнча басмырлоодон коргоо максатында жүргүзүлөт.
Гендердик экспертиза ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандык коомдун уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
Ченемдик укуктук актынын же мындай актынын долбоорунун эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктарды жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу принцибине дал келбегендиги аныкталган учурда, гендердик экспертизанын корутундусу мындай ченемдик укуктук актыны кабыл алган органга жиберилет.
Гендердик экспертиза жүргүзүү тартиби ченемдик укуктук актылар менен белгиленет.";
30-берене. Гендердик теңчиликти бузуу фактылары боюнча жарандардын кайрылуу тартиби
Гендердик басмырлоого туш болгон адамдар Акыйкатчыга (Омбудсменге), прокуратура органдарына, сот жана башка мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бир убакта кайрылууга укуктуу.
Ушул берененин биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн субъекттер гендердик басмырлоо фактылары жөнүндө кайрылууларды кароону жарандардын кайрылууларын кароо тартибин, көрсөтүлгөн субъекттердин укуктук статусун жана уюштуруу ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жүзөгө ашырат.
Жыныстык белгиси боюнча өзүнө карата басмырлоого, анын ичинде сексуалдык асылууларга жол берилди деп эсептеген адам жалдоочуга даттанууга укуктуу. Жалдоочу мындай даттанууну негизсиз кечиктирбестен кароого, жол-жоболордун купуялуулугун камсыз кылууга жана арыз ээсине жазуу жүзүндө жүйөлүү жооп берүүгө милдеттүү. Арыз ээси даттанууну кароонун жүрүшүндө тааныштырылууга же өзү тандаган адамдан жардам алууга укуктуу. Арыз ээси даттануу бергендигине байланыштуу куугунтуктун кандай болбосун түрүнөн, жагымсыз мамиледен же болбосо башка терс кесепеттерден корголууга тийиш.
Даттанууларды кароонун ички жол-жоболорун пайдалануу адамдын компетенттүү мамлекеттик органдарга же сотко кайрылуу укугун чектебейт.
Жыныстык белгиси боюнча басмырлоо жөнүндө иштерди кароодо, эгерде арыз ээси тарабынан басмырлоонун болгондугун болжолдоого мүмкүндүк берүүчү фактылар көрсөтүлсө, басмырлоонун жоктугун далилдөө түйшүгү ага карата даттануу каралып жаткан адамга жүктөлөт.";
15) 34-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"34-берене. Кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик, муниципалдык жана башка уюмдардын уюштуруу-тескөөчү, административдик-чарбалык, контролдук-текшерүү же каттоо иш-милдеттерин аткаруучу кызмат адамдары ушул Мыйзамдын жоболорун бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.";
16) 36-берененин биринчи бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 2-ноябры, № 113-114) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 16-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси бош кызмат орунга кадрлар резервинде турган адамды же болбосо мамлекеттик жарандык кызматчыны, муниципалдык кызматчыны ал мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык болгондо, ошондой эле бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган гендердик өкүлчүлүгүн эске алуу менен ротациялоо тартибинде дайындоого укуктуу.";
2) 17-берененин 3-бөлүгү "кирүү эрежелери" деген сөздөрдөн кийин "бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган гендердик өкүлчүлүгүн эске алуу менен" деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене.
"Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 290-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 221 жана 222-беренелер менен толукталсын:
"221-берене. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча квалификацияны жогорулатуу
1. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ар бир субъекттин жооптуу кызматкерлери үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча квалификациясын жогорулатууга милдеттүү.
Квалификацияны жогорулатуу республикалык бюджеттин, ошондой эле мыйзамдарда тыюу салынбаган башка булактардын каражаттарынын эсебинен бул мезгилде эмгек акысын сактоо менен окуу программаларына ылайык жылына бирден кем эмес жолу жүзөгө ашырылат.
2. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттер өздөрүнүн окуу жайларында квалификацияны жогорулатуу жана окутуу программаларына гендердик теңчилик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу маселелери боюнча милдеттүү түрдө окутуу курсун киргизет.
Бул курс боюнча окутуунун натыйжалары кызматкерлерди кызматы боюнча жогорулатуу, ротациялоо жана сыйлоо жөнүндө маселени кароодо эсепке алынууга тийиш.";
222-берене. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттин кызматкерлерин материалдык эмес шыктандыруу чаралары
1. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин кызматкерлерине кошумча дем берүү максатында материалдык эмес шыктандыруу тутуму колдонулат.
