Загрузка документа…
7-тиркеме
Депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө
типтүү келишим
1-глава. Жалпы жоболор
1._____________________________________________________, (башкаруучу компаниянын толук жана кыскартылган аталышы) мындан ары башкаруучу компания деп аталуучу инвестициялык активдерди башкаруу боюнча ишти жүргүзүүгө _________ «___» № ___ лицензиянын негизинде иштеген башкаруучу компаниянын атынан
____________________________________________________________
(анын негизинде башкаруучу компаниянын кызмат адамы иш алып барган документтин аталышы жана реквизиттери)
негизинде иш алып барган ____________________________________________________________ (башкаруучу компаниянын кызмат адамынын аты-жөнү, кызмат орду)
бир тараптан жана баалуу кагаздар рыногунда депозитардык ишти жүргүзүүгө _______ «___» № ___ лицензиянын негизинде иштеген ____________________________________________________________ (депозитарийдин толук жана кыскача аталышы, анын ичинде фирмалык аталышы)
_______________________________________________иш алып барган
(анын негизинде депозитарийдин кызмат адамы иш алып барган документтин аталышы жана реквизиттери)
___________________________________________________________
(депозитарийдин кызмат адамынын аты-жөнү, кызмат орду)
экинчи тараптан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түздү.
2-глава. Келишимдин предмети
2. Депозитарий башкаруучу компанияга пенсиялык топтолмо каражаттар жайгаштырылган активдерди сактоо жана эсепке алуу боюнча кызмат көрсөтүүгө милдеттенет, ал эми башкаруучу компания мындай кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө милдеттенет.
3. Депозитарий башкаруучу компаниянын тапшырмасы боюнча пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган баалуу кагаздарга укукту башкаруучу компаниянын ишке ашыруусуна жардам берет.
4. Депозитарий пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо боюнча ишти, анын ичинде төмөнкүлөрдү контролдойт:
1) башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусуна берилген пенсиялык топтолмо каражаттарды тескөө боюнча анын ишине, «Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, башка ченемдик укуктук актылардын, инвестициялык декларациянын талаптарына шайкештигин;
2) башкаруучу компаниянын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (мындан ары – Соцфонд) жана Кыргыз Республикасынын топтолмо пенсиялык фонддору (мындан ары – ТПФ) менен түзгөн Пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишими боюнча пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган активдердин рыноктук наркын жана таза активдердин наркын аныктоонун белгиленген тартибинин жана мөөнөттөрүнүн башкаруучу компания тарабынан сакталышын;
3) башкаруучу компания тарабынан пенсиялык топтолмо каражаттардын эсебинен төлөнүүчү каражаттарды, ошондой эле камсыздандырылган адамдардын укуктарын камсыз кылуу тартибинде берилүүчү пенсиялык топтолмо каражаттарды толук жана өз учурунда Соцфондго жана ТПФке которулушун;
4) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтолмо бөлүгүн каржылоо үчүн башкаруучу компаниянын пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо, башкаруучу компаниянын сый акысы боюнча зарыл болгон чыгымдардын ордун толтуруу үчүн каражаттарды кармоо өлчөмүнүн жана тартибинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкештигин.
5. Пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган баалуу кагаздар депозитарийдин милдеттенмелерин камсыздоо болуп саналбайт.
3-глава. Депозитарийдин укуктары жана милдеттери
6. Депозитарий төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Соцфонд жана башкаруучу компаниянын ТПФтен берилген пенсиялык топтолмо каражаттарга карата маалыматты жана документтерди депозитарийдин депозитардык ишти жүргүзүү шарттарына ылайык башкаруучу компаниядан алууга;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда баалуу кагаздардын номиналдык кармоочусу катары депозитарий катталган баалуу кагаздардын реестрин кармоочуга башкаруучу компания жөнүндө маалыматты берүүгө, ушул Келишим боюнча депозитарий жүргүзгөн укуктарды эсепке алууга;
3) башкаруучу компаниядан пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган активдер менен операцияларды жүргүзүүдөн баш тартууга;
4) пенсиялык топтолмо каражаттарга карата эсептик саясатты иштеп чыгууга жана башкаруучу компанияга билдирүүгө.
7. Депозитарий төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ишенимдүү башкаруучу катары иш алып барган башкаруучу компаниянын атына пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган баалуу кагаздарга укукту эсепке алуу үчүн өзүнчө депо эсебин (мындан ары – депо эсеби) ачууга;
2) депозитарийдин депозитардык ишти жүргүзүү шарттарына ылайык депо эсеби боюнча чагылдырылган башкаруучу компания жөнүндө маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
3) башкаруучу компаниянын тапшырмасы боюнча баалуу кагаздар рыногу жөнүндө ченемдик укуктук актылардын талаптарына жана депозитарийдин депозитардык ишти жүргүзүү шарттарына ылайык баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүүгө;
4) башка кардарлардын (депоненттердин) баалуу кагаздарынан, анын ичинде башка башкаруучу компаниянын, Соцфонд жана ТПФ менен пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимдерин түзгөн башка башкаруучу компаниялардын инвестициялык портфелдеринен обочолонтуп пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган баалуу кагаздарга укукту эсепке алууну жүргүзүүгө;
5) башкаруучу компанияга пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган пенсиялык топтолмонун курамына кирген акча каражаттарын жана (же) активдерди тескөөгө макулдук берүүгө;
6) башкаруучу компаниянын Соцфонд жана ТПФ менен түзгөн Пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишими токтотулгандыгына (бузулгандыгына) байланыштуу ченемдик укуктук актыларда аныкталган башкаруучу компания тарабынан пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган пенсиялык топтолмолордун курамына кирген акча каражаттарын жана (же) активдерди берүү тартибин жана мөөнөттөрүн сакталышын контролдоого;
7) контролду жүргүзүүдө табылган бузуулар жөнүндө алар табылган күндөн кийинки бир жумуш күндөн кечиктирбестен финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган), Соцфондго, ТПФке жана башкаруучу компанияга кабарлоого;
8) ал аталган бузууну жоюу жөнүндө билген же билүүгө тийиш болгон күндөн кийинки бир жумуш күндөн кечиктирбестен табылган бузуунун башкаруучу компания тарабынан жоюлгандыгы тууралуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, Соцфондго, ТПФке кабарлоого;
9) табылган бузуулардын белгиленген мөөнөттө аталган бузууну жоюу мөөнөтү аяктаган күндөн кийинки бир жумуш күндөн кечиктирбестен жоюлбагандыгы жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, Соцфондго, ТПФке кабарлоого;
10) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтолмо бөлүгүн каржылоо үчүн мыйзамдарда каралган башка талаптарды сактоого.
4-глава. Башкаруучу компаниянын укуктары
жана милдеттери
8. Башкаруучу компания төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ченемдик укуктук актыларда жана депозитарийдин депозитардык ишти жүргүзүү шарттарында каралган талаптарга ылайык пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган активдер менен операцияларды жасоо тапшырмасын депозитарийге берүүгө;
2) депозитарийден ушул Келишимде каралган отчетторду жана маалыматты алууга;
3) адистештештирилген депозитарийден пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган активдерди тескөөгө макулдук берүүдөн баш тартуунун негиздемесин талап кылууга.
9. Башкаруучу компания төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) пенсиялык топтолмо каражаттардын курамына кирген мүлккө карата бардык алгачкы документтердин көчүрмөлөрүн депозитарийге берүүгө;
2) депо эсебин ачуу үчүн зарыл болгон документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык депозитарийге берүүгө;
3) депо эсебин ачуу үчүн берилген документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө документтерди көрсөтүлгөн өзгөрүүлөр тууралуу башкаруучу компания билген же билүүгө тийиш болгон күндөн кийинки 3 (үч) жумуш күндөн кечиктирбестен депозитарийге берүүгө;
4) депо эсебинин абалы жана аталган эсеп боюнча жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматты камтыган документтерди депозитарийден алгандан кийинки жумуш күндөн кечиктирбестен депозитарийге жиберилген тапшырмаларда камтылган маалымат менен бул маалыматты салыштырууга жана айырмачылыктар табылган учурда аталган айырмалар тууралуу депозитарийге дароо кабарлоого;
5) пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган активдердин рыноктук наркынын жана таза активдердин наркынын эсептерин электрондук документти жиберүү же болбосо электрондук түрдө билдирүү, ошол эле мезгилде кагаз түрүндө жиберүү аркылуу күн сайын депозитарийге берүүгө;
6) депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрүнө ушул Келишимде каралган тартипте акы төлөөгө;
7) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтолмо бөлүгүн каржылоо үчүн мыйзамдарда каралган башка талаптарды сактоого.
5-глава. Депозитарий тарабынан Соцфондго/ТПФке көрсөтүлгөн кызматтарга акы төлөө жана депозитарийге пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган баалуу кагаздарды номиналдык кармоочу катары тарткан чыгымдарын компенсациялоо
10. Депозитарий тарабынан Соцфондго жана ТПФке көрсөтүлгөн кызматтарга төлөнүүчү акынын өлчөмү отчеттук жылда башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусунда турган таза активдердин орточо наркынан алынган ______ пайызды (0,05 % көп эмес) түзөт, ал «Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине жана «Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесине ылайык аныкталат.
11. Ушул Келишимдин максатында таза активдердин орточо наркы отчеттук жылдын ар бир жумуш күнүнүн аягындагы абал боюнча таза активдердин наркын жана отчеттук жылдын отчеттук кварталынын акыркы календардык күнүн кошуу, эгерде ал иш күнгө туура келбесе жана отчеттук мезгилдеги таза активдердин наркы эсептелгенден кийинки күндүн санынан алынган сумманы бөлүү менен эсептелет.
12. Депозитарий тарабынан Соцфондго жана ТПФке көрсөтүлгөн кызматтарга акы төлөө тапшырманын негизинде аталган тапшырманы алган датадан тартып 5 (беш) жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө башкаруучу компания тарабынан төлөнөт.
Депозитарий тарабынан Соцфондго жана ТПФке көрсөтүлгөн кызматтарга акы төлөө башкаруучу компания менен түзүлгөн Пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишиминде белгиленген чектерде пенсиялык топтолмо каражаттардын эсебинен башкаруучу компания тарабынан төлөнөт.
13. Пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган баалуу кагаздарды номиналдык кармоочу катары депозитарий тарткан чыгымдарды башкаруучу компания депозитарийдин талабын алган датадан тартып _____ жумуш күндүн ичинде (15 күндөн ашпаган мөөнөт көрсөтүлөт) компенсациялайт.
Баалуу кагаздарды номиналдык кармоочу катары тарткан чыгымдарды депозитарийге компенсациялоо башкаруучу компаниянын пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо боюнча зарыл болгон чыгымдарынын курамына киргизилет жана башкаруучу компания менен түзүлгөн Пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишиминде белгиленген чектерде башкаруучу компания тарабынан жүргүзүлөт.
14. «Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык аныкталган отчеттук жыл аяктаганга чейин ушул Келишим токтотулган (бузулган) учурда, ушул Келишим боюнча депозитарий көрсөткөн кызматтардын эсептери ушул Келишим токтотулган (бузулган) датада эсептерди салыштыруу актысынын негизинде, отчеттук жылда депозитарий башкаруучу компанияга көрсөткөн кызматтардын иш жүзүндөгү мөөнөтүн эске алуу менен жүргүзүлөт.
6-глава. Тараптардын жоопкерчилиги
15. Депозитарий ушул Келишимде каралган милдеттерди аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат.
16. Башкаруучу компания ушул Келишимде каралган милдеттерди аткарбагандыгынын же талаптагыдай аткарбагандыгынын натыйжасында келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат.
7-глава. Корутунду жоболор
17. Ушул Келишимде каралган документтер кагаз жүзүндө берилет.
18. Ушул Келишим ______________________________________
(ушул Келишим колдонулган мезгил көрсөтүлөт)
колдонулат.
19. Келишим ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
20. Ушул Келишим төмөнкү учурларда токтотулат:
1) Депозитардык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишим токтотулганда;
2) Соцфонд жана башкаруучу компаниянын ортосундагы, ошондой эле ТПФ жана конкурс боюнча тандалган башкаруучу компаниянын ортосундагы Пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишими токтотулганда;
3) башкаруучу компаниянын инвестициялык активдерди башкаруу боюнча ишти жүргүзүүгө лицензиясын колдонуу токтотулганда же жокко чыгарылганда;
4) башкаруучу компанияга банкроттук жол-жоболор колдонулганда;
5) башкаруучу компанияны кайра уюштуруу же жоюу жөнүндө чечим кабыл алынганда;
6) депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнү системалуу түрдө (он эки айдын ичинде эки же андан көп жолу) кечиктирсе;
7) депозитардык ишти жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтер берилбегенде же анык эмес документтер берилгенде;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары пенсиялык активдердин сакталышына коркунуч келтирүү менен бузулганда;
9) финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ушул Келишимди колдонууну токтотуу жөнүндө жазма буйругу чыгарылганда.
21. Ушул Келишимдин 20-пунктунун 6–9-пунктчаларында каралган учурларда депозитарий башкаруучу компанияга, Соцфондго жана мамлекеттик эмес ТПФке аны токтотуу датасына чейин 10 жумуш күндөн кечиктирбестен ушул Келишимди токтотуу жөнүндө кабарлайт.
22. Ушул Келишим токтотулган учурда башкаруучу компания жана депозитарий ушул Келишим токтотулган учурдагы бардык эсептерди чагылдырган салыштыруу актысын түзөт.
Депозитарий |
| Башкаруучу компания |
__________________________ |
| ___________________________ |
(колу) |
| (колу) |
М.О. |
| М.О. |