Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 477 токтомуна) |
Көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертизаны уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертизаны уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертизаны уюштуруу, өткөрүү тартибин жана анын түзүмүн аныктайт.
2. Көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертиза (мындан ары – экспертиза) илимди, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти, тиешелүү илимий жана илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын түзүмүнүн жана мазмунунун илимий негиздүүлүгүн камсыз кылуу, илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти жүргүзүүнүн социалдык-экономикалык жана башка натыйжаларын аныктоо, илимий-техникалык потенциалды пайдалануунун натыйжалуулугун талдоо, изилдөөлөрдүн деңгээлин жана алардын натыйжаларын аныктоо максатында жүргүзүлөт.
3. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүк колдонулат, эксперттик кеңеш – илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштердин конкурсуна берилген өтүнмөлөргө эксперттик баа берүү, ошондой эле аткарылган илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштер жөнүндө отчетторду кабыл алуу боюнча жогорку коллегиялуу орган (мындан ары – Кеңеш).
2-глава. Көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертизанын түзүмү
4. Экспертиза илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) тарабынан 5–7 адамдан турган илимдин багыттары (медициналык, айыл чарба, социалдык-гуманитардык, табигый-илимий, техникалык) боюнча түзүлгөн кеңештер тарабынан жүргүзүлөт. Экспертиза жүргүзүү үчүн келишимдик (контракттык) негизде илимий жана илимий-техникалык кызматкерлер, адистер, илимий жана илимий-техникалык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле мамлекеттик жана коомдук, анын ичинде чет өлкөлүк уюмдардын өкүлдөрү тартылат.
5. Кеңеш өз ишинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген Эксперттик кеңеш жөнүндө жобону жетекчиликке алат.
6. Экспертиза илимий-изилдөө, тажрыйба-конструктордук иштерди жана улуттук/мамлекеттик илимий, илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду (мындан ары – илимий долбоорлор) төмөнкүлөр боюнча талдоо жана баалоо боюнча иш-аракеттердин системасын билдирет:
– илим, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иш чөйрөсүн өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;
– илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти жүзөгө ашыруунун социалдык-экономикалык жана башка натыйжаларын аныктоо;
– илимий-техникалык потенциалды пайдалануунун натыйжалуулугун талдоо;
– изилдөөлөрдүн деңгээлин жана алардын натыйжаларын аныктоо.
7. Экспертиза төмөнкүлөрдү аныктоо үчүн жүргүзүлөт:
1) илимий долбоорлорду республикалык бюджеттен каржылоо мүмкүнчүлүгүн;
2) илим, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иш чөйрөсүн өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын.
8. Республикалык бюджеттен каржылануучу илимий долбоорлорду толук жана объективдүү талдоо жана баалоо үчүн Кеңеш жыл сайын илимий изилдөөлөрдү аткарууга келип түшкөн өтүнмөлөргө талдоо жүргүзөт, алардын аткарылышы боюнча отчетторду угат жана алардын коюлган максаттарга жана милдеттерге шайкештигин баалайт, ошондой эле алардын ишке ашырылышына жана алынган жыйынтыктарга мониторинг жүргүзөт.
9. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча төмөнкү бөлүктөрдөн турган негизделген корутунду даярдалат:
– көйгөйдүн сыпаттамасы;
– талдоонун жыйынтыгы боюнча тыянактар;
– сунуштар.
3-глава. Көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертизаны уюштуруу жана өткөрүү тартиби
10. Илимий долбоорлорго экспертиза жүргүзүү үчүн тармактык орган тиешелүү түзүмдүк бөлүм (тармактык органдын илимий-техникалык кеңеши) тарабынан алдын ала каралган жана тандалган илимий долбоорлорду ыйгарым укуктуу органга берет.
11. Ыйгарым укуктуу орган тармактык органдардын мамлекеттик заказын аткаруу үчүн илимий жана илимий-техникалык уюмдар тарабынан сунушталган илимий долбоорлорду экспертизадан өткөрүү үчүн тиешелүү багыт боюнча Кеңешке жиберет.
Ошондой эле илимий жана илимий-техникалык мекемелердин, жогорку окуу жайлардын, ошондой эле гранттык каржылоого талапкер чыгармачыл илимий жамааттардын жана Айрым окумуштуулардын илимий долбоорлоруна экспертиза жүргүзүлөт.
12. Илимий жана илимий-техникалык уюмдардын илимий долбоорлорун экспертизалоонун жүрүшүндө ар бир илимий долбоор боюнча талдоо жүргүзүлөт, анын жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр аныкталат жана бааланат:
– ар бир илимий долбоор боюнча каржылоонун көлөмү жана булактары;
– республикалык бюджеттен буга чейин каржыланып жаткан илимий долбоорлорду мүмкүн болгон кайталоо маселелери;
– Кыргыз Республикасынын узак мөөнөттүү улуттук жана мамлекеттик программаларына ылайык келүүсү;
– социалдык-экономикалык көйгөйлөрдүн багыттарына шайкештик;
– илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти жүзөгө ашыруунун социалдык-экономикалык жана башка натыйжалары;
– илимий долбоордун эффективдүүлүгү жана натыйжалуулугу.
Кеңеш илимий долбоорлордун аткарылышы жөнүндө отчетторду угуунун жыйынтыгы боюнча алынган натыйжалардын коюлган максаттарга жана милдеттерге шайкештигин аныктайт, ошондой эле илимий долбоорду андан ары каржылоо же каржылоону токтотуп туруу жөнүндө чечим кабыл алат.
13. Экспертиза ар бир илимий долбоор боюнча өзүнчө жүргүзүлөт. Экспертизанын натыйжалары боюнча өзүнчө илимий-изилдөө, тажрыйба-конструктордук ишти ишке ашыруунун же аны улуттук же мамлекеттик илимий, илимий-техникалык программанын жана долбоордун курамына киргизүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө, ошондой эле ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген талаптарга шайкештиги жөнүндө бир маанилүү тыянактарды жана сунуштарды камтыган корутунду даярдалат.
14. Илимий-техникалык долбоорду улуттук же мамлекеттик илимий-техникалык программанын курамына киргизүүнүн же айрым илимий-техникалык долбоорлорду ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө тиешелүү багыт боюнча Кеңештин корутундусу Кеңештин жалпы жыйналышында каралат.
15. Корутундуларды Кеңештин жыйналышында кароонун алдында кыйла кылдат иштеп чыгуу максатында алар Кеңештин атайын түзүлгөн секцияларынын жыйналыштарында (Кеңештин мүчөлөрүнүн жана ишке тартылган эксперттердин ичинен) алдын ала талкууланышы мүмкүн.
16. Тиешелүү багыт боюнча Кеңештин эки экспертинин терс корутундусу болгон учурда долбоор Кеңештин жалпы жыйналышында кароого киргизилбейт. Эксперттердин карама-каршы (оң жана терс) же оң баасын алган долбоорлор Кеңештин жыйналышында белгиленген тартипте каралат.
17. Илимди, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын тизмеги (мындан ары – Тизмек) ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген төмөнкү документтерди талдоонун негизинде Кеңеш тарабынан аныкталат:
– Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана инновациялар министрлигинин Илимий-техникалык кеңешинин (мындан ары – ИТК) алдын ала тизмегин аныктоо жөнүндө чечими;
– коомдук талкуулоонун натыйжалары.
18. Кеңеш берилген документтерди карайт жана учурдагы кырдаалды талдоонун натыйжаларын пайдалануу менен Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык жана илимий-техникалык өнүктүрүүнүн комплекстүү болжолунун негизинде бул багыттардын артыкчылыгынын илимий негиздүүлүгү жөнүндө корутунду чыгарат.
Мында Кеңеш багыттардын аталышын кайра формулировкалоого жана Тизмекти негиздүү түрдө толуктоого укуктуу.
19. Кеңештин корутундусун эске алуу менен ыйгарым укуктуу орган Тизмекти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына караштуу Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңешке бекитүүгө киргизет.
20. Кеңеш Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык экспертизаны өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү үчүн жоопкерчилик тартат.
21. Экспертизаны жүргүзүү мөөнөтү Кеңешке өтүнмөлөр келип түшкөн күндөн тартып эки айдан ашпоого тийиш.
22. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча Кеңештин төрагасы кол койгон корутунду ыйгарым укуктуу органга жиберилет.
4-глава. Кеңештин иш тартиби
23. Кеңештин жыйналыштары илимий долбоорлорду конкурстук тандоо мезгилинде жана алардын аткарылышы боюнча отчетторду кабыл алуу учурунда жылына эки жолудан кем эмес өткөрүлөт.
24. Кеңештин жыйналышы ага Кеңештин үчтөн экисинен кем эмес мүчөсү катышкан шартта укуктуу деп эсептелет.
25. Каралып жаткан маселелер боюнча добуш берүүгө катышкан Кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе, Кеңештин чечими кабыл алынды деп эсептелет, мында заказчынын, тармактык органдын өкүлдөрү болуп саналган Кеңештин мүчөлөрү добуш бербейт.
26. Зарыл болгон учурда Кеңештин мүчөлөрү ИТКнын жыйналышына чакырылат.
27. ИТК тарабынан илимий долбоорлорго жана отчетторго калыс баа бербөөнүн эки учуру аныкталганда Кеңештин мүчөлөрү анын курамынан чыгарылат.
28. Кеңештин мүчөлөрүнүн эмгегине акы төлөө ИТКнын чечиминин негизинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан саатына 40 (кырк) сом өлчөмүндө жүргүзүлөт.
29. Кеңештин мүчөлөрү экспертиза жүргүзүү мезгилинде орточо эмгек акысын сактоо менен негизги ишинен бошотулат.
30. Финансы маселелери боюнча жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар жыл сайын илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти каржылоого жалпы чыгымдардын көлөмүнүн эсебинен эксперттердин эмгегине акы төлөөгө жана экспертиза жүргүзүүгө байланышкан башка чыгымдарды жабууга каражаттарды караштырат.
Көрсөтүлгөн каражаттарды пайдалануу тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.