Загрузка документа…
6-тиркеме
Пенсиялык топтолмо каражаттарды
ишенимдүү башкаруунун
типтүү келишими
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (мындан ары – Соцфонд)/топтолмо пенсиялык фонду (мындан ары – ТПФ) «Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» (мындан ары – пенсиялык топтолмолорду инвестициялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдар) жана «Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
____________________________________________________________
(Соцфонддун/ТПФтин кызмат адамы негизинде иштөөчү
____________________________________________________________
документтин аталышы жана реквизиттери)
___________________________________________ негизинде иштөөчү
____________________________________________________________
(Соцфонддун/ТПФтин кызмат адамынын
______________________________________________ атынан чыгуучу
аты-жөнү, кызмат орду)
бир тараптан жана инвестициялык активдердин башкаруу боюнча ишти жүзөгө ашырууга 20__-жылдын «___» ___________ № ______ лицензиянын негизинде иштөөчү ____________________________________ ______________________________________________________________________
(башкаруучу компаниянын толук (кыскартылган) фирмалык аталышы) (мындан ары – башкаруучу компания)
____________________________________________________________
(башкаруучу компаниянын кызмат адамы негизинде иштөөчү
____________________________________________________________ документтин аталышы жана реквизиттери)
____________________________________________________________
(башкаруучу компаниянын кызмат адамынын
______________________________________________ атынан чыгуучу
аты-жөнү, кызмат орду)
экинчи тараптан мындан ары Тараптар деп аталып, төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түздү.
2-глава. Келишимдин предмети
2. Ушул Келишимге ылайык Соцфонд/ТПФ башкаруучу компанияга пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкарууга берет, ал эми башкаруучу компания камсыздандырылган адамдардын пенсиянын топтолмо бөлүгүн алуу укугун камсыз кылуу максатында аларды башкарууну жүзөгө ашырууга милдеттенет.
3. Башкаруучу компания пайда табуучунун кызыкчылыктарында, көрсөтүлгөн каражаттарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген юридикалык жана иш жүзүндөгү аракеттерди жасоо жолу менен өзүнүн атынан пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашырат, мында ал ишенимдүү башкаруучу катары аракеттенет. Жазуу жүзүндө тариздөөнү талап кылбаган иш-аракеттерди жасоодо башкаруучу компания алардын жасалгандыгы жөнүндө башка тарапка маалымдайт, ал эми жазуу түрүндөгү документтерге өзүнүн аталышынан кийин «пенсиялык топтолмо каражаттарды И.Б.» деген белгини коёт.
4. Башкаруучу компания пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруучу катары аракеттенери жөнүндө көрсөтмө болбогондо, ал үчүнчү жактардын алдында жеке милдеттенме алат жана алардын алдында өзүнө таандык мүлк менен гана жооп берет.
5. Соцфонд/ТПФ тарабынан пенсиялык топтолмо каражаттардын башкаруучу компанияга ишенимдүү башкарууга берилиши, аталган каражаттарга жана алар инвестициялануучу активдерге карата менчик укуктарынын өтүшүнө алып келбейт.
6. Пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруудан түшкөн кирешелер башкаруучу компаниянын менчиги болуп саналбайт, алар көрсөтүлгөн каражаттардын өсүшүнө киргизилет.
7. Башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусунда турган пенсиялык топтолмо каражаттар Соцфонддун/ТПФтин, башкаруучу компаниянын же башка жактардын кандайдыр бир милдеттенмелерин камсыздандыруу болуп саналбайт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган пенсиялык топтолмо каражаттардын эсебинен төлөөлөрдү жүзөгө ашыруу менен байланышкан милдеттенмелерден тышкары.
3-глава. Соцфонддун/ТПФтин пенсиялык топтолмо каражаттарды башкаруучу компанияга өткөрүп берүү тартиби жана мөөнөттөрү
8. Соцфонд/ТПФ пенсиялык топтолмо каражаттарды башкаруучу компанияга кредиттик уюмда пенсиялык топтолмо каражаттар менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн аларды өзүнчө банктык эсепке которуу жолу менен өткөрүп берет.
9. Соцфонд/ТПФ пенсиялык топтолмо каражаттарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган өлчөмдөрдө жана мөөнөттөрдө башкаруучу компанияга которот.
10. Соцфонддун/ТПФтин пенсиялык топтолмо каражаттарды башкаруучу компанияга өткөрүп бериши же аларды башкаруучу компаниянын Соцфондго/ТПФке бериши ушул Келишимдин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча Пенсиялык топтолмо каражаттарды өткөрүп берүү актысына Тараптардын кол коюусу менен коштолот.
11. Соцфонд/ТПФ же башкаруучу компания тарабынан пенсиялык топтолмо каражаттар алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө тараптар Пенсиялык топтолмо каражаттарды өткөрүп берүү актысына кол коет.
12. Соцфонд/ТПФ камсыздандырылган жактардан жаңы келип түшкөн башкаруучу компанияны тандоо жөнүндө же Соцфонддон/ТПФтен башка ТПФке өтүшү жөнүндө арыздарды (мындан ары – камсыздандырылган жактардын арыздары) аткаруу тартибинде ага пенсиялык топтолмо каражаттарды өткөрүп берүүнүн зарылдыгы жөнүндө, камсыздандырылган жактар арыз берген жылдан кийинки жылдын «__» __________ кечиктирбестен башкаруучу компанияга кабарлайт.
Камсыздандырылган адамдардын арыздарын аткаруу үчүн башкаруучу компания тарабынан Соцфондго/ТПФке берилүүгө тийиш болгон пенсиялык топтолмо каражаттардын өлчөмү Кыргыз Республикасынын пенсиялык каражаттарды инвестициялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аныкталат.
13. Тараптар Пенсиялык топтолмо каражаттарды өткөрүп берүү жөнүндө жыйынтык актысын ушул келишимге ылайык жыл сайын, отчеттук жылдан кийинки жылдын «__» ___________ кечиктирбестен түзөт. Акт ушул Келишимдин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлөт.
14. Пенсиялык топтолмо каражаттарды Соцфонд/ТПФ тарабынан башкаруучу компанияга, ошондой эле башкаруучу компания тарабынан Соцфондго/ТПФке өткөрүп берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Келишимде каралган негиздер боюнча жүзөгө ашырылат.
15. Тараптар квартал сайын пенсиялык топтолмо каражаттар боюнча өз ара эсептешүүлөрдүн салыштырып текшерүү актысын түзөт, ал ушул Келишимдин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча Тараптардын кол коюусу менен коштолот.
4-глава. Башкаруучу компаниянын
укуктары жана милдеттери
16. Башкаруучу компания төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга жооп берген баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланып Соцфонд/ТПФ тарабынан башкарууга берилген пенсиялык топтолмо каражаттарга карата бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга; баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары көрсөтүлгөн талаптарды канааттандырбай калган учурларда келишимди бузууга жана акча каражаттарын суратып алуу чараларын көрүүгө;
2) сыйлоого жана пенсиялык топтолмону инвестициялоо менен байланышкан керектүү чыгымдардын ордун толтурууга.
17. Башкаруучу компания төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) пенсиялык топтолмо каражаттарды айрыкча камсыздандырылган адамдардын кызыкчылыктарында, пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо процессин регламенттеген ченемдик укуктук актыларга жана ушул Келишимдин 4-тиркемесине ылайык форма боюнча инвестициялоо декларациясына ылайык Кыргыз Республикасынын инвестициялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында уруксат берилген активдерге (инвестициялоо объекттерине) гана инвестициялоого;
2) диверсификациялоо, ишенимдүүлүк, өтүмдүүлүк, кирешелүүлүк жана кайтарымдуулук принциптерин камсыз кылуу зарылдыгынан улам пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоону жүзөгө ашырууга;
3) Соцфонд/ТПФ депозитарий кызматын көрсөтүү боюнча келишим түзгөн депозитарий менен келишим түзүүгө жана анын контролу алдында Соцфонд/ТПФ башкарууга берген пенсиялык топтолмо каражаттар менен операцияларды жасоого;
4) башкарууда турган активдердин рыноктук наркын жана таза активдердин наркын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тартипке ылайык үзгүлтүксүз эсептөөгө;
5) пенсиянын топтолмо бөлүгүн төлөп берүү үчүн каражаттарды Соцфондго/ТПФке пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишиминде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө которууга;
6) пенсиялык топтолмо каражаттар ишенимдүү башкаруу келишиминин бузулушунун кесепетинен болуучу өзүнүн жоопкерчилигиндеги тобокелдикти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана шартта камсыздандырууга;
7) башкарууда турган активдердин жалпы суммаларына карата жеке каражаттарынын (капиталынын) жетиштүүлүгүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте кармоого;
8) башкарууда турган баалуу кагаздарды рыноктук баадан төмөн эмес сатууга, ошондой эле баалуу кагаздарды рыноктук баадан жогору эмес сатып алууга. Рыноктук баа деп фонддук куралдын маалыматтары менен соода эрежелерине ылайык аныкталган баа түшүнүлөт;
9) уюштуруучулардын, акционерлердин (катышуучулардын) түзүмү жана курамы жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана мөөнөттө ачып берүүгө;
10) депозитарийдин аффилирленген адамы же болбосо анын аффилирленген адамы болбоого;
11) квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Соцфондго жана (же) ТПФке жана финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо жөнүндө отчетту, ошондой эле инвестициялоодон алынган кирешелер жөнүндө отчетту берүүгө;
12) Соцфондго жана (же) ТПФке жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга инвестициялык активдерди жана пенсиялык топтолмо фонддорду башкаруу боюнча ишти жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген лицензиянын чакыртылып алынгандыгы же токтотулгандыгы жөнүндө, башкаруучу компаниянын уюштуруу документтериндеги олуттуу өзгөрүүлөр тууралуу көрсөтүлгөн учурлар болгон күндөн кийинки бир жумуш күндөн кечиктирбестен кат жүзүндө маалымдоого;
13) пенсиялык топтолмо каражаттар менен операцияларды жасоо үчүн кредиттик уюмдун өзүнчө банктык эсебинде башкарууда турган пенсиялык топтолмо каражаттардын эсебин өзүнчө жүргүзүүгө;
14) пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишими токтотулган (бузулган) учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоонун эрежелеринде каралган тартипте жана мөөнөттө ишенимдүү башкарууда турган пенсиялык топтолмо каражаттардын Соцфондго жана (же) ТПФке өткөрүлүп берилишин камсыз кылууга;
15) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жооп берген кредиттик уюмдарда пенсиялык топтолмо каражаттарды жайгаштырууга, качан кредиттик уюм көрсөтүлгөн талаптарды канааттандырбай калган учурларда келишимдерди бузууга, эсептерди жабууга жана акча каражаттарын талап кылуу чараларын көрүүгө;
16) активдердин белгилүү классынын максималдуу үлүшүнүн өлчөмүнө карата талаптар бузулган учурларда инвестициялык портфелдин түзүмүн шайкеш келтирүүгө;
17) инвестициялык кирешенин минималдуу деңгээлин камсыз кылуу милдеттенмесин өзүнө алууга;
18) акыркы кварталдын жыйынтыгы боюнча эсептелген инвестициялык кирешенин деңгээли минималдуу деңгээлден төмөн болгондо жетпеген айырманы Соцфондго/ТПФке ордун толтурууга;
19) активдердин белгиленген түзүмүн өзгөртүүнүн жана активдердин түзүмүн оңдоо үчүн бүтүмдөрдү жасоонун натыйжасында келип чыккан зыяндын ордун Соцфондго/ТПФке толтурууга;
20) каза болгон камсыздандырылган адамдын укук мураскерине жүргүзүлгөн төлөмдөрү болгон учурда башкаруучу компания Соцфонддун/ТПФтин кабарламасынын негизинде, кабарламада көрсөтүлгөн өлчөмдөгү пенсиялык топтолмо каражаттарды ага өткөрүп берүүгө;
21) кабарламаны (талапты) алган датадан тартып 8 (сегиз) жумуш күндүн ичинде ушул пунктта көрсөтүлгөн пенсиялык топтолмо каражаттарды Соцфонддун/ТПФтин кабарламасында (талабында) аныкталган өлчөмдө Соцфондго/ТПФке өткөрүп берүүгө;
22) ушул Келишимде жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка талаптарды сактоого.
18. Башкаруучу компания Соцфондго/ТПФке төмөнкүлөрдү берүүгө милдеттүү:
1) ар кварталдык жана жылдык финансылык отчетторду (бухгалтердик балансты, пайда жана зыян тууралуу отчетту);
2) отчеттук жылдагы текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча түзүлгөн аудитордук корутундуну;
3) башкаруучу компаниянын жеке каражаттарынын жетиштүүлүгүн кармалышы жөнүндө маалыматты;
4) пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган акциялар боюнча укуктарды жүзөгө ашырууда башкаруучу компания катышкан акционерлердин жалпы чогулушунун протоколдорунун көчүрмөлөрүн.
