Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 15-июлу № 257
Бишкек шаарынын автомобиль жолдорун жана инженердик тармактарын куруу, реконструкциялоо жана реабилитациялоо маселелерин ыкчам чечүү максатында, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66,.71-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Бишкек шаарынын төмөнкү участокторундагы автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо жана реабилитациялоо боюнча жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн берүүчүлөрүн (подрядчыларын) белгиленген тартипте аныктасын:
1) Аалы Токомбаев проспектинен Зверохозяйство көчөсүнө чейин (көпүрөгө чейин) долбоорлонуучу көчө;
2) Махатма Ганди көчөсүнөн Ала-Арча көчөсүнө чейин долбоорлонуучу көчө.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |