Загрузка документа…
4-тиркеме
Пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо
эрежелери
1-глава. Негизги жоболор
1. Ушул Пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоонун эрежелери (мындан ары – Эрежелер) топтолмо пенсиялык фонддор тарабынан пенсиялык топтолмолорду өз алдынча инвестициялоонун тартибин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (мындан ары – Соцфонд) жана топтолмо пенсиялык фонд тарабынан Соцфонд же топтолмо пенсиялык фонд менен пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишими түзүлгөн башкаруучу компанияларга өткөрүп берилген пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоонун жана алардын жайгаштырылышын контролдоонун тартибин, ошондой эле пенсиялык топтолмо каражаттардын курамын жана түзүмүн түзүүгө талаптарды, пенсиялык активдерди ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашыруучу башкаруучу компаниялар үчүн пенсиялык топтолмо каражаттар боюнча кирешелерди эсептөөнүн тартибин белгилейт.
2. Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) топтолмо пенсиялык фонд (мындан ары – ТПФ) – Кыргыз Республикасынын лицензиялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык лицензиянын негизинде пенсиялык төгүмдөрдү тартуу жана пенсиялык төлөмдөр боюнча иш жүргүзгөн юридикалык жак;
2) пенсиялык активдердин шарттуу бирдиги – башкаруучу компания тарабынан аларды инвестициялык башкаруунун натыйжасында пенсиялык активдердин өзгөрүүсүн мүнөздөө үчүн пайдаланылуучу жана ушул Эрежелерге ылайык эсептелүүчү ТПФ пенсиялык активдеринин салыштырма чоңдугу;
3) таза пенсиялык активдер – пенсиялык активдерге таандык пенсиялык милдеттенмелерди эсептен чыгаруу менен ТПФ пенсиялык активдери (пенсиялык төлөмдөр, башка ТПФтерге которуулар боюнча милдеттенмелер жана башка мүмкүн болгон окшош милдеттенмелер).
3. Пенсиялык топтолмо каражаттар алардын өсүүсүн камсыздоо максатында гана жайгаштырылат.
4. Пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоону Соцфонд жана ТПФ менен түзүлгөн пенсиялык топтолмолорду ишенимдүү башкаруу келишиминин негизинде башкаруучу компаниялар жүзөгө ашырат.
5. Пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоону «Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ушул Эрежелерге жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык башкаруучу компаниялар жүзөгө ашырат.
6. Соцфонд жана ТПФ пенсиялык топтолмо каражаттарды башкаруу келишими түзүлгөн башкаруучу компанияга пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу функцияларын берет. Башкаруучу компания жана депозитарий пенсиялык топтолмо каражаттардын жана пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган активдердин сакталышы үчүн материалдык жана финансылык жоопкерчилик тартат.
7. Пенсиялык топтолмолордун сакталышын жана башкаруучу компаниялардын төлөө жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу максатында пенсиялык топтолмолорду инвестициялоо ачыктык, диверсификациялоо, ишенимдүүлүк жана кирешелүүлүк принциптеринде жүзөгө ашырылат.
8. Соцфонд жана ТПФ бир же бир нече башкаруучу компаниялар менен пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимин түзүүгө жана финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте башкаруучу компаниялар тарабынан пенсиялык топтолмо каражаттардын инвестицияланышына контроль жүргүзүүгө укуктуу.
ТПФ Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелүү лицензияларды алган шартта пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоону өз алдынча жүзөгө ашырууга укуктуу. Топтолмо пенсиялык фонддун пенсиялык активдеринин курамын жана түзүмүн түзүү ушул Эрежелерге ылайык жүзөгө ашырылат.
ТПФ пенсиялык топтолмо каражаттарды камсыздандырылган адамдардын кызыкчылыктарында гана пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо процессин регламенттөөчү ченемдик укуктук актыларга ылайык Кыргыз Республикасынын инвестициялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен уруксат берилген активдерге (инвестициялоо объекттерине) гана инвестициялайт.
2-глава. Фонддун пенсиялык активдеринин түзүмүн жана курамын түзүү боюнча талаптар
9. Пенсиялык топтолмолор төмөнкүдөй инвестициялык активдерге жайгаштырылышы мүмкүн:
1) мамлекеттик баалуу кагаздарга – пенсиялык топтолмолордун наркынын 40 пайызынан кем эмес;
2) Кыргыз Республикасынын фондулук биржаларында жүгүртүлгөн Кыргыз Республикасынын эмитенттеринин облигацияларына – пенсиялык топтолмолордун наркынын 40 пайызынан көп эмес;
3) Кыргыз Республикасынын фондулук биржаларында листингден өткөн ачык акционердик коомдор формасында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын эмитенттеринин акциялары – пенсиялык топтолмолордун наркынын 30 пайызынан көп эмес;
4) Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык чыгарылган ипотекалык баалуу кагаздарга жана турак жай сертификаттарына – пенсиялык топтолмолордун наркынын 15 пайызынан көп эмес. Ушул Эрежелердин максаттары үчүн ипотекалык баалуу кагаздар деп ипотекалык жабуусу бар облигациялар жана турак жай сертификаттары түшүнүлөт;
5) депозиттерди тарткан финансы-кредит уюмдарга – пенсиялык топтолмолордун наркынын 30 пайызынан көп эмес;
6) баалуу металлдарга (алтынга, күмүшкө, платинага) – пенсиялык топтомолордун наркынын 10 пайызынан көп эмес.
Пенсиялык топтолмо каражаттар баалуу металлдарга (алтын, күмүш, платина) инвестицияланышы мүмкүн, эгерде аларды Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык иш жүргүзгөн уюмдарда сактоо, аталган активдерди камсыздандыруу, инвестициялык тобокелдиктерди башкаруу системасынын болушу жана баалуу металлдардын рыноктук наркына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү, аларды ыкчам сатып алуу жана сатуу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле аталган активдерди сактоо, ташуу жана камсыздандыруу менен байланышкан чыгымдарды алдын ала баалоо камсыздалган шартта;
7) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын баалуу кагаздарына – пенсиялык топтолмолордун наркынын 10 пайызынан көп эмес.
Пенсиялык топтолмо каражаттар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарынын рыногунун түз катышуучулары болуп саналган коммерциялык банктар аркылуу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын баалуу кагаздарына инвестицияланышы мүмкүн;
8) чет мамлекеттердин мамлекеттик баалуу кагаздарына каражаттарды жайгаштыруучу индексдик инвестициялык фонддордун пайларына (акцияларына, үлүштөрүнө) – пенсиялык топтолмолордун наркынын 10 пайызынан көп эмес.
Мында Кыргыз Республикасынын бир эмитентинин облигацияларына, Кыргыз Республикасынын бир эмитентинин акцияларына, Кыргыз Республикасынын бир эмитентинин ипотекалык баалуу кагаздарына (турак жай сертификаттарына), ошондой эле депозиттерди тартуучу бир финансы-кредит уюмдун депозиттерине ар бир түрү боюнча пенсиялык топтолмолордун 10 пайызынан ашык эмес инвестициялоого уруксат берилет.
Пенсиялык топтолмо каражаттар эмитенттери офшордук зоналарда катталган же катышуучулары катары акционерлери жана аффилирленген жактары бар юридикалык жактар, офшордук зоналарда катталган юридикалык жактар же болбосо офшордук зоналардын аймагында жашаган же офшордук зоналарда катталган юридикалык жактардын акционери (катышуучулары) болуп саналган жеке жактардын баалуу кагаздарын сатып алуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес.
10. Пенсиялык топтолмолор фондулук биржанын биринчи (эң жогорку) жана экинчи (эң жогоркудан кийинки) категориялары боюнча котировка тизмесине киргизилген Кыргыз Республикасынын эмитенттеринин корпоративдик баалуу кагаздарына жайгаштырылышы же инвестицияланышы мүмкүн.
11. Офшордук зоналарда катталган же акционерлери (катышуучулары) жана аффилирленген жактар катары офшордук зоналарда катталган юридикалык жактары бар юридикалык жактар же болбосо офшордук зоналардын аймагында жашаган же офшордук зоналарда катталган юридикалык жактардын акционерлери (катышуучулары) болуп саналган жеке жактар пенсиялык топтолмо каражаттарды башкаруучу компания боло албайт.
12. Пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоодо башкаруучу компаниялар тарабынан төмөнкүлөргө жол берилбейт:
1) пенсиялык топтолмолорду кайтарымсыз ээликтен ажыратууга;
2) пенсиялык топтолмолорду башкаруучу компаниянын башка активдери менен бириктирүүгө;
3) пенсиялык топтолмолордун эсебинен кайтарылууга тийиш болгон акча каражаттарын же башка мүлктү зайымдык келишимдин же кредиттик келишимдин шартында алууга;
4) пенсиялык топтолмолордун эсебинен зайымдарды берүүгө;
5) башкаруучу компаниянын пенсиялык топтолмолорду ишенимдүү башкаруу менен байланышпаган милдеттенмелерин, Соцфонддун же ТПФтин пенсиялык топтолмо менен камсыз кылуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган милдеттенмелерин, ошондой эле башка жактардын милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу үчүн пенсиялык топтолмолорду пайдаланууга;
6) депозитарийдин макулдугусуз пенсиялык топтолмо каражаттарды тескөөгө (банктык эсептен пенсиялык топтолмо каражаттарды түзгөн акча каражаттарын эсептен чыгаруу, которуу же берүү жана пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо менен байланышкан бүтүмдөрдү жасоо, же брокерге мындай бүтүмдөрдү жасоо жөнүндө тапшырманы берүү жөнүндө буйрук берүүгө).
Башкаруучу компаниянын берген өтүнмөлөрүнүн жана (же) буйруктарынын мазмундарынын жана максаттарынын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келбестиги пенсиялык топтолмо каражаттарды башкаруучу компаниянын тескөөсүнө депозитарийдин макулдук берүүдөн баш тартышына негиз болуп саналат.
13. Депозиттерди тартуучу жана аларда пенсиялык топтолмо каражаттар менен операцияларды жүзөгө ашыруу башкаруучу компаниялар жана брокерлер акча каражаттарын жайгаштыруучу, анын ичинде акча каражаттарын депозиттерге жайгаштыруучу финансы-кредиттик уюмдар Кыргыз Республикасынын банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген талаптарга жооп бериши керек.
3-глава. Пенсиялык топтолмо каражаттар менен операцияларды жүзөгө ашыруунун өзгөчөлүктөрү
14. Пенсиялык топтолмо каражаттар менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн башкаруучу компания ар бир инвестициялык портфелге өзүнчө банктык эсеп (эсептерди) ачууга милдеттүү.
15. Пенсиялык топтолмо каражаттарга жана пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган активдерге башкаруучу компаниянын пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу боюнча ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу келип чыккан милдеттенмелеринен тышкары, пенсиялык топтолмо каражаттарды түзүү жана инвестициялоо боюнча мамилелердин субъекттеринин жана катышуучуларынын милдеттенмелери боюнча өндүрүлүп алынбайт. Башкаруучу компания кудуретсиз (банкрот) деп таанылган учурда пенсиялык топтолмо каражаттар жана пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган, анын ишенимдүү башкаруусунда турган активдер жоюлуу массасына киргизилбейт.
16. Пенсиялык топтолмо каражаттарды түзүү жана инвестициялоо боюнча мамилелердин субъекттери, пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо процессине тартылган башка жактар пенсиялык топтолмо каражаттар менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн пенсиялык топтолмолор болуп эсептелбеген акча каражаттарын өзүнчө банктык эсепке (эсептерге) киргизүүгө укуксуз.
4-глава. Пенсиялык топтолмо каражаттарды өз алдынча инвестициялоодо ТПФтин депозитарий менен өз ара аракеттенүүсү
17. Пенсиялык топтолмо каражаттарды өз алдынча инвестициялоону жүзөгө ашыруучу ТПФ пенсиялык активдердин көз карандысыз эсебин, сакталышын жана кыймылын контролдоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын топтолмо пенсиялык фонддор чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык депозитарий менен келишим түзүүгө милдеттүү.
18. Депозитарий баалуу кагаздардын сертификаттарын (эгерде алар болсо) сактоону, ТПФтин баалуу кагаздарга болгон укуктарын эсепке алууну, ошондой эле ТПФтин баалуу кагаздарга инвестициялоо үчүн арналган акча каражаттарын, аларды сатуудан түшкөн акча каражаттарын жана депозитарийде сакталып турган баалуу кагаздар боюнча кирешелер түрүндө келип түшкөн акча каражаттарын сактоону жана эсепке алууну жүзөгө ашырат. Депозитарий ошондой эле Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, депозитардык келишимге жана депозитарийдин ички документтерине ылайык операциялардын туура аткарылышын контролдоону камсыз кылат.
19. Депозитарий ТПФтен алынган маалыматтарды өзүнүн эсепке алуу маалыматтары менен күн сайын салыштырып текшерет жана аныкталган шайкеш келбестиктер жөнүндө ТПФга жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлайт.
20. Депозитарий ТПФтин баалуу кагаздары жана акча каражаттары менен операцияларды анын депозитардык келишимде белгиленген тартипте жазуу жүзүндө берилген түздөн-түз көрсөтмөсүз жүргүзүүгө укуксуз.
21. Депозитарий депозитардык келишимдин шарттарын аткарбагандыгынын же талаптагыдай эмес аткаргандыгынын натыйжасында келип чыккан ТПФке келтирилген чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартат.
22. Депозитарий баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчеттуулукту берет.
23. Депозитарийди контролдоо пенсиялык активдердин сакталышын, ТПФтин баалуу кагаздарга жана акча каражаттарына болгон укуктарынын туура эсепке алынышын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын жана депозитардык келишимдин талаптарына ылайык операциялардын талаптагыдай аткарылышын камсыз кылууга багытталган.
5-глава. Пенсиялык топтолмо каражаттарды башкаруучу компанияларга өткөрүп берүү
24. Пенсиялык топтолмо каражаттарды башкаруучу компанияларга өткөрүп берүү Соцфонд жана ТПФ тарабынан «Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
6-глава. Пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоонун шарттары
25. Башкаруучу компания пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган активдердин учурдагы рыноктук наркын, ошондой эле ишенимдүү башкарууда турган таза активдердин наркын белгиленген тартипте жана мөөнөттө эсептейт, мында башкаруучу компания Кыргыз Республикасынын топтолмо пенсиялык фонддор чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу боюнча эки тараптуу келишимдерге ылайык көрсөтүлгөн милдетти аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
26. Соцфонд, ТПФ жана башкаруучу компания пенсиялык топтолмо каражаттарга карата бардык баштапкы документтердин түп нускаларын, алардын негизинде пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу жүзөгө ашырылган келишимдерди, аталган келишимдерге киргизилген өзгөртүүлөр менен документтерди, аталган келишимдерди токтотууну ырастаган документтерди, ошондой эле финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын пенсиялык топтолмо каражаттардын жайгаштырылышын контролдоодо аныкталган бузууларды четтетүү тууралуу жаза буйруктарды сактайт жана аталган документтердин көчүрмөлөрүн алар түзүлгөн же алынган датадан тартып 3 (үч) жумуш күндөн кечиктирбестен депозитарийге берет.
27. Соцфонд жана ТПФ пенсиялык топтолмолорду ишенимдүү башкаруу боюнча тиешелүү келишимди токтотуу жөнүндө ал токтотулган датага чейин 1 (бир) ай мурда депозитарийге кабарлайт.
28. Пенсиялык топтолмолордун курамына жана (же) түзүмүнө карата ушул Эрежелердин, башка ченемдик укуктук актылардын же пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишиминин талаптары төмөнкүлөрдүн натыйжасында бузулса:
1) башкаруучу компаниянын аракеттеринен көз карандысыз жагдайлардын, анын ичинде пенсиялык топтолмолорду түзгөн баалуу кагаздардын наркынын өзгөргөндүгүнөн улам, аталган бузуу аныкталган же аныкталууга тийиш болгон датадан тартып 3 (үч) айдын ичинде камсыздандырылган адамдардын кызыкчылыктарына кыйла чоң даражада жооп бере тургандай чаралар менен четтетилүүгө тийиш;
2) башкаруучу компаниянын аракеттеринин же аракетсиздигинин, мындай бузуу аныкталган датадан тартып 1 айдын ичинде камсыздандырылган адамдардын кызыкчылыктарына кыйла чоң даражада жооп бере тургандай чаралар менен четтетилүүгө тийиш.
29. Активдердин наркынын төмөндөө жана кирешелүүлүк деңгээлинин түшүп кетүү тобокелдиги көбөйгөн учурда, Соцфонд жана ТПФ башкаруучу компанияга пенсиялык топтолмо каражаттардын ликвиддүүлүгү жана кирешелүүлүгү үчүн аларды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу боюнча башкаруучу компания тарабынан чараларды көрүү зарылдыгы жөнүндө жазма буйрук жөнөтүүгө укуктуу.
7-глава. Башкаруучу компаниялардын ишине
карата талаптар
30. Пенсиялык топтолмо каражаттарды башкарууга катышуу үчүн башкаруучу компаниянын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-декабрындагы № 787 токтому менен бекитилген Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн белгиленген өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн ченемдик көрсөткүчтөрү жөнүндө жобого ылайык аныкталуучу өздүк капиталынын ченемдик көрсөткүчү (өлчөмү) 10 млн сомдон кем болбоого тийиш жана ал башкаруунун бүткүл мезгилинин ичинде кармалып турууга тийиш.
31. Пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкарууга кабыл алууда башкаруучу компания Соцфонд жана ТПФ менен пенсиянын топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишиминде аныкталган инвестициялык кирешенин минималдуу деңгээлин камсыздоо милдеттенмесин өзүнө алууга тийиш.
32. Акыркы кварталдын жыйынтыгы боюнча эсептелинүүчү инвестициялык кирешенин деңгээли минималдуу деңгээлден төмөн болсо башкаруучу компания жетпеген айырманы Соцфондго жана (же) ТПФке төлөп берет.
33. Өткөрүп берилүүчү пенсиялык топтолмо каражаттардын наркы келишимди бузуудан мурдагы акыркы кварталдын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлгөн баалоо боюнча активдердин рыноктук наркынан төмөн болуп калган учурда, анда башкаруучу компания кайтаруу учуруна карата баалоого ылайык иш жүзүндө түзүлгөн нарк менен активдердин наркынын ортосунда пайда болгон айырманы өзүнүн каражаттарынын эсебинен Соцфондго жана (же) ТПФке төлөп берүүгө милдеттүү.
34. Ишенимдүү башкаруу келишими токтотулганда пенсиялык топтолмо каражаттардын курамына кирген, ишенимдүү башкарууда турган акча каражаттары аталган келишимдин колдонулушу токтотулган учурдан тартып 3 (үч) жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө Соцфондго жана (же) ТПФке өткөрүлүп берилүүгө тийиш. Пенсиялык топтолмо каражаттарынын курамына кирген, ишенимдүү башкарууда турган башка активдер жана мүлк мындай мүлктү же активдерди сатуудан түшкөн акча каражаттарын кийин ушул Эрежелердин 35-пунктунда аныкталган тартипте Соцфондго жана (же) ТПФке өткөрүп берүү менен кыйла пайдалуу шарттарда сатылууга тийиш.
35. Пенсиялык топтолмо каражаттарынын курамына кирген активдер жана мүлк келишимдин колдонулушу токтотулган учурдан тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде түшкөн каражаттарды Соцфондго жана (же) ТПФке өткөрүп берүү үчүн рыноктук баадан төмөн эмес баада сатылууга тийиш. Эгерде пенсиялык топтолмо каражаттарынын курамына кирген активдерди жана мүлктү 5 (беш) жумуш күн өткөндөн кийин сатууга мүмкүн болбосо, башкаруучу компания пенсиялык топтолмо каражаттары инвестицияланган активдердин Учурдагы рыноктук наркын жана таза активдердин наркын эсептөө тартибине ылайык кайтаруудан мурунку күнгө карата аныкталган активдердин жана мүлктүн рыноктук наркын өздүк каражаттардын эсебинен Соцфондго жана (же) ТПФке кайтарып берүүгө милдеттүү.
36. Башкаруучу компания тарабынан ишенимдүү башкаруу келишими токтотулганда, бузулганда пенсиялык топтолмо каражаттарын өткөрүп берүү пенсиялык топтолмо каражаттарын Ишенимдүү башкаруунун типтүү келишиминде каралган тартипте жана мөөнөттө тараптардын тийиштүү актыларга кол коюусу менен коштолот.
37. Башкаруучу компанияда Соцфондго жана (же) ТПФке өткөрүп берүү үчүн зарыл каражаттар жок болгон учурда башкаруучу компания мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана топтолмо пенсиялык фонддор чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
8-глава. Пенсиялык топтолмо каражаттары менен операцияларды жүргүзүүчү брокерлердин ишине карата талаптар
38. Пенсиялык топтолмо каражаттары менен операцияларга брокер катары төмөнкүдөй уюмдарга жол бербейт:
1) эгерде акыркы эки жылдын ичинде ага карата банкроттук жол-жоболор же баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун лицензиясынын колдонулушун жокко чыгаруу же токтотуп туруу түрүндөгү санкция колдонулса;
2) эгерде акыркы эки жылдын жок дегенде биринин жыйынтыгы боюнча же акыркы отчеттук датага карата чыгашасы болсо;
3) башкаруучу компаниянын аффилирленген жагы же болбосо анын аффилирленген жагынын аффилирленген жагы болсо, депозитарийдин аффилирленген жагы же болбосо анын аффилирленген жагынын аффилирленген жагы болсо.
39. Брокер катары офшордук зоналарда катталган же акционерлер (катышуучулар) жана аффилирленген жактар катары офшордук зоналарда катталган юридикалык жактары бар юридикалык жакка же офшордук зоналардын аймагында жашаган же оффшордук зоналарда катталган юридикалык жактардын акционери (катышуучусу) болуп саналган жеке жакка пенсиялык топтолмо каражаттары менен операцияларды жүргүзүүгө жол берилбейт.
9-глава. Пенсиялык активдерди ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашыруучу башкаруучу компаниялар үчүн топтолмо пенсиялык каражаттар боюнча кирешелүүлүктү эсептөө тартиби
40. Башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусунда турган ТПФтин пенсиялык активдеринин кирешелүүлүгү ТПФтин номиналдык кирешелүүлүгүнүн көрсөткүчү – К2 номиналдык кирешенин коэффициенти менен мүнөздөлөт, ал төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
мында:
– ушул Эрежелердин 42-пунктуна ылайык эсептелген отчеттук календардык айда башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусунда турган ТПФтин пенсиялык активдеринин бир шарттуу бирдигинин орточо наркы;
– ушул Эрежелердин 41-пунктуна ылайык эсептелген он эки, отуз алты жана алтымыш ай мурда башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусунда турган ТПФтин пенсиялык активдеринин бир шарттуу бирдигинин орточо наркы.
41. Башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусунда турган ТПФтин пенсиялык активдеринин бир шарттуу бирдигинин кайсы бир айдагы орточо наркы ушул Эрежелердин 42-пунктуна ылайык эсептелген ушул айдын ар бир календардык күнүнүн аягына карата аталган башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусунда турган ТПФтин пенсиялык активдеринин бир шарттуу бирдигинин наркынын орточо арифметикалык мааниси катары эсептелет.
42. Тиешелүү күндүн акырына карата башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусунда турган ТПФтин пенсиялык активдеринин бир шарттуу бирдигинин наркы башкаруучу компания тарабынан төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
мында:
Ci – ТПФтин пенсиялык активдеринин башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусунда турган ошол күндүн бүтүшүнө карата бир шарттуу бирдигинин наркы;
ПАі – ушул Эрежелердин 43-пунктуна ылайык эсептелген, башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусунда турган ТПФтин таза пенсиялык активдеринин ошол күндүн бүтүшүнө карата учурдагы наркы;
ҮЕі – ушул Эрежелердин 44-пунктуна ылайык эсептелген, башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусунда турган ТПФтин пенсиялык активдеринин шарттуу бирдигинин ошол күндүн бүтүшүнө карата жалпы саны.
43. Тиешелүү күндүн бүтүшүнө карата башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусунда турган ТПФтин таза пенсиялык активдеринин учурдагы наркы төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет (ушул Эрежелердин 9-главасында белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен):
ПАі = ПА (і–1) + Bi + Ti + Ді + Иі + Пі1 + Пі2 – Hi1 – Ні2 – Кві,
мында:
ПА (і–1) – өткөн календардык күндүн бүтүшүнө карата башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусунда турган ТПФтин таза пенсиялык активдеринин учурдагы наркы;
Bi – ушул күн үчүн ТПФке келип түшкөн пенсиялык төгүмдөр;
Ti – ушул күн үчүн ТПФке келип түшкөн башка ТПФтен которулган пенсиялык активдер;
Ді – ушул күн үчүн ТПФтин пенсиялык активдери боюнча эсептелген инвестициялык киреше;
Иі – ушул күн үчүн ТПФтин инвестициялык эсебиндеги акча каражаттарынын калдыгы боюнча банк тарабынан төлөнгөн сый акы (кызыкчылык);
Пі1 – ушул күн үчүн пенсиялык төгүмдөрдү өз убагында которбогондугу үчүн ТПФ алган туум;
Пі2 – ушул күн үчүн пенсиялык активдерди өз убагында инвестициялабагандыгы үчүн ТПФ алган туум;
Hi1 – ушул күн үчүн ТПФтен эсептелген пенсиялык төлөмдөр, ТПФтен башка ТПФке которуулар жана ТПФтин инвестициялык эсебине жаңылыш түшкөн суммалар боюнча милдеттенмелер (келип түшкөн күнү ТПФ катары таанылган жана аны тейлөөчү банк тарабынан жаңылыш келип түшкөн суммалардан тышкары, ТПФтин аманатчыларынын/пенсиялык төлөмдөрдү алуучулардын жеке эсептерине чегерилген эмес);
Ні2 – такталганга чейинки ушул күн үчүн которулган сумма;
КBi – ушул күн үчүн эсептелген ТПФтин жана башкаруучу компаниянын комиссиялык сый акылары.
44. Башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусунда турган ТПФтин пенсиялык активдеринин шарттуу бирдигинин учурдагы күндүн бүтүшүнө карата жалпы саны төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет (ушул Эрежелердин 45-пунктунда белгиленген өзгөчөлүктөрдү эсепке алуу менен):
мында:
ҮЕ (і–1) – ушул күндөн мурдагы акыркы календардык күндүн бүтүшүнө карата башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусунда турган ТПФтин пенсиялык активдеринин шарттуу бирдигинин жалпы саны;
С (і–1) – ушул күндөн мурдагы акыркы календардык күндүн бүтүшүнө карата башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусунда турган ТПФтин пенсиялык активдеринин бир шарттуу бирдигинин наркы.
45. Башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусуна ТПФтин пенсиялык активдеринин баштапкы келип түшүүсүндө (ушул Эрежелердин 46-пунктунда белгиленгендерди кошпогондо) Сі, ПАі жана ҮЕі көрсөткүчтөрүн эсептөө ушул ТПФтин пенсиялык активдеринин башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусунда турган биринчи күндүн бүтүшүнө карата төмөнкүдөй маанилерге негизденүү менен жүзөгө ашырылат:
C (і–1) – бир эсептик көрсөткүч;
ПА (і–1) – башкаруучу компания ишенимдүү башкарууга кабыл алган ТПФтин таза пенсиялык активдеринин учурдагы наркы;
УЕ (і–1) – башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкарууга кабыл алган ТПФтин таза пенсиялык активдеринин учурдагы наркын бир эсептик көрсөткүчкө бөлүүнүн натыйжасы.
46. ТПФтин пенсиялык активдерин бир башкаруучу компаниядан башка башкаруучу компанияга ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүдө ушул ТПФтин пенсиялык активдеринин бир шарттуу бирдигинин наркын эсептөө үзгүлтүккө учурабайт жана анын пенсиялык активдерин ишенимдүү башкарууга алган башкаруучу компания жүзөгө ашырууну улантат.
47. К2 номиналдык кирешелүүлүк коэффициенти башкаруучу компания тарабынан пенсиялык активдери тигил же ушул башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусунда турган ТПФке гана акыркы жыйырма, отуз алты жана алтымышынчы айларга карата эсептелет.
48. Башкаруучу компаниялар тарабынан берилген К2 номиналдык кирешелүүлүгүнүн коэффициенттеринин эсебинин негизинде финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ай сайын ушул Эрежелердин 49-пунктуна ылайык эсептейт жана учурдагы айдын он бешинчи күнүнөн кечиктирбестен төмөнкүлөрдүн маанисин расмий сайтта жарыялайт:
1) ушул Эрежелердин 47-пунктунун шарттарына ылайык келген бардык ТПФтер боюнча К2 номиналдык кирешелүүлүк коэффициентинин;
2) ушул Эрежелердин 47-пунктунун шарттарына ылайык келген бардык ТПФ боюнча акыркы толук бүткөн он эки, отуз алты, алтымыш календардык айларда номиналдык кирешенин орточо салмактанып алынган коэффициентинин;
3) ушул Эрежелердин 49-пунктуна ылайык эсептелген номиналдык кирешенин түзөтүлгөн орточо салмактанып алынган коэффициентинин.
49. Номиналдык кирешенин орточо салмактанып алынган коэффициенти ушул Эрежелердин 47-пунктунун шарттарына ылайык келген бардык ТПФ боюнча бир эле мезгил үчүн К2 коэффициенттеринин орточо салмактанып алынган чоңдугу катары ушул же башка башкаруучу компаниянын он эки, отуз алты жана алтымыш ай ичинде ишенимдүү башкаруусунда болгон (К2 коэффициентин эсептөө жүргүзүлгөн мезгилдин биринчи айынын биринчи календардык күнүнө карата абал боюнча) таза пенсиялык активдердин учурдагы наркы боюнча эсептелет.
