ГРОЗДЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
ГРОЗДЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН СЕССИЯСЫНЫН XXVII ЧАКЫРЫЛЫШТЫН ОТУРУМУ
2023-жылдын «21» декабрындагы № 151
Гроздь айыл аймагынын 2024-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2025-2026-жылдарга болжолун түзүү жөнүндө
Гроздь айылдык Кеңешинин бюджетти пландоо комиссиясынын мүчөсү Базаркулов У.Ш маалыматын угуп жана талкуулап, Гроздь айылдык Кенеши
ТОКТОМ кылат:
1. 2024-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн бюджети 15011,1 миң сом суммасында (атайын каражаттарды кошкондо) бекитилсин:
- бюджети – 13411,1 миң сом
- атайын каражаттар – 1600,0 миң сом
2. 2024-жылга атайын каражаттарды эсепке алуу менен 15011,1 миң сом суммасында киреше № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. 2025-2026-жылдарга бюджеттин киреше бөлүгүнүн болжолу № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. 2024-жылга бюджеттин чыгаша бөлүгү атайын каражаттарды эске алуу менен 15011,1 миң сом суммасында № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. 2024-жылга бюджеттин жумушчу кассалык калдыктары 10,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. Айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгүн каржылоо корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соцфондго чегерүү, тамак-аш, коммуналдык кызматтар) көрсөтүлгөн тартипте, ал эми иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
7. Финансы бөлүмүнө өндүрүштүк муктаждыкка байланыштуу айыл округунун бюджетин аткаруу процессинде ассигнованиелерди чыгаша статьялары боюнча, ошондой эле негизги топтор боюнча жалпы чыгашалардын чегинде кайра бөлүштүрүү укугу берилсин. чыгашалардын чакан топтору, чыгашалардын корголгон статьяларын кыскартуусуз.
8. 2024-жылга Гроздь айыл өкмөтүнүн аппараты, турак жай-коммуналдык чарба, китепкана, спорт боюнча штаттык расписанияларды №4,5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
9. Бала бакчанын тарбиялануучуларынын тамак-ашынын өлчөмү ар бир балага барган күнү 18 сомдон айыл өкмөтүнүн бюджетинен бекитилсин.
10. Айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 2024-жылга жалпы чыгашалардын 1% өлчөмүндө 134,1 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
11. Аппараттын «Контракт боюнча кабыл алынган жумушчулар»
- 21112 беренеси боюнча жумушчуларды контракттык негизде кармоого – 728,1 миң сом, 2121 беренеси боюнча «Социалдык фонд» - 125,6 миң сом.
12. Бул Жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гроздь айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Б.Джумалиевге жүктөлсүн.
Гроздь айылдык Кенештин төрагасы |
|
А.У.Усманов |