Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 1-апрели № 170
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Салыктык башкарууда экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 641 "Мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-пункт "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борбору" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-апрелиндеги № 206 "Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү боюнча ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын тизмегин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын түзүүчү эң башкы маалыматтардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү боюнча ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын тизмегинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 19-1-пункт менен толукталсын:
"19-1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын түзүүчү эң башкы маалыматтардын тизмегинде:
- таблица төмөнкүдөй мазмундагы 51-1-пункт менен толукталсын:
"
51-1 | Салык кызматынын органдарынын маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун техникалык мүнөздөмөлөрү, архитектурасы, эсептөө кубаттуулуктары жана башка параметрлери жөнүндө маалыматтар, анын ичинде мамлекеттик сырларга кирген, мамлекеттик маалыматтык ресурстарды иштеп чыгуу жана коргоо үчүн арналган сервердик жабдуулар, маалыматтарды сактоо системалары, тармактык инфраструктура, программалык-аппараттык комплекстер жана маалыматтык коопсуздук чаралары жөнүндө маалыматтар | МСК |
";
- кыскартуулардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын:
"МСК - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы".
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |