ГРОЗДЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
ГРОЗДЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН СЕССИЯСЫНЫН XXVII ЧАКЫРЫЛЫШТЫН ОТУРУМУ
2023-жылдын «21» декабрындагы № 143
Жайыт жерлерин өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргоону жана башка маанидеги жерлердин категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө
К.Ж.Жумалиеванын жазуу түрүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-мартындагы токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндө” убактылуу жобонун 13-беренесинин 2-пунктунун негизинде; 2014-ж. № 169, Грозден айылдык кеңеши,
Токтом кылат:
1. Чүй областынын Аламүдүн району Гроздь айыл аймагы 287 контур дарегинде жайгашкан кирпич заводун куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы» көмөкчү чарба жерлер категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка маанидеги» жерлерге которуу. Жалпы аянты 23 гектар жер участогун өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. 287 контурда өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жерлери категориясы боюнча Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына 23 га жер тилкесин (жайыт жерин) өткөрүп берүү өтүнүчү менен кайрылуу.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гроздь айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Гроздь айылдык Кенештин төрагасы |
|
А.У.Усманов |