Номиналдык кирешенин түзөтүлгөн орточо салмактанып алынган коэффициенти ушул же башка башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусунда алтымыш ай турган таза пенсиялык активдердин учурдагы наркы боюнча орточо салмактанып алынган чоңдук (К2 коэффициентин эсептөө жүргүзүлгөн мезгилдин биринчи айынын биринчи календардык күнүнө карата абал боюнча), номиналдык кирешенин коэффициентинин мааниси ушул же башка башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусунда алтымыш ай турган, таза пенсиялык активдердин учурдагы наркы боюнча эсептелген тиешелүү мезгил үчүн номиналдык кирешенин орточо салмактанып алынган коэффициентинин маанисинин 130 %ынан ашпаган ТПФ боюнча бир эле мезгил үчүн К2 коэффициенттеринин чоңдугу катары эсептелет.
50. Номиналдык кирешенин коэффициентинин минималдуу мааниси тиешелүү мезгилдеги номиналдык кирешенин түзөтүлгөн салмактанып алынган коэффициентинин маанисинин 70 %ын түзөт.
51. Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-январына түзүлгөн номиналдык кирешенин коэффициентинин минималдуу маанисинен ушул башкаруучу компанияда ишенимдүү башкарууда турган ар бир өзүнчө ТПФ боюнча пенсиялык активдер К2 номиналдык кирешенин коэффициентинин маанисинен терс четтегенде башкаруучу компания пенсиялык активдери ошол башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусунда турган ар бир өзүнчө ТПФ боюнча К2 номиналдык кирешенин коэффициентинин жана номиналдык кирешенин коэффициентинин минималдуу маанисинин ортосундагы терс айырманы ТПФтин банктагы банк эсебине чегерүү жолу менен төмөнкүдөй формула боюнча эсептелген акча каражаттарынын тиешелүү суммасын ТПФке төлөйт:
S = (Сmin – Сt) * Yei, мында: Сmin > Сt,
мында:
S – пенсиялык активдери ошол башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусунда болгон ТПФтин алдындагы башкаруучу компаниянын К2 номиналдык кирешенин коэффициентинин ордун толтуруу боюнча милдеттенмелеринин суммасы;
Cmin – эсептөө жүргүзүлгөн датага карата номиналдык кирешенин коэффициентинин минималдуу маанисин аныктоо үчүн пенсиялык активдери ошол башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусунда турган ТПФтин пенсиялык активдеринин бир шарттуу бирдигинин зарыл болгон орточо наркы;
Ct – эсептешүү жүргүзүлгөн датага карата башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусунда болгон ТПФтин пенсиялык активдеринин бир шарттуу бирдигинин орточо наркы;
Yei – эсептешүү жүргүзүлгөн датага карата башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусунда турган ТПФтин пенсиялык активдеринин шарттуу бирдиктеринин жалпы саны.
Сmin мааниси төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
Сmin = (Кср * 70% + 100) / 100 * Со,
мында:
Кср – эсептөө жүргүзүлгөн датага карата түзүлгөн ТПФтин пенсиялык активдери боюнча номиналдык кирешенин түзөтүлгөн орточо салмактанып алынган коэффициентинин мааниси;
Со – эсептөө жүргүзүлгөн датага чейинки алтымыш ай мурда ТПФте болгон ТПФтин пенсиялык активдеринин бир шарттуу бирдигинин орточо наркы.
52. Ушул Эрежелердин 51-пунктуна ылайык эсептелген сумма ТПФ тарабынан башкаруучу компанияга пенсиялык активдери ошол башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусунда турган ТПФтеги К2 номиналдык кирешесинин коэффициентинин жана номиналдык кирешенин коэффициентинин минималдуу маанисинин ортосундагы терс айырманын ордун толтуруу жөнүндө талап коюлган күндөн тартып он календардык күндүн ичинде ТПФтин эсебине чегерилет.
53. Пенсиялык активдери ушул башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусунда турган ар бир өзүнчө ТПФ боюнча К2 номиналдык кирешесинин коэффициентинин ортосундагы терс айырманын ордун толтуруу суммасы чегерилген күндөн кийинки күндүн ичинде башкаруучу компания финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга банктын ырастоосу менен ушул сумманын чегерилгендиги жөнүндө маалыматты жиберет.
Ушул Эрежелердин 51, 52-пункттарында жана ушул пунктта белгиленген талаптар ТПФке карата пенсиялык активдерди ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашырган башкаруучу компанияга, пенсиялык активдер жана милдеттенмелер кабыл алынган календардык жылдын акырына карата, ошондой эле эгерде аларды өткөрүп берген учурдан тартып календардык жылдын аягына чейин тогуз айдан аз убакыт калган болсо, пенсиялык активдер жана милдеттенмелер кабыл алынган жылдан кийинки жылдын аягына карата жайылтылбайт.