Загрузка документа…
5-тиркеме
Пенсиялык топтолмо каражаттарга инвестицияланган активдердин учурдагы рыноктук наркын жана таза активдердин наркын эсептөө
тартиби
1. Ушул Тартип «Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында пенсиялык топтолмо каражаттарга инвестицияланган активдердин учурдагы рыноктук наркын жана таза активдердин наркын эсептөө эрежелерин аныктайт.
2. Активдердин, анын ичинде инвестициялык активдердин учурдагы рыноктук наркын жана пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган таза активдердин наркын эсептөө ар бир инвестициялык актив боюнча өзүнчө жүргүзүлөт.
3. Пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган инвестициялык активдердин учурдагы рыноктук наркын жана таза активдердин наркын эсептөө ар бир жумуш күнү күндүн аягында жүзөгө ашырылат, ал эми мындай күн жумуш эмес күнгө туура келген отчеттук мезгил аяктаган күндөн кийинки жакынкы жумуш күнү болуп саналса, таза пенсиялык активдердин орточо наркын жана активдердин учурдагы рыноктук наркын эсептөө отчеттук мезгил аяктаган көрсөтүлгөн датага карата да жүзөгө ашырылат.
4. Пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган инвестициялык активдердин учурдагы рыноктук наркы финансы-кредиттик уюмдардагы эсептердеги жана депозиттердеги акча каражаттарынын суммасына, баалуу кагаздардын рыноктук наркына, ошондой эле дебитордук карыздын суммасына жараша эсептелет.
5. Эгерде ушул Тартипте башкача каралбаса, баалуу кагаздардын рыноктук наркы инвестициялык активдердин түзүмүндөгү баалуу кагаздардын санына жана бир баалуу кагаздын рыноктук баасына жараша аныкталат.
6. Фондулук биржанын котировкалык тизмесине киргизилген баалуу кагаздын рыноктук баасы ошол фондулук биржа тарабынан аныкталат. Ошол эле учурда:
1) баалуу кагаздын рыноктук баасы, эгерде көрсөтүлгөн бүтүмдөрдүн саны ондон кем эмес болсо, ошол эле чыгарылыштагы баалуу кагаздар менен жасалган ченемдик укуктук актыларга ылайык рыноктук бүтүмдөргө (мындан ары – рыноктук бүтүмдөр) ылайык таанылган бүтүмдөр боюнча орточо салмактанып алынган баа катары аныкталат;
2) эгерде бир соода күнүнүн ичинде ошол эле чыгарылыштагы баалуу кагаздар менен ондон аз рыноктук бүтүм жасалган болсо, баалуу кагаздын рыноктук баасы, эгерде мындай бүтүмдөрдүн саны ондон кем эмес болсо, акыркы эки соода күнүнүн ичинде жасалган ошол эле чыгарылыштагы баалуу кагаздар менен рыноктук бүтүмдөр боюнча орточо салмактанып алынган баа катары аныкталат;
3) эгерде акыркы эки соода күнүнүн ичинде ошол эле чыгарылыштагы баалуу кагаздар менен ондон аз рыноктук бүтүм жасалган болсо, баалуу кагаздын рыноктук баасы, эгерде мындай бүтүмдөрдүн саны ондон кем эмес болсо, акыркы үч соода күнүнүн ичинде жасалган ошол эле чыгарылыштагы баалуу кагаздар менен рыноктук бүтүмдөр боюнча эсептелген орточо салмактанып алынган баа катары аныкталат;
4) эгерде акыркы үч соода күнүнүн ичинде ошол эле чыгарылыштагы баалуу кагаздар менен ондон аз рыноктук бүтүм жасалган болсо, баалуу кагаздын рыноктук баасы, эгерде мындай бүтүмдөрдүн саны ондон кем эмес болсо, акыркы беш соода күнүнүн ичинде жасалган ошол эле чыгарылыштагы баалуу кагаздар менен рыноктук бүтүмдөр боюнча эсептелген орточо салмактанып алынган баа катары аныкталат;
5) эгерде акыркы беш соода күнүнүн ичинде ошол эле чыгарылыштагы баалуу кагаздар менен ондон аз рыноктук бүтүм жасалган болсо, баалуу кагаздын рыноктук баасы, эгерде мындай бүтүмдөрдүн саны ондон кем эмес болсо, акыркы отуз соода күнүнүн ичинде жасалган ошол эле чыгарылыштагы баалуу кагаздар менен рыноктук бүтүмдөр боюнча эсептелген орточо салмактанып алынган баа катары аныкталат.
