|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 475 токтомуна) |
Турак жай курулушу үчүн арналган калктуу
конуштардын жерлери деп таанылган жерлерди пайдалануу тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Турак жай курулушу үчүн арналган калктуу конуштардын жерлери деп таанылган жерлерди пайдалануу тартиби (мындан ары – Тартип) «Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүн аткаруу үчүн иштелип чыккан жана «турак жай курулушу» максаттуу багыты менен калктуу конуштардын жерлери деп таанылган багбанчылык-дача жер тилкелерин жана тиешелүү инфраструктурасы менен аймактарды пайдалануунун, чегин ажыратуунун жана башкаруунун механизмин аныктайт.
Тиешелүү инфраструктурасы менен аймактарга жалпы пайдалануудагы жерлер жана багбанчылык-дача жер тилкелеринин менчик ээлеринин жалпы мүлкүнүн объекттери кирет.
2. Багбанчылык-дача жер тилкелерин турак жай курулушу үчүн арналган калктуу конуштардын жерлери деп таануу жеке жактардын мурда пайда болгон менчик укуктарын жана башка буюмдук укуктарын токтотууга, чектөөгө же өзгөртүүгө алып келбейт.
3. Суу фондунун жерлеринин категориясына кирген багбанчылык-дача жер тилкелерин пайдаланууга байланышкан мамилелер Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдары менен жөнгө салынат.
4. Бул Тартип багбанчылык-дача аймактарынын чектеринде аларды аныктоо жана чегин ажыратуу тартибинен тышкары, Кыргыз Республикасынын Суу кодексине ылайык гана колдонулууга тийиш болгон суу фондунун жерлерин пайдалануу маселелерин жөнгө салбайт.
5. Жерлерди суу фондунун жерлерине киргизүү жер тилкелерине мурда пайда болгон менчик укуктарын жана башка буюмдук укуктарды токтотууга, чектөөгө же өзгөртүүгө алып келбейт.
Суу фондунун жерлеринде мурда курулган дача курулуштары жарандарды жашаган жери боюнча эсепке алуу үчүн негиз болушу мүмкүн.
6. Багбанчылык-дача жер тилкесинин менчик ээси каза болгон же менчик ээси Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан учурда багбанчылык-дача жер тилкесине укуктарды пайдалануу, өтүүсү жана тариздөө маселелери Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен жөнгө салынат.
2-глава. Калктуу конуштардын жерлери деп таанылган жер тилкелеринин аймактарынын чектерин аныктоо
7. «Турак жай курулушу» максаттуу багыты менен калктуу конуштардын жерлери деп таанылган аймак мурда дача курулушу же багбанчылык-дача уюмдары (жамааттык багбанчылык) үчүн бөлүнгөн жерлердин чегинде аныкталат.
8. Аймактын чектерин аныктоо үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын 1999-жылдын 16-июнуна чейин кабыл алынган жерлерди дача курулушу (багбанчылык шериктештиги) же багбанчылык-дача уюмдары үчүн бөлүү жөнүндө чечимдери;
2) 1999-жылдын 16-июнуна чейин жүргүзүлгөн жерлерди инвентаризациялоо материалдары;
3) мамлекеттик жер кадастрынын маалыматтары;
4) Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринин маалыматтары;
5) жерге жайгаштыруу жана жерди эсепке алуучу шаар куруу документтери.
9. Аймактын иш жүзүндөгү аянты бөлүү жөнүндө баштапкы чечимдерде белгиленген аянттан ашып кеткендиги аныкталган учурда, мындай жерлерди кошуу Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
10. Калктуу конуштардын жерлери деп таанылган аймак багбанчылык-дача уюмунун же багбанчылык шериктештигинин аталышын сактоо менен жакынкы калктуу конуштун турак жай массивинин участогу болуп эсептелет.
3-глава. Жерлердин чектерин аныктоо жана чегин ажыратуу боюнча комиссия
11. Калктуу конуштардын жерлерине туура келген аймактардын чектерин, суу фондунун жерлерин, жалпы пайдалануудагы жерлерди жана жалпы мүлк объекттерин аныктоо үчүн комиссия түзүлөт.
12. Комиссия жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же облустук же республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын тескемеси менен түзүлөт.
Комиссиянын иштөө мөөнөтү аны түзүү жөнүндө акт менен аныкталат.
13. Комиссиянын курамына төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү кирет:
1) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын;
3) архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын;
4) кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын;
5) суу ресурстары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын;
6) энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын («Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому (электр тармактар ишканалары, райондук электр тармактары), Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызмат);
7) өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын;
8) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын;
9) жаратылыш ресурстары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын;
10) жалпы чогулушта шайланган дача курулушунун (багбанчылык шериктештигинин) же багбанчылык-дача уюмунун (багбанчылык-дача жер тилкелеринин менчик ээлери).
14. Комиссия төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) калктуу конуштардын жерлерине туура келген аймактардын чектерин аныктоону;
2) суу фондуна тиешелүү болгон жерлерди жана контурларды аныктоону;
3) жалпы пайдалануудагы жерлердин жана багбанчылык-дача жер тилкелеринин менчик ээлеринин жалпы мүлк объекттеринин тизмегин түзүүнү;
4) сервитут белгилөө боюнча жерлерди аныктоону;
5) корутунду даярдоону.
