РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-июлундагы № 536-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 1175-т тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси

Редакцияот 16.07.2026
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР

КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

 

2026-жылдын 16-июлу № 536-т

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 1175-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган тескеме менен бекитилген залкар жазуучу-гуманист, философ, дипломат жана мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры жана Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамында:

төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, уюштуруу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары;».

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев