Загрузка документа…
3-тиркеме
Пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимин түзүү үчүн башкаруучу компанияларды тандоо боюнча конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (мындан ары – Соцфонд) же топтолмо пенсиялык фонд (мындан ары – ТПФ) менен пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимдерин түзүү үчүн башкаруучу компанияларды тандоо боюнча конкурсту уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартибин аныктайт.
2. Башкаруучу компанияларды тандоо боюнча конкурстун уюштуруучусу болуп Соцфонд же ТПФ (мындан ары – конкурстун уюштуруучусу) саналат.
3. Пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимин түзүү үчүн башкаруучу компанияларды тандоо боюнча конкурс (мындан ары – конкурс) Кыргыз Республикасынын топтолмо пенсиялык фонддор чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жана ушул Жобого ылайык катышуучулардын саны чектелбестен ачык өткөрүлөт.
4. Конкурстун жыйынтыгы боюнча ушул Жобонун 10-пунктунда белгиленген талаптарга шайкеш келген башкаруучу компания (башкаруучу компаниялар) аныкталат, аны менен Соцфонд же ТПФ пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимин түзөт.
2-глава. Башкаруучу компанияларды тандоо боюнча конкурсту даярдоо жана өткөрүү
5. Конкурсту даярдоону жана өткөрүүнү конкурстук комиссия жүзөгө ашырат, анын курамы конкурстун уюштуруучусу тарабынан 5 адамдан кем эмес жана 15тен ашык эмес санда бекитилет (комиссия мүчөлөрүнүн саны так санды түзүүгө тийиш).
Соцфонд тарабынан түзүлүүчү конкурстук комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, административдик ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү кирет.
ТПФ өз алдынча конкурстук комиссиянын курамын аныктайт жана ага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүн киргизүүгө укуктуу. ТПФ тарабынан түзүлүүчү конкурстук комиссиянын курамына финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү милдеттүү түрдө киргизилет.
6. Конкурстук комиссиянын төрагасы болуп конкурстун уюштуруучусунун өкүлү саналат, ал конкурстук комиссиянын ишин жетектейт жана анын ишин уюштурат. Конкурстук комиссиянын төрагасы жок учурда анын функцияларын комиссиянын төрагасынын орун басары аткарат.
7. Конкурстук комиссия төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) өтүнмөлөрдү каттоо журналында катталган конкурска катышууга өтүнмөлөрү менен конверттерди ачат;
2) өтүнмөлөрдү карайт жана алардын ушул Жобонун 10-пунктунда белгиленген талаптарга шайкештигин аныктайт;
3) өтүнмөлөрдү баалайт жана салыштырат;
4) конкурстун жеңүүчүсүн/жеңүүчүлөрүн (мындан ары – жеңүүчү) аныктайт жана жыйынтыгын чыгарат;
5) конкурстук комиссиянын конверттерди ачуунун жана конкурсту өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө чечиминин протоколун тариздейт.
8. Конкурстун уюштуруучусу конкурс өткөрүлгөнгө чейин 30 (отуз) календардык күн мурда конкурсту өткөрүү жана конкурстун катышуучуларына карата талаптар жөнүндө маалыматтарды республикалык маанидеги жалпыга маалымдоо каражаттарына жана конкурстун уюштуруучусунун расмий сайтына жарыялайт.
9. Конкурсту өткөрүү жөнүндө жарыялануучу маалыматта төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
1) конкурстун уюштуруучусунун аталышы жана дареги;
2) конкурсту өткөрүү убактысы жана орду;
3) пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишиминин шарттары, анын ичинде келишимди колдонуу мөөнөтү;
4) ушул Жобонун 10-пунктуна ылайык белгиленген конкурстун катышуучуларына карата талаптар;
5) конкурстук документтерди алуу тартиби жана орду;
6) конкурска катышууга өтүнмө берүүнүн тартиби, орду жана мөөнөтү;
7) конкурстун жеңүүчүсү тарабынан пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимин түзүү мөөнөтү.
10. Конкурска катышууга төмөнкүдөй талаптарга шайкеш келген башкаруучу компанияларга жол берилет:
1) инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча ишти жүзөгө ашырууга лицензиясы бар;
2) депозитарийдин же болбосо анын аффилирленген жактарынын аффилирленген жактары болуп саналбаган;
3) акыркы 2 (эки) жылдын ичинде банкроттук жол-жоболору же болбосо инвестициялык активдерди башкаруу боюнча ишти жүзөгө ашырууга лицензиянын колдонулушун токтотуп туруу же жокко чыгаруу түрүндөгү санкциялар колдонулбаган;
4) тиешелүү лицензияны алган учурдан тартып эсептелүүчү инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруучу катары иштин мөөнөтү конкурска катышууга өтүнмө берген датага карата 2 (эки) жылдан кем болбогон;
5) конкурска катышууга өтүнмө берген жылдан мурунку жалпысынан 2 жылда чыгымдары жок;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн белгиленүүчү өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн ченемдик көрсөткүчтөрүнө жооп берген;
7) штатта конкурска катышууга өтүнмө берген датага карата баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун тиешелүү квалификациялык күбөлүгү бар 3төн (үчтөн) кем эмес штаттык кызматкери (адиси) бар (жеке аткаруу органынын функциясын аткаруучу адамды же инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча түздөн-түз иш жүргүзгөн өзүнчө түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисин кошкондо);
8) баалуу кагаздар менен болгон операцияларга зыян келтирген административдик укук бузуулар үчүн жазасы жок. Ушундай талап акыркы 2 (эки) жыл ичинде иш жүргүзгөн башкаруучу компаниянын жетекчисине коюлат;
9) конкурска катышууга арыз берилген датадан мурунку кийинки отчеттук датага карата салык кызматынын органдарынын алдында салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жок.
11. Төмөнкү юридикалык жактар пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу боюнча башкаруучу компаниялар боло албайт:
1) офшордук зоналарда катталган;
2) катышуучулар катары төмөнкүлөрдүн акционерлери жана аффилирленген жактары бар:
– офшордук зоналарда катталган юридикалык жактардын;
– офшордук зоналардын аймагында жашаган же офшордук зоналарда катталган юридикалык жактардын акционерлери (катышуучулары) болуп саналган жеке жактар.
12. Конкурстук документтер конкурстун уюштуруучусу тарабынан бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген стандарттык конкурстук документтерге ылайык иштелип чыгат.
13. Конкурстук документтер төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) нускаманы жана конкурстун уюштуруучусу бекиткен форма боюнча конкурска катышууга өтүнмөнү тариздөөгө талаптарды;
2) ушул Жобонун 10-пунктунда белгиленген конкурстун катышуучусуна карата талаптарды;
3) пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишиминин шарттарын, анын ичинде келишимдин колдонуу мөөнөтүн;
4) конкурска катышууга өтүнмө берүүнүн тартиби, орду жана мөөнөтү жөнүндө маалыматтарды;
5) конкурска катышууга өтүнмөлөрдүн колдонуу мөөнөтүн;
6) конкурска катышууга өтүнмөлөрү бар конверттерди ачуу орду, датасы жана убактысы тууралуу маалыматты;
7) конверттерди ачуунун жана конкурска катышууга өтүнмөлөрдү кароонун тартиби жөнүндө маалыматты;
8) конкурстук документтердин жоболоруна түшүндүрмө берүүнүн тартибин.
3-глава. Конкурска катышууга өтүнмөлөрдү
берүүнүн тартиби
14. Конкурска катышуу үчүн талапкер конкурстук документтерде камтылган талаптарга ылайык таризделген конкурска катышууга өтүнмөнү жарыяланган маалыматта белгиленген мөөнөттө конкурстун уюштуруучусуна берет.
15. Конкурска катышууга өтүнмө анда көрсөтүлгөн маалыматтарды ырастоочу документтер менен чогуу конвертке салынып, чапталып берилет, ал конкурстук комиссиянын жыйналышында гана белгиленген тартипте ачылууга тийиш.
Конвертте төмөнкү реквизиттер көрсөтүлүүгө тийиш:
– конкурска катышууга талапкердин дареги жана аталышы;
– конкурстун уюштуруучусунун дареги жана аталышы;
– конкурстун аталышы.
16. Конкурска катышууга өтүнмөгө төмөнкү документтер тиркелет:
1) юридикалык жактын уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү, юридикалык жакты – талапкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк;
2) жеке аткаруу органынын – талапкердин функциясын жүзөгө ашыруучу адамдын шайлангандыгы (дайындалгандыгы) жөнүндө документтин көчүрмөсү;
3) конкурска катышууга өтүнмө берилген жылдан мурунку акыркы 2 жыл үчүн аудитордук корутундусу менен финансылык отчет;
4) конкурска катышууга өтүнмө берген адамдын ыйгарым укугун ырастоочу документ;
5) талапкердин жетекчиси күбөлөндүргөн акциялардын беш жана андан ашык пайызына ээлик кылган акционерлер (катышуучулар) жөнүндө маалыматтардын тизмеги. Тизмекте төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш: акционер – юридикалык жактар жөнүндө – акционерлердин толук аталышы, юридикалык жана почта дареги, юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн датасы жана номери; юридикалык жактын аталышындагы, уюштуруучулук-укуктук формасындагы өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтар; аткаруу органынын башчысынын же жеке жетекчинин – юридикалык жактын аты-жөнү жана жашаган жери; акционерлер – жеке жактар жөнүндө – акционерлердин (катышуучулардын) аты-жөнү;
6) активдердин талапкерде башкаруучу компания катары иш жүргүзүүдө тажрыйбасы болгон түрлөрүн гана камтыган инвестициялык декларация;
7) инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча иш жүргүзүүгө лицензиянын көчүрмөсү;
8) салык кызматынын органынын конкурска өтүнмө берүү датасына чейин 1 айдан эрте эмес берилген карызынын жоктугу жөнүндө маалымкаты;
9) финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын баалуу кагаздар менен операцияларга кол салуучу административдик укук бузуулар үчүн жазалардын жоктугу жөнүндө ырастамасы.
17. Конкурстун уюштуруучусу конкурска катышууга түшкөн өтүнмөлөрдү каттоо журналын жүргүзөт.
18. Конкурс өткөрүү жөнүндө жарыяланган маалыматта көрсөтүлгөн мөөнөттө келип түшкөн конкурска катышууга өтүнмө бар ар бир конверт уюштуруучу тарабынан конкурска катышууга өтүнмөлөрдү каттоо журналына катталат жана талапкерлерге алар алынган датаны жана убакытты көрсөтүү менен тил кат берет.
19. Талапкерлер келип түшкөн өтүнмөлөрдү каттоо журналына конкурска катышууга өтүнмө катталган учурдан тартып конкурстун катышуучусу статусуна ээ болот.
20. Талапкерлердин бир же андан ашык өтүнмөлөрү катталган учурда конкурс болду деп таанылат.
21. Бир талапкер бир гана өтүнмө берүүгө укуктуу. Бир талапкер эки же андан көп өтүнмө берген учурда, талапкер конкурска катышкандардын катарынан чыгарылат.
22. Конкурстун катышуучусу конкурстун уюштуруучусунан конкурстук документтер боюнча түшүндүрмө сураганга укуктуу. Конкурстун уюштуруучусу мындай суроо-талапка 3 (үч) жумуш күндөн кечиктирбестен түшүндүрмө берүү менен жооп берүүгө милдеттүү.
23. Конкурстун катышуучулары менен жолугушуулар өткөрүлгөн учурда конкурстун уюштуруучусу конкурстук документтерге карата кандайдыр бир маселелерди түшүндүрүү үчүн бул жолугушуунун жүрүшүндө берилген конкурстук документтердин жоболорун түшүндүрүү жөнүндө суроо-талаптар, ошондой эле алардын булагын көрсөтпөстөн ошол суроо-талаптарга жоопторду камтыган протокол түзөт. Протоколдор 2 (эки) жумуш күндүн ичинде түшүндүрмөгө кайрылган конкурстун катышуучуларына берилет.
4-глава. Конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо
24. Конкурстук комиссия жеңүүчүнү аныктоо максатында конкурска катышууга өтүнмөлөрдү карайт, баалайт жана салыштырат.
25. Конкурстук комиссиянын жыйналышында конкурстук комиссиянын төрагасы конкурска катышууга өтүнмөлөр бар конверттерди ачат. Конверттерди ачууда конкурска катышуучулардын аталышы жана даректери, ушул Жобонун 10-пунктуна ылайык конкурстун катышуучуларына коюлган талаптардын ар бири боюнча конкурска катышууга алардын өтүнмөлөрүндө камтылган маалыматтар жарыяланат, алар конкурс өткөрүү жөнүндө протоколго киргизилет. Конкурстун келбей калган катышуучусуна аталган маалыматтар алардын талабы боюнча билдирилет. Конверттерди ачууда конкурстун катышуучулары же алардын өкүлдөрү катышууга укуктуу.
26. Конкурстук комиссия конкурстун катышуучуларынан почта менен аларга кабарлоо жиберүү же аны конкурстун катышуучуларынын өкүлдөрүнө жеке тапшыруу жолу менен конкурска катышууга өтүнмөлөрдө камтылган маалыматтарды түшүндүрүп берүүнү талап кылууга укуктуу. Түшүндүрмө кабарлоо алынган датадан тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде берилүүгө тийиш.
27. Ушул Жобонун 10-пунктунда белгиленген талаптарга ылайык келген (келишкен) конкурстун катышуучусу (катышуучулары) конкурстун жеңүүчүсү (жеңүүчүлөрү) деп таанылат.
28. Конкурстун катышуучусу, эгерде конкурстук комиссия тарабынан төмөнкүлөр аныкталса, конкурска андан ары катышуудан четтетилет:
1) конкурстун катышуучусу ушул Жобонун 10-пунктунда белгиленген талаптарга ылайык келбесе;
2) конкурстун катышуучусунун конкурска катышууга өтүнмөсү конкурстук документтерде каралган талаптарга жооп бербесе.
29. Конкурстук комиссиянын чечимдери жыйналышка катышкан комиссия мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Эгерде жыйналышка комиссия мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса, конкурстук комиссия өз компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө укуктуу. Добуш берүүдө комиссиянын ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Комиссия мүчөлөрүнүн добушу тең болуп калса, төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
30. Конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо жөнүндө чечим конкурс өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протокол менен таризделет, ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) конкурстун предметин;
2) конкурстун шарттарын;
3) ар бир катышуучунун конкурстук сунуштарын;
4) кароонун жыйынтыктарынын ушул Жобонун 10-пунктунда белгиленген талаптарга ылайык келишин жана ар бир катышуучунун конкурстук сунуштарын салыштырууну;
5) конкурстун жеңүүчүсүнүн аталышын жана жайгашкан жерин, конкурстун катышуучусун (катышуучуларын) конкурстун жеңүүчүсү деп таануу жөнүндө конкурстук комиссия кабыл алган чечимдин негиздемесин.
31. Конкурс өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протокол пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимин түзүү үчүн негиз болуп саналат.
32. Конкурстук комиссиянын чечиминин негизинде конкурстун уюштуруучусу 3 (үч) жумуш күндүн ичинде конкурстун жеңүүчүсүнө анын конкурстун жеңүүчүсү деп таануу жөнүндө кабарлоону конкурс өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө конкурстук комиссиянын протоколунун бир нускасын тиркөө менен жөнөтөт.
33. Конкурстун жеңүүчүсү жана конкурстун уюштуруучусу конкурс өткөрүү жөнүндө жарыяланган маалыматта көрсөтүлгөн мөөнөттө пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимин түзөт.
34. Конкурстун уюштуруучусу конкурстун жеңүүчүсү аныкталган датадан тартып 10 (он) календардык күндөн кечиктирбестен республикалык маанидеги жалпыга маалымдоо каражаттарына, анын ичинде конкурстун уюштуруучусунун расмий сайтына конкурстун жыйынтыгы жөнүндө маалыматты жарыялоого милдеттүү.
35. Эгерде конкурстун жеңүүчүсү жарыялангандан кийин конкурстун жеңүүчүсү конкурс өткөрүү жөнүндө жарыяланган маалыматта белгиленген мөөнөттө пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимин түзүүдөн баш тартса же качса, конкурстун уюштуруучусу кошумча конкурс өткөрүү жөнүндө жарыялабастан конкурстун жеңүүчүсүнөн кийин эң көп сандагы добуш алган конкурстун кийинки катышуучусу менен пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимин түзүүгө укуктуу. Конкурстун жеңүүчүсү менен депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө келишим түзүлбөгөн учурда конкурстун уюштуруучусу кайра конкурс өткөрөт.
36. Конкурстун катышуучулары конкурстун жыйынтыгы жөнүндө кулактандыруу жарыялангандан кийин 10 (он) календардык күндүн ичинде конкурстук комиссиянын чечимине Кыргыз Республикасынын административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте же түзүлүүчү ПТФ конкурстук комиссиясынын чечими боюнча финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга даттанууга укуктуу.