7. Эгерде пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган инвестициялык активдердин учурдагы рыноктук наркын жана таза активдердин наркын эсептөө күнүнө карата баалуу кагаздын рыноктук баасын ушул Тартипке ылайык аныктоо мүмкүн болбосо, анда баалуу кагаздардын рыноктук наркы төмөнкүдөй аныкталат:
1) башкаруучу компания тарабынан көрсөтүлгөн баалуу кагаздар менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жасоонун натыйжасында сатып алынган баалуу кагаздардын рыноктук наркы инвестициялык активдердин түзүмүндөгү алардын санына жана бир баалуу кагаздын орточо баасына жараша аныкталат, ал төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
мында:
P – бир баалуу кагаздын орточо баасы;
i – бир күн ичинде көрсөтүлгөн баалуу кагаздар менен түзүлгөн бүтүмдөрдүн катар номери, ал үчүн пенсиялык топтолмо каражаттарга инвестицияланган активдердин рыноктук наркы жана таза активдердин наркы эсептелет;
n – пенсиялык топтолмо каражаттарга инвестицияланган активдердин рыноктук наркы жана таза активдердин наркы эсептелген күн ичинде көрсөтүлгөн баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдүн саны;
P0Q0 – эсептешүү күнүнөн мурунку датага карата көрсөтүлгөн баалуу кагаздардын рыноктук наркы;
P1 – i күн ичинде жасалган i бүтүмү боюнча бир баалуу кагаздын баасы, ал үчүн пенсиялык топтолмо каражаттарга инвестицияланган активдердин рыноктук наркы жана таза активдердин наркы, аны сатып алуу (сатуу) менен байланышкан чыгымдарды эсепке албастан эсептелет;
Q0 – эсептешүү күнүнөн мурунку датага карата ошол эле чыгарылыштагы баалуу кагаздардын саны;
Q1 – i бүтүмдө, i күндүн ичинде жасалган ошол эле чыгарылыштагы баалуу кагаздардын саны, ал үчүн пенсиялык топтолмо каражаттарга инвестицияланган активдердин рыноктук наркы жана таза активдердин наркы эсептелет;
2) акционерлерге бөлүштүрүү жолу менен аларды жайгаштыруунун натыйжасында сатып алынган кошумча чыгарылыштагы акциялардын рыноктук наркы инвестициялык активдердин түзүмүндөгү алардын санына жана кошумча көрсөтүлгөн кошумча чыгарылыштагы акциялар жайгаштырылган чыгарылыштын бир акциясынын рыноктук баасына (орточо баасына) жараша аныкталат;
3) баалуу кагаздарды конвертациялоонун натыйжасында сатып алынган кошумча чыгарылыштагы акциялардын рыноктук наркы инвестициялык активдердин түзүмүндөгү алардын санына жана ушул кошумча чыгарылыштагы акциялар жайгаштырылган, ага кошумча чыгарылган акциялардын рыноктук баасына жараша аныкталат. Эгерде конвертациялануучу баалуу кагаздарды конвертациялоонун натыйжасында акциялар кошумча жайгаштырылган акциялардын рыноктук баасы ушул Тартипке ылайык аныкталбаса, кошумча жайгаштырылган акциялардын рыноктук наркы кошумча чыгарылыштагы акцияларга конвертациялануучу баалуу кагаздардын акыркы аныкталган рыноктук наркына жараша аныкталат;
4) кошулуучу коомдун акцияларын конвертациялоонун натыйжасында сатып алынган кошумча чыгарылыштагы акциялардын рыноктук наркы (коомду кошуу түрүндө кайра уюштурууда) инвестициялык активдердин түзүмүндөгү алардын санына жана ушул кошумча чыгарылыштагы акциялар жайгашкан чыгарылыштагы акциялардын рыноктук баасына жараша аныкталат. Эгерде кошулуп жаткан коомдун акцияларын конвертациялоонун натыйжасында сатып алынган акциялар кошумча жайгаштырылган чыгарылыштагы акциялардын рыноктук баасы ушул Тартипке ылайык аныкталбаса, кошумча чыгарылыштагы акциялардын рыноктук наркы инвестициялык активдердин түзүмүндөгү алардын санына жана кошулган коомдун бир акциясынын конвертациялоо коэффициентине көбөйтүлгөн акыркы аныкталган рыноктук баасына (орточо баасына) жараша аныкталат;