19. Башкаруучу компания төмөнкүлөргө укуксуз:
1) депозитарий кызматтарын көрсөтүү жөнүндө депозитарий менен келишим түзгөнгө чейин пенсиялык топтолмо каражаттары менен операцияларды жасоого;
2) башкаруучу компания менен тейлөө жөнүндө келишим түзгөн башкаруучу компания, брокер, кредиттик жана камсыздандыруу уюмдары, депозитарий жана аудитор болуп саналган эмитенттердин пенсиялык топтолмо каражаттардын эсебинен баалуу кагаздарды, ошондой эле сотко чейинки санация чарасы жүргүзүлгөн же банкроттук жол-жобосу (байкоо жүргүзүү, убактылуу (тышкы) башкаруу, конкурстук өндүрүш) козголгон, же болбосо мурдагы эки жылдын ичинде ага карата мындай жол-жоболор колдонулган эмитенттердин баалуу кагаздарын сатып алууга;
3) ишенимдүү башкарууда турган пенсиялык топтолмо каражаттарды акысыз ээликтен ажыратууга;
4) ишенимдүү башкарууда турган пенсиялык топтолмо каражаттардын эсебинен зайымдарды берүүгө;
5) пенсиялык топтолмо каражаттардын курамына кирген баалуу кагаздарды өзүнүн менчигине сатып алууга;
6) пенсиялык топтолмо каражаттардын курамына кирген, башкаруучу компаниянын акционерлеринин (катышуучуларынын) менчигиндеги баалуу кагаздарды ажыратууга;
7) өзүнүн кызыкчылыктарында же үчүнчү жактын кызыкчылыктарында бүтүмдөрдү жасоо үчүн ушул келишим боюнча милдеттерди аткаруу менен байланышкан ага белгилүү болгон маалыматтарды пайдаланууга, ошондой эле көрсөтүлгөн маалыматтарды үчүнчү жакка берүүгө.
5-глава. Соцфонддун/ТПФтин
укуктары жана милдеттери
20. Соцфонд/ТПФ пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкарууну жеке жүзөгө ашыруу башкаруучу компания үчүн мүмкүн болбогондугуна байланыштуу ушул Келишимди аткаруудан баш тартууга укуктуу.
21. Эгерде камсыздандырылган адамдардын жеке энчилүү эсептериндеги атайын бөлүктөгү жеке маалыматтарга түзөтүү киргизүүнүн натыйжасында ушул келишимге ылайык башкаруучу компанияга Соцфонд/ТПФ мурда берген каражаттардын суммасы менен салыштырганда камсыздандырылган адамдардын пенсиялык топтолмо каражаттарынын өлчөмдөрү азайса, же болбосо камсыздандырылган адамдардын жаңы келип түшкөн арыздары боюнча башкаруучу компанияга берилүүгө тийиш болгон пенсиялык топтолмо каражаттардын өлчөмү ашыкча которулган каражаттардын суммасынан азайса Соцфонд/ТПФ ашыкча которулган каражаттарды ага өткөрүп берүүнүн зарылдыгы жөнүндө кабарламаны (талапты) башкаруучу компанияга жөнөтөт.
22. Соцфонд/ТПФ ушул Келишимге ылайык башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусуна бериле турган пенсиялык топтолмо каражаттардын өлчөмүнө, анын ичинде пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоонун натыйжаларын эске алуу менен түзөтүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
23. Соцфонд/ТПФ төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимдерине ылайык тартипте жана мөөнөттө пенсиялык топтолмо каражаттарды башкаруучу компанияга өткөрүп берүүгө;
2) пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкарууда ага жүргүзүлгөн башкаруучу компаниянын чыгымдарын инвестициялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда жана ушул Келишимдин шарттарында белгиленген чектерде төлөп берүүгө;
3) кийинки жылы пенсиялык топтолмо каражаттардын эсебинен төлөп берүү үчүн керектүү каражаттарды которуунун жылдык планын, кварталдар жана айлар боюнча бөлүштүрүү менен жыл сайын 1-декабрдан кечиктирбестен башкаруучу компанияга берүүгө;
4) Соцфондго/ТПФке депозитарий кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимдин токтотулушу жөнүндө, ошондой эле тиешелүү окуядан кийинки жумуш күндөн кечиктирбестен башка депозитарий менен түзүлгөн келишим жөнүндө башкаруучу компанияга кабарлоого;
5) пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкарууга берүүдө инвестициялык кирешенин минималдуу деңгээлин аныктоого.
6-глава. Башкаруучу компаниянын зарыл болгон чыгымдары жана сыйакысы
24. Пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо боюнча башкаруучу компаниянын чыгымдары ушул Келишим боюнча отчеттук жылда ишенимдүү башкарууда турган таза активдердин орточо наркынын 0,6 пайызынан ашпоосу керек.
25. Соцфонддун/ТПФтин отчеттук жылда башкаруучу компанияга кайра бере турган пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо боюнча зарыл чыгымдары ошол каражаттардын өлчөмүнүн 10 пайызынан ашпоосу керек. Көрсөтүлгөн чыгымдардын өлчөмү пенсиялык топтолмо каражаттар ишенимдүү башкарууга жаңы өткөрүп берүү жүргүзүлгөн мезгилде толук айдын санына пропорционалдуу эсептелет.
26. Ушул Келишимдин 23 жана 24 пункттарында каралган зарыл болгон чыгымдардан ашкан чыгымдар башкаруучу компаниянын өздүк каражаттарынын эсебинен төлөнөт.
27. Ушул Келишимдин 5-тиркемесине ылайык форма боюнча Соцфонд/ТПФ менен башкаруучу компаниянын ортосундагы Өз ара эсептешүүнүн салыштыруу актысынын негизинде башкаруучу компания зарыл болгон чыгымдарды төлөө үчүн Соцфонд/ТПФ тарабынан которулган каражаттардын эсебинен пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо боюнча зарыл чыгымдарды төлөп берет.
28. Башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусунда турган пенсиялык топтолмо каражаттардан иш жүзүндө жүргүзүлгөн чыгымдарынын суммасын кармап калуу жолу менен башкаруучу компаниянын пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоого зарыл чыгымдарынын орду толтурулат.
29. Башкаруучу компания депозитарийдин кызматтарына акы төлөө жөнүндө Соцфонддун/ТПФтин тапшырмасы келип түшкөн датадан тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде тапшырмада көрсөтүлгөн каражаттарды депозитарийге которууга милдеттүү.
30. Башкаруучу компаниянын сый акысынын өлчөмү отчеттук жылда башкаруучу компания алган пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоодон алынган кирешенин өлчөмүнүн _____ (10дон ашык эмес) пайызын түзөт жана ошол жылдын жыйынтыгы боюнча чегерилет.
Башкаруучу компаниянын сый акысынын өлчөмү ушул Келишимдин 6-тиркемесинде белгиленген өлчөмдөн ашпашы керек.
31. Башкаруучу компаниянын сый акысынын өлчөмү жана тартиби Кыргыз Республикасынын пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен аныкталат.
Башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусунда турган таза активдердин наркы мурдагы жылдагыга салыштырганда азайган учурлар кошулбайт.
32. Отчеттук жыл аяктаганга чейин ушул Келишим бузулган (токтотулган) учурда ушул Келишим боюнча эсептешүүлөр Өз ара эсептешүүлөрдү салыштыруу актысынын негизинде, отчеттук жылда башкаруучу компаниянын пенсиялык топтолмо каражаттарды иш жүзүндө башкаруу мөөнөтүн эске алуу менен Келишим токтотулган (бузулган) датада жүргүзүлөт.
7-глава. Тараптардын жоопкерчиликтери
33. Башкаруучу компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Келишимде каралган милдеттерди аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Соцфонддун/ТПФтин алдында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
34. Соцфонд/ТПФ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Келишимде каралган милдеттерди аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн башкаруучу компаниянын алдында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
8-глава. Ушул келишимди токтотуунун (бузуунун) тартиби жана мөөнөттөрү
35. Башкаруучу компания менен ушул Келишимди түзгөн тараптар аны аткарууну төмөнкүдөй учурларда токтотот:
1) анын жыйынтыгы боюнча ушул Келишимди түзгөн башкаруучу компания башкаруучу компанияны тандап алуу боюнча конкурстун талаптарына ылайык келбесе;
2) пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган активдердин курамына коюлган талаптарды башкаруучу компания бузса;
3) башкаруучу компаниянын атайылап жасалган аракеттеринин натыйжасында инвестициялык портфелдин түзүмүнө карата коюлган талаптар бузулса;
4) Соцфондго/ТПФке отчетторду жана башка маалыматтарды берүү боюнча милдеттерди башкаруучу компания бир нече жолу аткарбаса;
5) пенсиялык топтолмо каражаттарды түзгөн мүлктөрдүн алгачкы документтеринин көчүрмөлөрүн депозитарийге берүү боюнча милдетти башкаруучу компания бир нече жолу аткарбаса. Мындай учурда тиешелүү кабарламаны Соцфонд/ТПФ башкаруу компаниясына жөнөткөн датадан тартып 2 (эки) ай өткөндөн кийин келишим бузулду деп эсептелет;
6) ушул Келишимди колдонуу мөөнөтү аяктаса.
36. Ушул Келишим төмөнкү күндөн тартып токтотулат:
1) инвестициялык активдерди башкаруу боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн башкаруучу компаниянын лицензиясынын колдонулушу токтотулса же жокко чыгарылса, же болбосо Соцфонд/ТПФ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга башкаруучу компаниянын башка ылайык келбөөсүн аныктаса;
2) башкаруучу компанияга карата банкроттук жол-жоболору козголсо;
3) башкаруучу компанияны кайра уюштуруу же жоюу жөнүндө чечим кабыл алынса;
4) ушул Келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаса.
37. Тараптар ушул Келишимди аткарбаган учурда ал Соцфонддун/ТПФтин же башкаруучу компаниянын тиешелүү кабарламасын башка Тарап алган датадан тартып 2 (эки) ай өткөндөн кийин токтотулат.
38. Ушул Келишимди колдонуу токтотулган (бузулган) учурда пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган активдер ____________________________________________________________ (көрсөтүлгөн башкаруучу компанияга алынган акча каражаттарын ____________________________________________________________өткөрүп берүү менен пенсиялык топтолмо каражаттар ____________________________________________________________инвестицияланган активдерди башка башкаруучу компанияга өткөрүп ____________________________________________________________берүү жана (же) көрсөтүлгөн активдерди сатуу тартиби ____________________________________________________________ жана мөөнөттөрү көрсөтүлөт).
39. Ушул Келишимди колдонуу токтотулган (бузулган) учурда пенсиялык топтолмо каражаттардын курамына кирген акча каражаттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо эрежелеринде белгиленген тартипте берилет.
40. Ушул Келишимди колдонуу токтотулган (бузулган) учурда Соцфонд/ТПФ менен башкаруучу компания ушул Келишим токтотулган (бузулган) датадагы бардык эсептерди чагылдырган салыштыруу актысын түзүшөт.
9-глава. Корутунду жоболор
41. Ушул келишим ________________________________ түзүлдү. (10 жылдан ашык эмес мөөнөт көрсөтүлөт)
Келишим пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашыруу менен байланышпаган бөлүгүнө ага кол коюлган күндөн тартып түзүлдү деп эсептелинет.
42. Ушул Келишимден келип чыгуучу бардык талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.
10-глава. Пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруунун типтүү келишимине тиркемелер
1-тиркеме – Пенсиялык топтолмо каражаттарды өткөрүп берүү актысы.
2-тиркеме – Соцфонд/ТПФ менен башкаруучу компаниянын ортосундагы Пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимине ылайык пенсиялык топтолмо каражаттарды өткөрүп берүү жөнүндө жыйынтык акты.
3-тиркеме – Соцфонд/ТПФ менен башкаруучу компаниянын ортосундагы Пенсиялык топтолмо каражаттар боюнча өз ара эсептешүүлөрдү салыштыруу актысы.
4-тиркеме – Пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимине карата башкаруу компаниясынын инвестициялык декларациясы.
5-тиркеме – Пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо боюнча башкаруучу компаниялардын зарыл болгон чыгымдарын төлөө боюнча Соцфонд/ТПФ менен башкаруучу компаниянын ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдү салыштыруу актысы.
Тараптардын колдору:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду/топтолмо пенсиялык фонд |
| Башкаруучу компания |
_____________________ (ТПФ толук аталышы) |
| _____________________ |
_________________ |
| _____________________ |
(колу)
М.О. |
| (колу)
М.О. |