2. Материалдык эмес шыктандыруу тутуму сыйлоонун төмөнкүдөй түрлөрүнөн түзүлөт:
1) ыраазычылык жарыялоо;
2) ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоо;
3) мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын башка сыйлыктары менен сыйлоо;
4) эстелик белеги, төш белгиси менен сыйлоо;
5) мурда салынган тартиптик жазаны алып салуу.
3. Кызматчыны сыйлоо чаралары үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттин жетекчиси тарабынан колдонулат.";
3) 4-главада:
а) 4-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4-глава. Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча мониторинг жүргүзүү, эсепке алуу жана отчеттуулук";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 371 - 373-беренелер менен толукталсын:
"371-берене. Гендердик теңчиликке жетишүү жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча мониторинг жүргүзүү жана отчеттуулук
Гендердик теңчиликке жетишүү жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-аракеттердин мониторинги жана анын ишке ашырылышын баалоо алардын ишинин өзгөчөлүгүн эске алуу менен гендердик өзүн өзү баалоону жүргүзүү үчүн индикаторлордун негизинде үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча бардык субъекттер тарабынан жүргүзүлөт.
372-берене. Гендердик өзүн өзү баалоонун негизги милдеттери
1. Гендердик өзүн өзү баалоонун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) бекитилген индикаторлордун негизинде гендердик теңчиликке жетишүү жана гендердик сезимталдыкты жогорулатуу боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттин ишинин натыйжаларына өзүнүн талдоо жүргүзүүсү;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышынын абалын баалоо;
3) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттерде аялдардын жана эркектердин сандык катышын ар түрдүү деңгээлде изилдөө;
4) гендердик теңчиликти илгерилетүү жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу көрсөткүчтөрүнө салыштырма талдоо жүргүзүү;
5) гендердик теңчиликке жетишүү жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча чечимдерди кабыл алуу жана иштин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгуу.
2. Гендердик өзүн өзү баалоону жүргүзүү үчүн методология, индикаторлор жана тиешелүү ченемдик актылар үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
373-берене. Гендердик өзүн өзү баалоо жүргүзүүнүн тартиби
1. Гендердик өзүн өзү баалоо үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ар бир субъекттин бекитилген планынын негизинде жүргүзүлөт.
Гендердик өзүн өзү баалоо жүргүзүүнү координациялоо гендердик маселелер боюнча жооптуу адамга жүктөлөт.
2. Гендердик өзүн өзү баалоо жүргүзүү үчүн тиешелүү чөйрөдө зарыл болгон билимге жана иш тажрыйбасына ээ адистер тартылышы мүмкүн.
3. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттер гендердик өзүн өзү баалоо боюнча отчетторду үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тартипте жана атайын формалардын негизинде жыл сайын берет жана аларды үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт.
4. Гендердик өзүн өзү баалоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча гендердик өзүн өзү баалоо боюнча отчет түзүлөт, ал аяктаган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирилбестен үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жиберилет.
5. Гендердик өзүн өзү баалоонун натыйжаларын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу орган бир айдын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча бардык субъекттердин жетекчилеринин ведомстволор аралык кеңешмесинин кароосуна берет.
Кароонун жыйынтыктары боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ар бир субъект гендердик теңчиликке жетишүү жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча өз ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган чараларды, анын ичинде кадрдык саясатты жүргүзүүдө аныктайт.
Көрсөтүлгөн чаралардын ишке ашырылышын контролдоо үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттин жетекчисине жүктөлөт.".
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
189-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Адамдын тең укуктуулугун этиятсыздыктан олуттуу залал келтирген бузуу, атап айтканда, укуктарын түз же болбосо кыйыр чектөө, анын ичинде укукту ишке ашырууга тоскоолдук кылуу же болбосо андай мүмкүнчүлүктөн ажыратуу, же жынысына, расасына, улутуна, тилине, майыптыгына, этностук таандыктыгына, дин тутуусуна, курагына, саясий же башка ынанымдарына, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына жараша түз же болбосо кыйыр артыкчылыктарды белгилөө -
эки айдан бир жылга чейинки түзөтүү жумуштарына же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып пул салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон эки жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 21-июлундагы № 54 (3814) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |