Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-июлу № 477
Илим чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө
Илим жана инновациялар чөйрөсүн мамлекеттик колдоо системасын реформалоо максатында, «Илим жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18, 19, 26, 27, 28-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин Илим фонду жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасында илимий жана илимий-техникалык ишти базалык, программалык-максаттуу жана гранттык каржылоону ишке ашыруу тартиби 2-тиркемеге ылайык;
3) Көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертизаны уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-февралындагы № 64 «Илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жана штаттык саны жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– 41-пункттун төртүнчү абзацында «(иш сапар, өргүү күндөрү, убактылуу эмгекке жарамсыздык күндөрү, дем алышта иштеген күндөр алып салынат) » деген сөздөр «(бирок бир ставкадан ашык эмес)» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 6-пунктта:
биринчи абзацта «Билим берүү жана илим» деген сөздөр «Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар» деген сөздөргө алмаштырылсын;
алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– 2026-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин системасында мамлекеттик заказдын алкагында конкурстук негизде программалык-максаттуу каржылоо формасында илимий долбоорлорду жана илимий изилдөөлөрдү каржылоону ишке ашырсын;»;
– жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 177 «Илимий жана илимий-техникалык ишти каржылоо жана көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертизаны жүргүзүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги ушул токтом күчүнө кирген учурга карата базалык каржылоону алган уюмдарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин Илим фондунун каражаттарынан башка илимий жана илимий-техникалык уюмдарга базалык каржылоону берүүгө мораторий белгилесин.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
6. Бул токтом ушул токтомдун 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 2-пунктун кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 14-июлундагы № 52 (3812) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
|
| 4-тиркеме |
|
| "1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын илимий жана илимий-техникалык уюмдарынын кызматкерлеринин ШТАТТЫК САНЫНЫН ЧЕГИ
№ | Мекеменин аталышы | Штаттык бирдиктердин саны | |||
Административдик-башкаруу персоналы | Негизги персонал | Кенже жана техникалык тейлөөчү персонал | Бардыгы | ||
1 | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун аппараты | 9,25 | 29 | 16,25 | 54,5 |
2 | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий мекемелери | 140,25 | 1069 | 258,25 | 1467,5 |
3 | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин Илим фонду тарабынан каржылануучу илимий жана илимий-техникалык уюмдар | 9 | 695,7 | 13,5 | 718,2 |
4 | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин илимий жана илимий-техникалык уюмдары | 13,75 | 157,25 | 0,75 | 171,75 |
5 | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин илимий жана илимий-техникалык уюмдары | 18 | 218,25 | 28 | 264,25 |
Эскертүү.
1. Төмөнкүдөй катыштар белгиленсин:
- илимий жана илимий-техникалык уюмдардын штаттык санын кызматкерлердин жалпы санынан бөлүштүрүүдө: административдик-башкаруу персоналы - 10%дан көп эмес, негизги персонал - 75%дан кем эмес, кенже жана техникалык тейлөөчү персонал - 15%дан көп эмес;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун аппаратынын штаттык санын бөлүштүрүүдө кызматкерлердин жалпы санынан: административдик-башкаруу персоналы - 17%дан көп эмес, негизги персонал - 53%дан кем эмес, кенже жана техникалык тейлөөчү персонал - 30%дан көп эмес;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын "Э.Гареев атындагы ботаникалык бак" илимий-изилдөө институту" мекемесинин штаттык санын бөлүштүрүүдө кызматкерлердин жалпы санынан: сезондук кызматкерлерди кошпогондо, административдик-башкаруу персоналы - 5%дан көп эмес, негизги персонал - 40%дан кем эмес, кенже жана техникалык тейлөөчү персонал - 55%дан ашык эмес.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын "Э.Гареев атындагы ботаникалык бак" илимий-изилдөө институту" мекемеси өндүрүштүк зарылдык болгондо 24 адамга чейин сезондук кызматкерлерди тарта алат.".