Загрузка документа…
1-тиркеме
Топтолмо пенсиялык фонддорго кызмат көрсөтүүчү депозитарийдин ишине
коюлуучу талаптар жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык баалуу кагаздар боюнча депозитардык кесиптик ишти жүзөгө ашырууга лицензиясы бар юридикалык жак гана депозитарий боло алат.
2. Депозитарий топтолмо пенсиялык фонддордун (мындан ары – ТПФ) баалуу кагаздарын башка максаттар үчүн, анын ичинде кредиттик жана валюталык операцияларга, ошондой эле өзүнүн карыздарын жана башка милдеттенмелерин төлөө үчүн пайдалана албайт.
3. Депозитарий топтолмо пенсиялык каражаттарды ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашырган башкаруучу компаниялардын биринин да аффилирленген жагы же болбосо көрсөтүлгөн башкаруучу компаниялардын аффилирленген жагы болуп саналбайт.
4. Депозитарий Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын, ошондой эле ТПФ жана башкаруучу компаниялар менен тиешелүү келишимдердин талаптарын сактоого тийиш.
2-глава. Функциялык милдеттер
5. Депозитарий өзүнүн функцияларын Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.
3-глава. Баалуу кагаздарга болгон
укуктарды эсепке алуу
6. Ар бир ишенимдүү башкаруу келишими боюнча топтолмо пенсиялык каражаттар инвестицияланган баалуу кагаздарга болгон укуктарды эсепке алуу жана баалуу кагаздарга болгон укуктун өтүшүн эсепке алуу тиешелүү башкаруучу компаниянын атына депозитарий ачкан өзүнчө депо эсебинде жүзөгө ашырылат. Көрсөтүлгөн депо эсептеринде топтолмо пенсиялык каражаттарды инвестициялоо менен байланышпаган башка негиздер боюнча башкаруучу компанияда турган мүлктүн эсебинен сатып алынган баалуу кагаздарга болгон укуктарды эсепке алуу жүргүзүлбөйт.
4-глава. Документтерди сактоо жана документтерди жүгүртүү
7. Депозитарий төмөнкүлөрдү сактайт:
1) ТПФ менен башкаруучу компаниялар түзгөн топтолмо пенсиялык каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимдеринин көчүрмөлөрүн, көрсөтүлгөн келишимдерге киргизилген өзгөртүүлөрдү камтыган документтердин көчүрмөлөрүн, ошондой эле көрсөтүлгөн келишимдердин токтотулгандыгын ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн;
2) пенсиялык топтолмо каражаттарды жайгаштырууну жүзөгө ашырууга негиз болгон келишимдердин көчүрмөлөрүн, көрсөтүлгөн келишимдерге киргизилген өзгөртүүлөрдү камтыган документтердин көчүрмөлөрүн, ошондой эле көрсөтүлгөн келишимдердин токтотулгандыгын ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн;
3) пенсиялык топтолмо каражаттарды тескөөгө депозитарийдин алдын ала макулдугун ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн.
8. Депозитарий пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган баалуу кагаздарга болгон укуктарды эсепке алууну жана документтештирилген баалуу кагаздардын сертификаттарын сактоону башка кардарлардын (депоненттердин) баалуу кагаздарынан, анын ичинде ТПФ менен топтолмо пенсиялык каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимдерин түзгөн башкаруучу компаниялардын башка инвестициялык портфелдеринен өзүнчө жүзөгө ашырат.
9. Депозитарий өз ишин жүзөгө ашырууда алынган жана берилген документтердин (алардын көчүрмөлөрүнүн), алар алынган датасын жана (же) берилген датасын көрсөтүү менен эсебин жүргүзөт.
10. 7-пунктта каралган документтерди (документтердин көчүрмөлөрүн) сактоо аларды колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин 5 (беш) жыл бою жүргүзүлөт.
5-глава. Ички эрежелер
11. Депозитарийдин ички эрежелери анын функцияларын жүзөгө ашыруунун жол-жоболорун толук баяндоого жана төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) депозитарийдин ишин жүзөгө ашыруунун жол-жоболорун;
2) депозитарий колдонуучу алгачкы эсепке алуу документтеринин жана кардарларга берилүүчү отчеттордун формаларын;
3) депозитардык ишти жүзөгө ашыруунун процессинде түзүмдүк бөлүктөрдүн өз ара аракеттенүүлөрүнүн тартибинин, ошондой эле контролдоочу функцияларды жүзөгө ашыруунун сыпаттамасын;
4) депозитардык ишине коюлуучу талаптарды сактоо үчүн ички контролду уюштуруунун сыпаттамасын;
5) кардарлар менен түзүлүүчү келишимдердин формаларын;
6) кызыкчылыктардын кагылышууларынын пайда болуу мүмкүндүгүн алдын алуучу ички жол-жоболордун сыпаттамасын.
12. Депозитардык ишке коюлуучу талаптарды сактоо үчүн ички контролду уюштуруунун сыпаттамасында төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) ички контролду жүзөгө ашыруунун жол-жоболору;
2) ички контролдун системасы жана депозитарийдин эсептик системасына киргизилүүчү маалыматтарды текшерүү тартиби;
3) электрондук маалыматтарды сактоо ыкмалары;
4) маалыматтар жоголгон учурда аларды калыбына келтирүү ыкмалары;
5) компьютердик жабдуулар жана (же) программалык камсыздоо иштебей калган учурда мүлктү эсепке алуу жана контролдук функцияларды жүзөгө ашыруу боюнча ишти улантуунун ыкмалары.
6-глава. Депозитарийдин ишине коюлуучу талаптар
13. Контролду жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө табылган олуттуу бузуулар жөнүндө, алар табылган күндөн кийинки бир жумуш күндөн кечиктирбей топтолмо пенсиялык фонддордун ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жана тиешелүү башкаруучу компанияга билдирүү.
14. Келишимдерге ылайык операцияларды аткаруу, эсепке алынуучу баалуу кагаздардын түрлөрү жана наркы жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген формаларда жана мөөнөттөрдө субъекттерге берүү.
15. Кыргыз Республикасынын лицензиялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык берилген депозитардык ишти жана инвестициялык фонддордун, үлүштүк инвестициялык фонддордун жана топтолмо пенсиялык фонддордун депозитардык ишин жүзөгө ашыруу уруксатын чакыртып алуу же токтотуп туруу жөнүндө жана уюмдаштыруу документтериндеги башка өзгөрүүлөр боюнча депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымдоо.
16. Топтолмо пенсиялык каражаттар менен жасалган бүтүмдөр жөнүндө маалыматты, ошондой эле топтолмо пенсиялык каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимдери боюнча башкарууда турган таза активдердин нарктары жөнүндө маалыматтарды баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө берүү.
17. Топтолмо пенсиялык каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишими токтотулган (бузулган) учурда депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган, башкаруучу компаниядан активдерди ТПФга өткөрүп берүү процессин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте камсыз кылуу.
18. Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган тартипте жана шарттарда депозитарийдин топтолмо пенсиялык фонддун жана башкаруучу компаниянын алдындагы жарандык-укуктук жоопкерчилигинин тобокелдигин депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө келишим боюнча милдеттенмелерди талаптагыдай аткарбоонун натыйжасында зыян келтирүү үчүн камсыздандыруу.