15. Комиссия өз ишин жыйналыштар түрүндө жүргүзөт. Комиссиянын жыйналышы комиссиянын төрагасы же анын мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча чакыртылат.
16. Комиссиянын жыйналышы анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышканда ыйгарым укуктуу болуп саналат. Кворум жок болгон учурда жыйналыш жылдырылат.
17. Аймактын чектерин аныктоо ушул Тартиптин 6-пунктунда каралган документтердин негизинде комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат. Документтердин негизинде чектерди аныктоо мүмкүн болбогон учурда комиссия жерине баруу менен аймактын чектерин аныктайт.
Чектерди аныктоонун жыйынтыгы боюнча комиссия мүчөлөрү кол коюучу тиешелүү акт (схема) түзүлөт.
18. Комиссиянын чечимдери комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат.
Добуштар тең болуп калган учурда комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
19. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча катышкан бардык комиссия мүчөлөрү кол койгон корутунду таризделет.
Кабыл алынган чечимге макул болбогон комиссия мүчөлөрү комиссиянын корутундусуна тиркелүүчү өзгөчө пикирин билдирүүгө укуктуу.
20. Комиссиянын корутундусу кабыл алынган чечимдердин негиздемесин жана тиркелген тийиштүү материалдарды (схема-карталарды, башка документтер болгон учурда изилдөө актыларын) камтууга тийиш.
21. Комиссиянын корутундусу жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын төмөнкүлөр жөнүндө чечимдерин кабыл алуу үчүн милдеттүү негиз болуп саналат:
1) калктуу конуштун аймагын жана суу фондунун жерлерин аныктоо;
2) жалпы пайдалануудагы жерлердин жана багбанчылык-дача жер тилкелеринин менчик ээлеринин жалпы мүлк объекттеринин тизмегин бекитүү жана аларды муниципалдык менчикке өткөрүп берүү.
22. Багбанчылык-дача аймагынын (багбанчылык шериктештиги же багбанчылык-дача уюмдарынын) чектери суу фондунун жерлери менен кесилишкен учурда, калктуу конуштардын жерлеринин жана суу фондунун жерлеринин чегин ажыратуу үчүн комиссия суу фондунун жерлерин турак жай курулушунун аймагынан чыгарат жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына сервитут белгилөө боюнча чечим кабыл алууну сунуштайт.
23. Комиссиянын корутундусуна жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын чечимине кызыкдар адамдар Кыргыз Республикасынын административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте даттана алат.
4-глава. Жалпы пайдалануудагы жерлер жана жалпы мүлк
24. Жалпы пайдалануудагы жерлерге жолдор, көчөлөр, аянттар, тротуарлар, жол жээгиндеги жер тилкелери, бак-дарактар, газондор, арыктар, автомобиль жолдорун бойлой жайгашкан жана өткөн башка сугат тармактары, өтмөктөр, токой парктары, эс алуу парктары, сейил бактар, скверлер, көлмөлөр ж.б. кирет.
Жалпы пайдалануудагы жерлер капиталдык курулушка пайдаланылбайт жана алар менчикке жана субарендага берилбейт.
Жалпы мүлк объекттерине суу мунаралары, скважиналар, резервуарлар, суткалык жөнгө салуу бассейндери, трансформатордук подстанциялар, электр берүү линиялары, балдар жана спорт аянтчалары, өрткө каршы курулмалар, кароолчунун үйү жана башкалар кирет.
25. Жалпы пайдалануудагы жерлер муниципалдык менчикке өткөрүп берилүүгө тийиш.
Муниципалдык менчик укугун каттоо ушул Тартиптин 19-пунктунда көрсөтүлгөн жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын корутундусунун негизинде жүзөгө ашырылат.
26. Жалпы мүлк объекттеринин алдындагы жер тилкелери өзүнчө жер тилкелери катары түзүлөт же жалпы пайдалануудагы жерлердин курамына киргизилет, же Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык сервитут шарттарында пайдаланылат.
27. Багбанчылык-дача жер тилкелеринин менчик ээлеринин жалпы мүлк объекттери муниципалдык менчикке төмөнкү негиздерде өткөрүп берилет:
1) менчик ээлеринин жалпы жыйынынын же шериктештиктин ыйгарым укуктуу органынын чечиминин;
2) жергиликтүү кеңештин мүлктү муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдугу жөнүндө чечиминин;
3) багбанчылык-дача жер тилкелеринин менчик ээлеринин жалпы мүлк объекттеринин тизмегинин.
28. Менчик укугу жөнүндө документтер же бухгалтердик баланс документтери жок болгон учурда комиссия иш жүзүндө багбанчылык-дача жер тилкелеринин менчик ээлеринин жалпы мүлк объекттеринин тизмегин түзөт.
29. Трансформатордук подстанциялар жана электр берүү линиялары багбанчылык-дача жер тилкелеринин менчик ээлери тарабынан техникалык жактан жарактуу абалга келтирилет.
Трансформатордук подстанцияларды жана электр берүү линияларын жана алардын алдындагы жер тилкелерин кошо алганда, электр тармактар чарбасы боюнча энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын өкүлү («Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому (электр тармактар ишканалары, электр тармактар райондору), Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызмат) менен биргеликте учурдагы техникалык абалы жөнүндө акт түзүлөт.
Комиссия жана ушул пунктта көрсөтүлгөн энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрү тарабынан трансформатордук подстанцияларды жана электр берүү линияларын жана алардын алдындагы жер тилкелерин бардык бухгалтердик жана техникалык документтерди тиркөө менен кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы түзүлөт. Кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
5-глава. Аймакты башкаруу жана менчик ээлеринин катышуусу
30. Жалпы пайдалануудагы жерлерди жана муниципалдык инфраструктураны (жалпы мүлк объекттерин) башкаруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
31. Жер тилкелеринин менчик ээлери төмөнкү максаттарда шериктештиктерди, коомдорду же башка коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө укуктуу:
1) жалпы кызыкчылыктарды билдирүү;
2) аймакты көрктөндүрүүгө катышуу;
3) жалпы мүлктү күтүү.
32. Шериктештиктерди, коомдорду же башка коммерциялык эмес уюмдарды түзүү аларга жалпы пайдалануудагы жерлерди жана инфраструктура объекттерин башкаруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүгө алып келбейт.
6-глава. Шаар курууну жөнгө салуу жана курулуш
33. Курулуш жана аймакты пайдалануу максаттуу багытына, курулуштун жана жерди пайдалануунун эрежелерине, шаар куруу документтерине, курулуш ченемдерине жана эрежелерине так ылайык жүзөгө ашырылат.
34. Турак жай курулушу үчүн арналган, калктуу конуштардын жерлери деп таанылган багбанчылык-дача жер тилкелерине «Калктуу конуштардын жерлери» категориясы үчүн каралган ченемдер, эрежелер жана талаптар, алардын максаттуу багыты, «турак жай курулушуна» ээлик кылуунун жана пайдалануунун укуктук режими, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жер, шаар куруу жана башка мыйзамдарында белгиленген укуктар, милдеттер жана жоопкерчиликтер жайылтылат.
35. Шаар куруу документтери бекитилгенге чейин, жер тилкелерин мурда белгиленген максаттуу пайдалануу ченемдерин жана коопсуздук талаптарын сактоо менен учурдагы курулуштун чегинде пайдаланууга жол берилет.
36. Калктуу конуштардын жерлери деп таанылган, турак жай курууга арналган жана кыймылсыз мүлктүн бирдиги болуп саналган багбанчылык-дача жер тилкелерине дарек ыйгаруу даректерди ыйгарууну жана дарек регистрин жүргүзүүнү жөнгө салуучу мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
37. Калктуу конуштардын жерлери деп таанылган, турак жай курууга арналган багбанчылык-дача жер тилкелеринде жайгашкан үй ээлерин электр энергиясы менен камсыз кылуу жер тилкелери жайгашкан жери боюнча электр тармак ишканасы менен белгиленген тартипте түзүлгөн электр энергиясы менен камсыз кылуу келишиминин негизинде жүзөгө ашырылат.
38. Калктуу конуштардын жерлери деп таанылган, турак жай курууга арналган багбанчылык-дача жер тилкелери үчүнчү жактардын укуктарынан бош жана ээлик кылуучулары жок «ээси жок» болгон учурда, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жөнгө салынууга тийиш.
39. Калктуу конуштардын жерлери деп таанылган, турак жай курууга арналган багбанчылык-дача жер тилкелеринин менчик ээлери төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жер тилкелерин алардын максаттуу багытына ылайык пайдаланууга;
2) жалпы пайдалануудагы жерлердин техникалык жана санитардык абалы талаптагыдай сакталышын камсыздоого;
3) ушул Тартиптин ченемдерин, өрт коопсуздугу эрежелерин, суу түтүктөрүн, электр, газ жана башка приборлорду пайдалануу эрежелерин сактоого;
4) жалпы пайдалануудагы жерлерде тазалыкты жана тартипти сактоого;
5) сууну, газды, электр жана жылуулук энергиясын үнөмдүү пайдаланууга;
6) санитардык-техникалык жана башка жабдууларга, көрктөндүрүү объекттерине жана башка жалпы мүлккө этият мамиле кылууга;
7) жалпы мүлктү жана жалпы пайдалануудагы мүлктү күтүү боюнча чыгымдарга катышууга, кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө;
8) жалпы мүлккө же башка менчик ээсинин мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында толтурууга;
9) сууну пайдалануу жабдууларында суу агып кетишине алып келген бузулуулар аныкталса, аларды жоюу боюнча чараларды көрүүгө жана бул тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына билдирүүгө;
10) тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда, тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылууга;
11) багбанчылык-дача жер тилкелеринин аймагында жана ага жанаша жайгашкан аймактардагы тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоону жана сактоону камсыз кылууга.