5) ошол эле категориядагы (типтеги) акцияларды конвертациялоо жолу менен жайгаштырууда сатып алынган акциялардын рыноктук наркы конвертациялануучу акциялардын акыркы аныкталган рыноктук наркына жараша аныкталат;
6) акцияларды бөлүүдө аларга акцияларды конвертациялоонун натыйжасында сатып алынган акциялардын рыноктук наркы инвестициялык портфелдеги алардын санына жана бир конвертациялануучу акциянын акыркы аныкталган рыноктук баасына (орточо баасы) бөлүнүү коэффициентине бөлүнгөнүнө жараша аныкталат;
7) акцияларды консолидациялоодо аларды конвертациялоонун натыйжасында сатып алынган акциялардын рыноктук наркы, алардын инвестициялык портфелдеги санына жана бөлүү коэфициентине көбөйтүлгөн бир конвертациялануучу акциянын акыркы аныкталган рыноктук баасына (орточо баасына) жараша аныкталат;
8) бириктирүү түрүндө кайра уюштурууда алардагы акцияларды конвертациялоонун натыйжасында сатып алынган акциялардын рыноктук наркы инвестициялык активдердин түзүмүндөгү алардын санына жана конвертациялоонун коэффициентине көбөйтүлгөн инвестициялык активдердин түзүмүндөгү конвертациялануучу баалуу кагаздын акыркы аныкталган рыноктук баасына (орточо баасына) жараша аныкталат. Эгерде бириктирүү түрүндө кайра уюштурууда инвестициялык активдердин түзүмүнө биригүүгө катышкан эки (же андан көп) акционердик коомдордун акциялары кирсе, аталган акционердик коомдордун акциялары конвертацияланган акциялардын рыноктук наркы инвестициялык активдердин түзүмүндөгү алардын санына жана конвертациялоонун тиешелүү коэффициентине көбөйтүлгөн инвестициялык активдердин түзүмүндө турган конвертациялануучу акциялардын рыноктук бааларынан (орточо бааларынан) алынган орточо баага жараша аныкталат;
9) бөлүү же бөлүп чыгаруу түрүндө акционердик коомду кайра уюштурууда акцияларды аларга конвертациялоонун натыйжасында сатып алынган жаңы түзүлгөн акционердик коомдун акцияларынын рыноктук наркы инвестициялык портфелдеги алардын санына жана конвертациялоо коэффициентине көбөйтүлгөн конвертациялануучу бир акциянын акыркы аныкталган рыноктук баасына (орточо баасынын) жараша аныкталат. Бөлүүнүн же бөлүп чыгаруунун натыйжасында эки же андан ашык акционердик коом түзүлгөн учурда, бөлүүнүн же бөлүп чыгаруунун натыйжасында түзүлгөн акционердик коомго берилген кайра уюштурулган акционердик коомдун пропорциялуу азайтылган мүлктүк үлүштөрү, конвертациялануучу бир акциянын рыноктук баасы (орточо баасы) конвертациялоо коэффициентине көбөйтүлөт;
10) аларга конвертациялануучу баалуу кагаздарды конвертациялоонун натыйжасында сатып алынган жаңы чыгарылыштагы акциялардын же облигациялардын рыноктук наркы конвертациялануучу баалуу кагаздардын акыркы аныкталган рыноктук наркына жараша аныкталат;
11) аларга конвертациялануучу облигацияларды конвертациялоонун натыйжасында сатып алынган кошумча чыгарылыштагы облигациялардын рыноктук наркы инвестициялык портфелдеги алардын санына жана ушул кошумча чыгарылыштагы облигациялар жайгаштырылган кошумча чыгарылыштагы облигациялардын рыноктук баасына жараша аныкталат. Эгерде облигациялар жайгаштырылган кошумча чыгарылыштагы облигациялардын рыноктук баасы аларга конвертациялануучу облигацияларды конвертациялоонун натыйжасында ушул Тартипке ылайык аныкталбай турган болсо, кошумча жайгаштырылган облигациялардын рыноктук наркы конвертациялануучу облигациялардын акыркы аныкталган рыноктук наркына жараша аныкталат;
12) эмитентти кайра уюштурууда аларга облигацияларды конвертациялоонун натыйжасында сатып алынган жаңы чыгарылыштагы облигациялардын рыноктук наркы конвертациялануучу облигациялардын акыркы аныкталган рыноктук наркына жараша аныкталат;
13) негизги карыздын суммасын төлөө боюнча милдеттенмелер аткарылган облигациялардын рыноктук наркы акча каражаттары инвестициялык портфелдин курамына же көрсөтүлгөн облигацияларды жабуу эсебине башка мүлктүк эквивалент келип түшкөн датадан тартып нөлгө барабар деп таанылат. Облигацияда негизги карыздын суммасын төлөө боюнча милдеттенмелер аткарылбаган учурда, көрсөтүлгөн милдеттенмени аткаруу мөөнөтү бүткөн датадан тартып 7 күн өткөндөн кийин мындай облигациялардын рыноктук наркы төмөнкү формула боюнча аныкталат:
S = max [0; ((0,7 – (i – 7) x 0,03) x P0 x Q)],
мында:
S – инвестициялык портфелди түзгөн активдердин рыноктук наркы эсептелүүчү датага облигациялардын рыноктук наркы;
P0 – негизги карыздын суммасын төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарууда каралган мөөнөт өтүүчү датага көрсөтүлгөн облигациялардын рыноктук баасы (орточо баасы);
Q – көрсөтүлгөн облигациялардын инвестициялык портфелдеги саны;
i – көрсөтүлгөн облигацияларда каралган негизги карыздын суммасын төлөө боюнча милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү бүткөн датадан тартып өткөн календардык күндөрдүн толук саны;
14) облигациялардын эмитентин банкрот деп таануу тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарыяланган учурда, мындай эмитенттин облигацияларынын рыноктук наркы көрсөтүлгөн маалымат жарыяланган датадан тартып нөлгө барабар деп таанылат.
8. Кредиттик уюмдардагы депозиттерди улуттук валютада баалоо депозиттерге жайгаштырылган акча каражаттарынын суммасына жана кошуп эсептелген пайыздардын суммасына жараша жүзөгө ашырылат.
9. Чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын жана милдеттенмелердин суммасы инвестициялык портфелдин наркы эсептелген датага Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы белгилеген курс боюнча улуттук валютага кайра эсептелет.
10. Дебитордук карыз атайын брокердик эсептерде турган акча каражаттарынын суммасына, облигациялар боюнча топтолгон пайыздык (купондук) кирешелердин жана башка дебитордук карыздын суммасына жараша эсептелет. Эмитенттин көрсөтүлгөн кирешени төлөө боюнча милдеттенмени аткаруу мөөнөтү өтүп кеткендиги жөнүндө маалымат же эмитентке карата банкроттук жол-жобосу колдонулгандыгы жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарыяланган учурда, облигациялар боюнча топтолгон пайыздык (купондук) киреше инвестициялык портфелди түзгөн активдердин рыноктук наркына эсепке алынбайт.
11. Башкаруучу компаниянын инвестициялык портфелин түзгөн активдердин рыноктук наркына жарыяланган, бирок акциялар боюнча дивиденддер алынбаган сумма эсепке алынбайт.
12. Пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган таза активдердин наркы пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган активдердин рыноктук наркы менен инвестициялык портфелди түзгөн активдердин эсебинен аткарылууга тийиш болгон кредиттик карыздын курамындагы милдеттенмелердин ортосундагы айырма катары аныкталат.
13. Пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган активдердин рыноктук наркын эсептөө ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча жүзөгө ашырылат.
14. Пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган таза активдердин наркын эсептөө ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлөт.