Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 477 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин Илим фонду жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин Илим фонду жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан. Жобо Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин фондунун (мындан ары - Илим фонду) ишинин тартибин, ошондой эле Илим фондунун финансылык каражаттарын түзүү, пайдалануу, эсепке алуу жана башкаруу тартибин аныктайт.
2. Илим фонду илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) алдында юридикалык жактын статусу жок түзүлөт. Илим фондунун иши Кыргыз Республикасынын илим, бюджеттик процесс жана финансы жаатындагы мыйзамдарына ылайык мыйзамдуулук, ачык-айкындуулук, бөлүнүүчү каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу принциптеринде жүзөгө ашырылат.
3. Илим фондунун каражаттары максаттуу каражаттар жана илимий жана илимий-техникалык ишти мамлекеттик каржылоонун негизги булактарынын бири болуп саналат. Илим фондунун каражаттарын ушул Жободо каралбаган максаттарга пайдаланууга жол берилбейт.
4. Илим фондунун операцияларын жүргүзүү үчүн казыналык системасында бюджеттик, атайын жана депозиттик эсептер ачылат.
5. Илим фондунун каражаттарын пайдаланууга аудит жана контролдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
2-глава. Илим фондунун максаты жана милдеттери
6. Илим фондунун ишинин максаты болуп фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүнү, илимий потенциалдын өсүшүн, ошондой эле изилдөөлөрдүн натыйжаларын практикага киргизүүнү камсыз кылуучу илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иштин артыкчылыктуу багыттарын колдоо үчүн финансылык ресурстарды топтоо жана максаттуу пайдалануу жолу менен Кыргыз Республикасында илимди жана инновацияларды өнүктүрүүгө көмөктөшүү саналат.
7. Илим фондунун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн кызыкчылыктарында илимий жана илимий-техникалык ишке финансылык каражаттарды натыйжалуу жана ачык пайдаланууну камсыз кылуу;
2) фундаменталдык жана колдонмо илимий, анын ичинде экономикага жана социалдык чөйрөгө практикалык киргизүүгө багытталган натыйжаларды алуу үчүн шарттарды түзүү;
3) илимий потенциалды (кадрларды, материалдык-техникалык базаны) жана илимий инфраструктураны өнүктүрүүнү, анын ичинде алдынкы илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды каржылоо аркылуу колдоо.
3-глава. Илим фондунун каражаттарын түзүү булактары жана пайдалануу багыттары
8. Илим фондунун каражаттары төмөнкү булактардын эсебинен түзүлөт:
1) республикалык бюджеттин каражаттарынын;
2) бюджеттен тышкаркы фонддордун каражаттарынын;
3) жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнүн;
4) чет өлкөлүк жана ата мекендик инвестициялардын;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка түшүүлөрдүн.
9. Илим фондуна багытталган республикалык бюджеттин каражаттары илим чөйрөсүн каржылоо үчүн төмөнкүдөй формаларда пайдаланылат:
1) базалык каржылоо - илимий уюмдардын ишин учурдагы камсыз кылуу үчүн белгиленген ченемдер боюнча базалык (ченемдик) финансылык колдоону камсыз кылуу;
2) программалык-максаттуу каржылоо - конкурстук тандоонун натыйжалары боюнча илимдин артыкчылыктуу багыттарына багытталган мамлекеттик илимий-техникалык программаларды жана ири илимий долбоорлорду аткарууну каржылоо;
3) гранттык каржылоо - илимий кызматкерлердин, жамааттардын жана уюмдардын айрым илимий-изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу үчүн конкурстук негизде гранттарды берүү.
10. Илим фондунун каражаттары төмөнкү иш-чараларды жана чыгымдарды каржылоого багытталат:
1) фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду, ошондой эле артыкчылыктуу багыттар боюнча максаттуу илимий изилдөөлөрдү аткаруу;
2) айрым окумуштуулар, илимий жамааттар жана уюмдар үчүн илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мамлекеттик заказ боюнча конкурстук негизде гранттарды берүү;
3) тармактар аралык илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди өнүктүрүүнү колдоо;
4) илимий кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу программаларын ишке ашыруу, анын ичинде илимдин келечектүү багыттары боюнча адистерди окутуу жана стажировкадан өткөрүү (өлкөдө жана чет өлкөлөрдө);
5) илимий продукцияларды чыгаруу жана жайылтуу, илимий-техникалык маалыматтарды жана адабияттарды (монографияларды, журналдарды, электрондук ресурстарды жана башкаларды) сатып алуу;
6) улуттук жана эл аралык деңгээлдерде илимий форумдарды (конгресстерди, конференцияларды, симпозиумдарды) уюштуруу, ошондой эле аларга ата мекендик окумуштуулардын катышуусун камсыз кылуу;
7) заманбап илимий инфраструктураны түзүү жана өнүктүрүү, анын ичинде илимий уюмдарды заманбап жабдуулар жана технологиялар менен жабдуу.
11. Илим фондунда топтолгон республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен чыгымдардын сметасын каржылоо Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде белгиленген тартипте казыналык система аркылуу жүзөгө ашырылат.
12. Илим фондунун каражаттарынын эсебинен илимий жана илимий-техникалык уюмдарга, менчигинин түрүнө карабастан жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына, илимий жана илимий-техникалык кызматкерлерге, алардын жамааттарына грант алуу үчүн конкурска катышууга бирдей жеткиликтүүлүк камсыз кылынат.
4-глава. Илим фондунун каражаттарынан каржылоонун жалпы шарттары
13. Илим фондунун каражаттарынан каржылоону бөлүштүрүү жана берүү жөнүндө чечимди ыйгарым укуктуу орган өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алат.
Каржылоо жөнүндө чечимдерди кабыл алууда долбоорлорду колдоонун объективдүүлүгүн жана илимий негиздүүлүгүн камсыз кылуу максатында ыйгарым укуктуу органдын Илимий-техникалык кеңешинин (мындан ары - ИТК) сунуштары эске алынат.
Илим фондунун каражаттарынын кеминде 5%ы ыйгарым укуктуу орган аныктаган тартипте инновациялык ишти каржылоого багытталат.
14. Ыйгарым укуктуу орган жыл сайын тиешелүү жылдарга контролдук цифранын чегинде Илим фондунун каражаттарынын эсебинен каржыланууга тийиш болгон илимий-техникалык программалардын жана долбоорлордун тизмегин бекитет жана кезектеги мезгилге илимий изилдөөлөрдүн артыкчылыктуу багыттарын аныктайт.
15. Ыйгарым укуктуу орган илимий изилдөөлөрдүн аткарылышы жөнүндө отчетторду (эксперттик корутундуларды) кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча ИТКнын чечиминин негизинде Илим фондунун каражаттарынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ресурстарды кайра бөлүштүрүү жана аларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында айрым багыттарды, программаларды жана долбоорлорду, анын ичинде колдонуудагы багыттарды каржылоого мораторий белгилөөгө;
2) каржылоонун көлөмүн Илим фонду аркылуу ишке ашырылуучу багыттардын ортосунда кайра бөлүштүрүүгө.
16. Мораторийди киргизүү жана колдонуу мөөнөттөрү, каржылоону кайра бөлүштүрүү жөнүндө ыйгарым укуктуу орган ИТКнын тиешелүү чечимине шилтемени камтыган тиешелүү буйрук чыгарат.
17. Конкурстук негизде берилүүчү Илим фондунун каражаттарынын эсебинен каржылоого өтүнмөлөр (долбоорлор) төмөнкүдөй негизги жоболор боюнча негизделген маалыматтарды камтууга тийиш:
1) сунуш кылынуучу илимий изилдөөнүн (долбоордун) так белгиленген максаттары жана милдеттерин;
2) күтүлгөн натыйжалардын илимий жаңылыгын жана актуалдуулугун, сунушталган идеялардын оригиналдуулук даражасын;
3) долбоорду ишке ашыруунун методдорун жана планын, анын ичинде изилдөөлөрдүн этаптарын, ошондой эле күтүлгөн натыйжаларды практикага киргизүү боюнча чараларды (колдонмо багыты бар болсо);
4) долбоордун күтүлүүчү натыйжаларын жана акыркы продуктыларын, алардын илим үчүн мааниси жана практикалык колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн;
5) финансылык-экономикалык эсептөөлөрдү.
Ыйгарым укуктуу орган жогоруда аталган пункттарга ылайык конкурстук документтерде өтүнмөлөрдүн мазмунуна талаптардын белгиленишин камсыз кылат.
18. Каржылоо үчүн долбоорлорду тандоодо экономикага, социалдык же билим берүү чөйрөсүнө киргизилиши мүмкүн болгон колдонмо натыйжаларды алууга багытталган сунуштарга артыкчылык берилет.
19. Колдоого алынган ар бир долбоорду ишке ашырууга берилүүчү каржылоонун көлөмү илимий өтүнмөнүн сапатына, долбоордун масштабына жана маанилүүлүгүнө, ошондой эле аны ишке ашыруудан күтүлгөн натыйжага жараша аныкталат.
Илимий уюмдун бир форма боюнча каржылоону алышы анын Илим фондунун башка формалары боюнча каржылоого өтүнмө берүү жана конкурстарга катышуу укугун чектебейт.
Бир эле илимий кызматкерге Илим фондунун ар кандай формаларынан каржылоону берүүдө анын каржылануучу долбоорлорго катышуусунун жалпы көлөмү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген жүктүн чектелген ченемдерин эске алуу менен аныкталат жана толук иш менен камсыз кылуунун бир жарым ставкасына эквиваленттүү деңгээлден ашпоого тийиш.
Ыйгарым укуктуу орган кыйла келечектүү жана сапаттуу изилдөөлөрдү артыкчылыктуу каржылоону жана анча масштабдуу эмес демилгелерге бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу үчүн ар кандай деңгээлдеги долбоорлор үчүн каржылоонун ар кандай максималдуу өлчөмдөрүн же гранттардын категорияларын белгилөөгө укуктуу.
Илим фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө чечим тиешелүү мамлекеттик органдардын расмий сайттарына жарыяланууга тийиш.
5-глава. Илим фондунун каражаттарынан илимий уюмдарды базалык каржылоо
20. Базалык каржылоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген критерийлерге ылайык келген илимий жана илимий-техникалык уюмдарга берилет.
21. Базалык каржылоону алуучу илимий уюмдар анын максаттуу, эффективдүү жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылууга милдеттүү. Базалык каржылоону фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү аткарууну камсыз кылбастан административдик чыгымдарга пайдаланууга жол берилбейт.
Каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун контролдоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан илимий отчетторду, жарыялоо активдүүлүгүн жана илимий-изилдөө иштеринин натыйжаларын талдоо аркылуу жүзөгө ашырылат.
Базалык каржылоону натыйжасыз пайдалануу аныкталган учурда ыйгарым укуктуу орган чараларды көрүүгө, анын ичинде каржылоонун көлөмүн кыскартууга укуктуу.
22. Базалык каржылоону алуучулар ыйгарым укуктуу органга каражаттарды пайдалануу жана илимий иштин жетишилген натыйжалары жөнүндө ар жылдык отчетторду берет.
6-глава. Илим фондунун каражаттарынан программалык-максаттуу каржылоо
23. Илим фондунун каражаттарынан программалык-максаттуу каржылоо мамлекеттик заказдын алкагында тармактык мамлекеттик органдар тарабынан демилгеленген мамлекеттик (тармактык) илимий жана илимий-техникалык программаларга жана долбоорлорго, фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөргө карата жүзөгө ашырылат жана аларды ишке ашыруу менен түздөн-түз байланышкан чыгымдарды жабууга багытталат.
Жабдууларды сатып алууга жана илимий инфраструктураны түзүүгө мындай чыгымдардын зарылдыгы негизделген шартта жол берилет. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Долбоордун каражаттарынын эсебинен сатып алынган мүлк илимий уюмга бекитилип берилет жана максаттуу багыты боюнча пайдаланылат.
24. Ыйгарым укуктуу орган жыл сайын тармактык органдардын сунуштарын чогултат жана карайт жана жыйынтыктары боюнча конкурстук тандоо өткөрүү үчүн илимий-изилдөө иштеринин темаларынын тизмесин бекитет. Конкурстук тандоону өткөрүү тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
Конкурстар илимий уюмдар, жогорку окуу жайлары, консорциумдар жана изилдөө жамааттары арасында өткөрүлөт. Тандоо өтүнмөлөрдүн көз карандысыз экспертизасын, белгиленген критерийлерге шайкештигин баалоону, рейтингдерди түзүүнү жана каржылоого сунушталган долбоорлордун тизмегин бекитүүнү камтыйт.
25. Конкурстук тандоодо төмөнкүлөр тарабынан ырасталган кошо каржылоону караган долбоорлорго жана программаларга артыкчылык берилет:
1) тармактык мамлекеттик органдар;
2) экономиканын реалдуу секторунун уюмдары;
3) эл аралык уюмдар жана фонддор.
26. Кошо каржылоонун шарттары жана милдеттерди бөлүштүрүү каржылоо бекитилгенден кийин түзүлгөн келишимдерде белгиленет.
Өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу орган каралган каражаттардын чегинде мамлекеттик (тармактык) илимий жана илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду, фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү программалык-максаттуу каржылоонун тизмегин жана көлөмүн бекитет.
27. Долбоорлорду ишке ашырууну контролдоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат. Милдеттенмелердин аткарылбагандыгы (жыйынтыктардын жоктугу) же талаптагыдай эмес аткарылгандыгы же каражаттардын максатсыз пайдаланылгандыгы аныкталганда ыйгарым укуктуу орган каржылоону токтотуп турууга, анын көлөмүн кыскартууга, келишимди бир тараптуу тартипте бузууга жана шарттарды бузуу менен пайдаланылган каражаттарды кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу.
7-глава. Илим фондунун каражаттарынан илимий долбоорлорду гранттык каржылоо
28. Гранттык каржылоо артыкчылыктуу багыттар боюнча жаңы билимдерди, технологияларды жана инновациялык чечимдерди алууга багытталган демилгелүү илимий жана илимий-техникалык долбоорлорду колдоо үчүн берилет. Гранттар илимдеги атаандаштык чөйрөсүн өнүктүрүү, илимий активдүүлүккө, анын ичинде жаш изилдөөчүлөргө дем берүү үчүн конкурстук негизде берилет.
29. Ыйгарым укуктуу орган конкурстук тандоого чыгарылуучу программалардын жана долбоорлордун тизмегин төмөнкүлөрдүн негизинде өз алдынча түзөт:
1) Кыргыз Республикасынын стратегиялык документтеринин;
2) социалдык-экономикалык өнүгүүнүн артыкчылыктарынын;
3) мамлекеттин илимий жана инновациялык саясатынын багыттарынын.
30. Гранттык каржылоого конкурс ыйгарым укуктуу орган аныктаган тартипте өткөрүлөт. Конкурстук документтерде арыз ээлерине карата талаптар, баалоо критерийлери, өтүнмөлөрдү берүү мөөнөттөрү, гранттардын чектик өлчөмдөрү жана башка шарттар көрсөтүлөт. Катышууга айрым окумуштууларга, илимий жамааттарга, илимий уюмдарга жана жогорку окуу жайларына уруксат берилет.
Келип түшкөн өтүнмөлөр көз карандысыз илимий экспертизадан өтүүгө тийиш. Баалоо жаңылыктын, актуалдуулуктун, методологиялык негиздүүлүктүн, аткаруучулардын квалификациясынын, иш планынын реалдуулугунун, күтүлгөн натыйжалардын жана киргизүү потенциалынын критерийлери боюнча жүргүзүлөт. Жыйынтыгында өтүнмөлөрдүн рейтинги түзүлөт, ыйгарым укуктуу орган Илим фондунун каралган каражаттарынын чегинде жеңүүчү долбоорлордун тизмегин бекитет.
Гранттык каржылоонун бекитилген тизмеги жана көлөмү контролдук цифралардын алкагында ыйгарым укуктуу органдын бюджеттик өтүнмөсүнө киргизилет.
31. Каражаттар долбоордун максаттарына гана, анын ичинде эмгек акыга, материалдарды жана жабдууларды сатып алууга, кызмат көрсөтүүлөргө, басылмаларга, иш сапарларга, конференцияларга катышууга жана патенттөөгө жумшалат. Кошумча чыгымдарга ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген ченемдердин чегинде жол берилет.
32. Грант алуучу аралык жана жыйынтыктоочу илимий жана финансылык отчетторду берет. Ыйгарым укуктуу орган контролду жүзөгө ашырат, зарыл болгон учурда кошумча экспертиза дайындайт жана каржылоону токтотуп турууга же кыскартууга, келишимди бузууга жана шарттар бузулганда же натыйжалар болбогондо каражаттарды кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу.
8-глава. Корутунду жоболор
33. Ыйгарым укуктуу орган ушул Жобонун 10-пунктунда каралган финансылык-экономикалык эсептөөлөр менен негизделген каржылоонун ар бир формасы боюнча каржылоонун жалпы көлөмүн жана каржылоо көлөмүн көрсөтүү менен илимий жана илимий-техникалык ишти каржылоо үчүн зарыл болгон каражаттарды бөлүп берүүгө жыйынды өтүнмөнү даярдайт жана бюджеттик процесстин календардык планында белгиленген мөөнөттөрдө аны каралган контролдук цифралардын алкагында кезектеги жылга республикалык бюджеттин долбоорун жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолун түзүү үчүн финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органга берет.
34. Долбоорлорду Илим фондунун каражаттарынын эсебинен каржылоо ыйгарым укуктуу органдын, тармактык мамлекеттик органдын (заказчынын) жана ишти аткаруучунун ортосунда түзүлүүчү келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
35. Ыйгарым укуктуу орган келишимдин шарттары бузулганда, каражаттар максатсыз пайдаланылганда, бекитилген пландан олуттуу артта калганда же аралыктык этаптардын канааттандырарлык эмес натыйжаларында төмөнкүлөргө укуктуу:
1) долбоорду каржылоону токтотуп турууга;
2) каржылоонун көлөмүн кыскартууга;
3) келишимдин шарттары бузулган, каражаттар максатсыз пайдаланылган же белгиленген натыйжаларга жетишилбеген учурда каржылоону токтотууга жана келишимди бир тараптуу тартипте бузууга.
36. Каржылоону токтотуп туруу же токтотуу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алынат.
37. Донорлордон эл аралык кредиттерди жана эл аралык гранттык жана техникалык жардамдарды тартууда жана пайдаланууда Илим фонду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик инвестицияларды башкаруу, ошондой эле эл аралык гранттык жана техникалык жардамдарды тартуу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү чечимдерин жетекчиликке алат.