Редакцияот 10.07.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 10-июлу № 475

 

 

Турак жай курулушу үчүн арналган калктуу

конуштардын жерлери деп таанылган жерлерди пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө

 

 

«Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Турак жай курулушу үчүн арналган калктуу конуштардын жерлери деп таанылган жерлерди пайдалануу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 14-июлундагы № 52 (3812) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев