Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 18-июлу № 497
Кыргыз Республикасында пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык,«Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25, 30-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Топтолмо пенсиялык фонддорго кызмат көрсөтүүчү депозитарийдин ишине коюлуучу талаптар жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө келишим түзүүгө конкурс уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
3) Пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимин түзүү үчүн башкаруучу компанияларды тандоо боюнча конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;
4) Пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо эрежелери 4-тиркемеге ылайык;
5) Пенсиялык топтолмо каражаттарга инвестицияланган активдердин учурдагы рыноктук наркын жана таза активдердин наркын эсептөө тартиби 5-тиркемеге ылайык;
6) Пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруунун типтүү келишими 6-тиркемеге ылайык;
7) Депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө типтүү келишим 7-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-августундагы № 590 «Кыргыз Республикасында пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 463 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-августундагы № 590 «Кыргыз Республикасында пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-мартындагы № 126 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-августундагы № 590 «Кыргыз Республикасында пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 54 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-августундагы № 590 «Кыргыз Республикасында пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 17-июлундагы № 53 (3813) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |