Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 477 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында илимий жана илимий-техникалык ишти базалык, программалык-максаттуу жана гранттык каржылоону ишке ашыруу
тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасында илимий жана илимий-техникалык ишти базалык, программалык-максаттуу жана гранттык каржылоону ишке ашыруу тартиби (мындан ары – Тартип) «Илим жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык иштелип чыккан жана төмөнкүлөрдү аныктайт:
– Кыргыз Республикасында илимий жана илимий-техникалык ишти мамлекеттик каржылоонун жалпы принциптерин, булактарын жана формаларын;
– илимди каржылоонун булактарын жана формаларын чектөөнү белгилейт, ошондой эле илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) жана илимий жана илимий-техникалык ишти каржылоого катышкан башка мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын аныктайт.
2. Ушул Тартиптин колдонулушу төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлүүчү илимий жана илимий-техникалык ишти мамлекеттик каржылоого жайылтылат:
– Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынын эсебинен (Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынан тышкары);
– Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин Илим фондунун (мындан ары – Илим фонду) каражаттарынын эсебинен;
– мамлекеттик илимий заказдын алкагында тармактык мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен.
3. Республикалык бюджетте илимий жана илимий-техникалык ишти каржылоого каралган каражаттар төмөнкүлөр үчүн пайдаланылат:
– илимдин жана илимий-техникалык иштин артыкчылыктуу багыттары боюнча фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү, илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду, максаттуу илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
– илимий жана илимий-техникалык кызматкерлердин, илимий жамааттардын жана уюмдардын илимий изилдөөлөрүнө мамлекеттик заказ боюнча конкурстук негизде гранттарды берүү;
– тармактар аралык илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди өнүктүрүүнү колдоо;
– илимдин жана илимий-техникалык иштин келечектүү жана жаңы багыттары боюнча илимий кадрларды даярдоо программаларын ишке ашыруу, анын ичинде кадрларды чет өлкөлөрдө даярдоо;
– илимий жана илимий-техникалык изилдөөлөрдүн натыйжаларын жарыялоо жана басып чыгаруу;
– илимий жана илимий-техникалык адабияттарды, мезгилдүү басма жана электрондук басылмаларды сатып алуу;
– электрондук маалымат базаларына жана илимий-техникалык маалымат ресурстарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;
– илимий форумдарды өткөрүү жана катышуу (конгресстер, конференциялар, симпозиумдар жана башкалар);
– илимий инфраструктураны түзүү;
– илимий программаларды жана долбоорлорду көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертизадан өткөрүү жана уюштуруу;
– илимий-изилдөө мекемелеринин илимий инфраструктурасын жана мүлкүн белгиленген тартипте күтүү.
2-глава. Илим чөйрөсүн мамлекеттик каржылоонун булактары
4. Илимий жана илимий-техникалык ишти мамлекеттик каржылоонун булактары болуп тиешелүү жылдарга контролдук цифранын чегинде Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары саналат, анын ичинде:
1) Илим фондунун каражаттары;
2) тармактык мамлекеттик органдардын илимий жана илимий-техникалык иштерди каржылоого алардын бюджеттеринде каралган каражаттары;
3) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын каражаттары.
5. Илимий жана илимий-техникалык ишти каржылоо Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген тартипте бюджеттик ассигнованиелердин көлөмүндө жана чегинде жүзөгө ашырылат.
3-глава. Илим чөйрөсүн мамлекеттик каржылоонун формалары
6. Илимий жана илимий-техникалык ишти мамлекеттик каржылоо төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат:
1) базалык каржылоо;
2) программалык-максаттуу каржылоо;
3) гранттык каржылоо.
7. Гранттык, программалык-максаттуу жана базалык каржылоонун катышы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктарын, илим жана инновациялар чөйрөсүндөгү стратегиялык документтерди, ошондой эле республикалык бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
4-глава. Илимий жана илимий-техникалык ишти базалык каржылоо
8. Базалык каржылоо илимий жана илимий-техникалык уюмдардын туруктуу иштешин камсыз кылууга жана алардын илимий инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган.
9. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясын базалык каржылоо Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген тартипте түздөн-түз республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
10. Башка илимий жана илимий-техникалык уюмдарды базалык каржылоо тиешелүү мамлекеттик органдар аркылуу түздөн-түз республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Тиешелүү мамлекеттик органдар аркылуу түздөн-түз каржылануучу илимий-техникалык уюмдар жыл сайын финансылык жыл башталганга чейин илимий-техникалык кеңеш менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү жылга иштин илимий планын бекитет (же макулдашат), ошондой эле өткөн жыл үчүн пландын аткарылышы жөнүндө отчет берет.
Тиешелүү жылга бекитилген илимий пландын жоктугу, ошондой эле отчеттун берилбегендиги тиешелүү мамлекеттик органдар аркылуу илимий-техникалык уюмдарды базалык каржылоону токтотуп туруу үчүн негиз болуп кызмат кылышы мүмкүн.
Илимий жана илимий-техникалык ишти кошумча каржылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка булактардын эсебинен жүргүзүлүшү мүмкүн.
11. Ыйгарым укуктуу орган Илим фондунан базалык каржылоону алуучу илимий жана илимий-техникалык уюмдардын тизмесин бекитет жана каржылоонун тиешелүү көлөмдөрүн бюджеттик жыйынды өтүнмөгө киргизет.
5-глава. Программалык-максаттуу каржылоо
12. Программалык-максаттуу каржылоо конкурстук негизде мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу максатында жүзөгө ашырылат.
Программалык-максаттуу каржылоо Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу милдеттерин чечүүгө, илимий потенциалды өнүктүрүүгө жана илимий иштин натыйжаларын ишке киргизүүгө багытталган.
Тармактык мамлекеттик органдарды программалык-максаттуу каржылоонун каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) республикалык бюджеттин каражаттары;
2) мамлекеттик органдардын борбордук аппараттарынын илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө каралган каражаттарынын бир пайызы;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка түшүүлөр.
Илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө борбордук аппараттарда каралган каражаттардын бир пайызы өлчөмүндөгү каражаттар пайдаланылбаган же аларга муктаждык жок болгон учурда мамлекеттик органдар көрсөтүлгөн каражаттарды Илим фондуна программалык-максаттуу каржылоо үчүн ресурстарды консолидациялоого белгиленген тартипте багыттоого укуктуу.
Ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик органдар тарабынан Илим фондуна которулган каражаттардын эсебинен изилдөөлөр жүргүзүлүүчү илимди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоого укуктуу.
13. Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык программалар жана долбоорлор ыйгарым укуктуу орган тарабынан мамлекеттик заказдын алкагында түзүлөт.
14. Мамлекеттик заказ экономиканын жана социалдык чөйрөнүн тийиштүү тармактарынын керектөөлөрүн чагылдырган тармактык мамлекеттик органдардын сунуштарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына караштуу Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин чечимдеринин негизинде тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде түзүлөт.
Илимий жана илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду конкурстук тандоо мамлекеттик заказды түзүү максатында ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.
15. Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду каржылоо конкурстук тандоонун натыйжалары боюнча бюджеттик мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынын эсебинен, зарыл болгон учурда – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган каржылоонун кошумча булактарын тартуу менен жүзөгө ашырылат.
16. Ыйгарым укуктуу орган конкурстук тандоонун натыйжалары боюнча каржыланууга тийиш болгон программалардын жана долбоорлордун тизмесин түзөт жана аны финансылык-экономикалык эсептөөлөрдү тиркөө менен тиешелүү финансылык жылга бюджеттик өтүнмөгө киргизүүнү камсыз кылат.
17. Тармактык мамлекеттик органдар программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу үчүн сунуштарды киргизүү жана шарттарды камсыз кылуу аркылуу мамлекеттик заказды түзүүгө жана ишке ашырууга катышат.
18. Чыгашалардын «Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу» 2215-беренеси боюнча республикалык бюджеттин каражаттары мыйзамдарда белгиленген тартипте илимий жана илимий-техникалык экспертизадан өткөн мамлекеттик илимий, илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду каржылоого бөлүнөт.
6-глава. Гранттык каржылоо
19. Гранттык каржылоо конкурстук негизде Илим фондунун каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Конкурстук тандоону өткөрүүнүн шарттары жана тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
20. Гранттык каржылоонун артыкчылыктуу багыттарынын жана тематикаларынын тизмеги Кыргыз Республикасынын стратегиялык документтерин жана илим чөйрөсүн өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын эске алуу менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлөт жана бекитилет.
21. Ыйгарым укуктуу орган конкурстун жыйынтыгы боюнча жыл сайын бюджеттик процесстин календардык планында бекитилген мөөнөттө кезектеги жылга илимий жана илимий-техникалык иштин «Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу» 2215-беренеси боюнча каржылоо үчүн зарыл болгон каражаттарга жыйынды өтүнмөгө каржылоо суммасын киргизет.
7-глава. Каржылоону пландоо жана ачуу
22. Ыйгарым укуктуу орган жыл сайын илимий жана илимий-техникалык ишти каржылоого каражаттарга керектөөлөр жөнүндө, анын ичинде негизги формалар жана багыттар боюнча каржылоо көлөмдөрү жөнүндө жыйынды өтүнмөнү түзөт жана аны кезектеги финансылык жылга республикалык бюджеттин долбоорун жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолун түзүүдө пайдалануу үчүн ички аудит жана ички контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ошондой эле бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу органга бюджеттик процесстин календардык планында бекитилген мөөнөттө жиберет.
23. Жыйынды маалымат (жыйынды өтүнмө) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунуштарынын жана өтүнмөлөрүнүн негизинде Илим фондунун каражаттары бөлүгүндө түзүлөт.
24. Жыйынды маалыматты түзүү бюджеттик ассигнованиелерди кайра бөлүштүрүүгө алып келбейт жана бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөрдүн ыйгарым укуктарын козгобойт.
25. Жыйынды маалымат (жыйынды өтүнмө) ыйгарым укуктуу органдын илимий-техникалык кеңеши (мындан ары – ИТК) тарабынан алдын ала каралууга тийиш жана мамлекеттик илимий жана илимий-технологиялык саясаттын артыкчылыктары боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн пайдаланылат.
26. Кезектеги финансылык жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө мыйзам бекитилгенден кийин илимий жана илимий-техникалык ишти каржылоону ачуу төмөнкүдөй ыйгарым укуктарды чектөөнү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат:
– илимий жана илимий-техникалык уюмдарды базалык каржылоо боюнча – бюджеттик каражаттардын тиешелүү башкы тескөөчүлөрү тарабынан бекитилген жана ички аудит жана ички контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга, ошондой эле бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу органга түздөн-түз берилүүчү сметалардын негизинде;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлгөн жана бекитилген Улуттук илимий жана илимий-техникалык программалар жана долбоорлор боюнча – бюджеттик мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин негизинде;
– тармактык мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашырылуучу программалык-максаттуу каржылоо боюнча – бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү катары тиешелүү тармактык мамлекеттик органдар тарабынан берилүүчү сметалардын жана башка документтердин негизинде;
– Илим фондунун каражаттарынын эсебинен ишке ашырылуучу программалык-максаттуу жана гранттык каржылоо боюнча – конкурстук тандоонун натыйжаларынын жана каржылоону ачуу үчүн белгиленген тартипте берилүүчү каражаттарды алуучулар менен ыйгарым укуктуу орган түзгөн келишимдердин (контракттардын) негизинде.
27. Республикалык бюджеттин каражаттарын жана (же) Илим фондунун каражаттарын алуучулар бөлүнгөн каражаттарды максаттуу багыты боюнча гана пайдаланууга, аларды эффективдүү жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана келишимдердин шарттарында белгиленген тартипте отчет жана башка маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
28. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик мыйзамдарын бузуулар, каражаттарды максатсыз пайдалануу же милдеттенмелердин аткарылбагандыгы аныкталган учурда каражаттарды кайтарып берүүнү жана күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартууну кошкондо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана келишимдердин шарттарында каралган чаралар колдонулат.
29. Илим фондунун каражаттарынын эсебинен ишке ашырылуучу программаларды жана долбоорлорду каржылоону токтотуп туруу же токтотуу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу орган тарабынан анын компетенциясынын чегинде ИТКнын чечимдеринин негизинде кабыл алынат.
8-глава. Ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктары
30. Ыйгарым укуктуу орган:
1) илимий жана илимий-техникалык ишти каржылоого бирдиктүү жыйынды өтүнмөнү түзөт;
2) илим чөйрөсүн каржылоонун артыкчылыктуу багыттарын жана тематикалык тармактарын бекитет;
3) илимий жана илимий-техникалык иштерди каржылоо бөлүгүндө мамлекеттик органдардын ишин координациялайт;
4) илим чөйрөсүн каржылоого багытталган каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзөт;
5) Илим фондунун каражаттарынын эсебинен ишке ашырылуучу долбоорлорду конкурстук тандоо, келишимдерди түзүү, мониторинг жүргүзүү, каржылоону токтотуп туруу жана токтотуу жол-жоболорун аныктайт.
31. Ыйгарым укуктуу орган Илим фондунун каражаттарынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
– айрым багыттарды, программаларды жана долбоорлорду каржылоого мораторий белгилөөгө;
– каржылоонун көлөмүн Илим фонду аркылуу ишке ашырылуучу колдоонун түрлөрүнүн ортосунда кайра бөлүштүрүүгө.
32. Мораторий киргизүү, каржылоо көлөмдөрүн кайра бөлүштүрүү жөнүндө чечимдер кызыкдар жактар тарабынан буйрук чыккан күндөн тартып бир айдын ичинде ыйгарым укуктуу органда же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
33. Ыйгарым укуктуу органга даттануу өзүнүн башкаруусунда илимий-изилдөө уюмдары бар тармактык мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн, ыйгарым укуктуу органдын эксперттик кеңешинен жана ИТКнын өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия тарабынан келип түшкөн арыз катталган күндөн тартып бир айдын ичинде каралат.
34. Комиссия чыгарган чечим акыркы чечим болуп саналат жана даттанылбайт.
35. Комиссия жана сот ыйгарым укуктуу органдын чечимин жокко чыгарган чечим чыгарганда тиешелүү буйрук чыгарылат.