Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-июлу № 480
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 605
«Улуттук экономиканын субъекттерине кепилчилик
берүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна
өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 631-беренесинин 1-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 605 «Улуттук экономиканын субъекттерине кепилчилик берүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Улуттук экономиканын субъекттерине кепилчилик берүү тартибинде:
– 2-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Кепилчилик кредиттик келишим, финансылык ижара (лизинг) келишими, банктык кепилдик же подряд келишими (макулдашуусу) боюнча улуттук экономиканын субъекттеринин (мындан ары – субъекттер) милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдүү комитети менен макулдашуу боюнча Министрлер Кабинетинин чечими боюнча Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналган юридикалык жактарга берилет.»;
– 4-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Кепилчилик кредиттик келишим, финансылык ижара (лизинг) келишими, банктык кепилдик же подряд келишими (макулдашуусу) боюнча милдеттенмелерди толугу менен же күрөөлүк камсыздоо менен жабылбаган бөлүгүн камсыз кылуу үчүн берилет.»;
– 41-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«41. Кепилчиликтин өлчөмү кредит берүүчү менен субъекттин ортосунда түзүлгөн келишимде каралган карыздын негизги суммасын, эсептелген пайыздарды жана башка төлөмдөрдү камтыган кредит, лизинг, банктык кепилдик же подряд келишими (макулдашуусу) боюнча субъекттин милдеттенмелеринин жалпы суммасынын 80 пайызынан ашпоого тийиш.
Кредит берүүчү менен субъекттин ортосунда түзүлгөн келишимде каралган карыздын негизги суммасын, эсептелген пайыздарды жана башка төлөмдөрдү камтыган кредит, лизинг, банктык кепилдик, подряд келишими (макулдашуусу) боюнча милдеттенмелердин жалпы суммасынын 100 пайыз өлчөмүндө төмөнкүлөргө карата кепилчилик берүүгө жол берилет:
– мамлекеттик жана муниципалдык органдарга, ишканаларга жана мекемелерге;
– уставдык капиталындагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон субъекттерге;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо боюнча комиссия тарабынан улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун тизмесине киргизилген долбоорлорду ишке ашырууда уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан субъекттерге.»;
– 5, 21, 23-пункттарда «кредит берүүчү менен субъекттин» деген сөздөр «кредит берүүчү жана/же контрагент менен субъекттин» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 12, 13-пунктчалар менен толукталсын:
«12) негизги келишим – кредиттик келишим, финансылык ижара (лизинг) келишими, банктык кепилдик берүү жөнүндө келишим, подряд келишими (макулдашуусу);
13) контрагент – негизги келишимдин тарабы болуп саналган жак, анын пайдасына подряд келишими (макулдашуусу) боюнча субъекттин милдеттенмелерин аткаруу камсыз кылынат. Контрагент деп заказчы субъекттин милдеттенмелеринин аткарылышы камсыз кылынган подрядчы түшүнүлөт.»;
– 9-пункттун 5-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5) кредит берүү шарттарын чагылдырган кредиттик келишимдин долбоору жана/же кредиттик комитеттин чечими, финансылык ижара (лизинг) келишиминин долбоору, банктык кепилдик берүү жөнүндө келишимдин долбоору, подряд келишиминин (макулдашуусунун) долбоору;»;
– 13-пунктта:
1-пунктча «кредит берүүчүнүн» деген сөздөрдөн кийин «жана/же контрагенттин» деген сөздөр менен толукталсын;
4-пунктча «кредит берүүчү» деген сөздөрдөн кийин «жана/же кепилчилик берүүчү» деген сөздөр менен толукталсын;
–14-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2) милдеттенменин сыпаттамасы жана максаты (кредиттик келишим, финансылык ижара (лизинг) келишими, банктык кепилдик же подряд келишими (макулдашуусу);»;
– 15-пункттун 4-пунктчасынын үчүнчү абзацында «улуттук инвестициялык долбоорлордун тизмесине» деген сөздөр «улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун тизмесине» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 17-пунктта «Кредит берүүчү же субъект» деген сөздөр «Кредит берүүчү, контрагент же субъект» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«18. Кепилчилик берүүчү тарабынан төмөнкүлөр алынгандан кийин кепилчилик берилет:
1) субъекттин төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча кредит, лизинг жана/же банктык кепилдик берүү жөнүндө кредит берүүчүнүн корутундусу жана кол коюлган келишимдин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү. Кепилчилик берүү жөнүндө чечим кредит берүүчү тарабынан жүргүзүлгөн жана кепилчилик берүүчү тарабынан ырасталган кредиттик тобокелдикти талдоодон, төлөөгө жөндөмдүүлүк тастыкталгандан кийин кредиттик тобокелдиктерди баалоо методикасынын негизинде кредит берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусу алынгандан кийин гана кабыл алынат;
2) подряд келишими (макулдашуусу) боюнча контрагенттин ыйгарым укуктуу башкаруу органынын корутундусу жана/же чечими.»;
– 19-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Эгерде кепилчилик берүүчү субъекттин жана/же үчүнчү жактардын мүлкүнө, анын ичинде келечекте түзүлө турган же сатып алына турган мүлккө, ошондой эле кредит берүүчү жана/же контрагент менен субъекттин ортосунда түзүлгөн келишим боюнча каржылоону пайдалануу менен ишке ашырылып жаткан объекттерге карата биринчи кезектеги күрөө кармоочу болуп саналса жана мындай камсыздоонун наркы кепилчилик берүүчүнүн милдеттенмелеринин суммасын толугу менен жапса, кепилчилик берүүчү кредит берүүчүнүн жана/же контрагенттин алдында бирдей жоопкерчилик тартат. Башка учурларда кепилчилик берүүчүнүн жоопкерчилиги субсидиардык болуп саналат.»;
– 21¹, 21²-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«21¹. Кредит берүүчү жана/же контрагент менен субъекттин ортосунда түзүлгөн келишим боюнча каржылоону пайдалануу менен ишке ашырылуучу объекттерди эксплуатацияга киргизүүдөн кийин, ошондой эле кредит берүүчү жана/же контрагент көрсөтүлгөн келишим боюнча каржылоонун натыйжаларын камсыздоо катары кабыл алгандан кийин, эгерде кабыл алынган камсыздоо субъекттин келишим боюнча калган милдеттенмелерин толук жапса, кредит берүүчү жана/же контрагент кепилчилик берүүчүнү кепилчилик келишими боюнча милдеттенмелерден бошотууга милдеттүү.
21². Эгерде кредит берүүчү жана/же контрагент каржылоо объекттерин, субъекттин же үчүнчү жактардын башка мүлкүн кошо алганда, кредит берүүчү жана/же контрагент менен субъекттин ортосунда түзүлгөн келишим боюнча субъекттин мындай камсыздоо кабыл алынган учурдагы калган милдеттенмелерин жабуучу камсыздоону кабыл алгандан кийин кепилчиликти сактоо жөнүндө чечим кабыл алса, кредит берүүчүдөн жана/же контрагенттен ушул Тартиптин 20-пунктуна ылайык ар жылдык комиссия алынат.»;
– 22-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«22. Эгерде каржылоо каражаттары субъект тарабынан толук өздөштүрүлбөсө же негизги келишим боюнча милдеттенмелердин көлөмү азайтылса, анда кепилчиликтин суммасы негизги келишимге өзгөртүүлөрдү (толуктоолорду) киргизүү жөнүндө кошумча макулдашууга ылайык кепилчилик келишимине кошумча макулдашуу түзүү жолу менен азайтылат. Бул учурда төлөнгөн бир жолку комиссия толугу менен же жарым-жартылай кайтарылууга жатпайт.»;
– 231-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«231. Кредит берүүчү жана/же контрагент тарабынан кепилчилик берүүчү үчүн жоопкерчиликтин көбөйүшүнө же башка жагымсыз кесепеттерге алып келүүчү өзгөртүүлөр киргизилген учурда, ошондой эле кепилчилик берүүчүнүн макулдугусуз кредит берүүчү жана/же контрагент менен субъекттин ортосунда түзүлгөн келишимге башка өзгөртүүлөр киргизилгенде, кепилчилик берүүчү кепилчиликтин жалпы суммасынан 5 пайыз өлчөмүндө айып пулду төлөөнү талап кылууга укуктуу.
Кепилчилик берүүчүдөн кабарлоо алынгандан кийин кредит берүүчү жана/же контрагент кабарлоодо көрсөтүлгөн айып пулдун суммасын төлөөгө милдеттүү.»;
– 26-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Мында кепилчилик берүүчү кредит берүүчү жана/же контрагент менен субъекттин ортосунда бекитилген графикке ылайык милдеттенмелерди аткарат, отчеттук жылдын аягында тиешелүү отчеттук мезгилдин жыйынтыгы боюнча төлөмдөрдү жүргүзөт.»;
– 28-пункт «кредит берүүчүнүн» деген сөздөрдөн кийин «жана/же контрагенттин» деген сөздөр менен толукталсын;
– 29, 32, 46, 47-пункттар «кредит берүүчү» деген сөздөрдөн кийин «жана/же контрагент» деген сөздөр менен толукталсын;
– 30, 31-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«30. Эгерде каржылоону берүүнүн кечиктирилиши, ошондой эле келишимдин шарттарын, анын ичинде каражаттарды которуу мөөнөттөрүн бузуу, мыйзамдуу негиздерсиз өз милдеттенмелерин аткаруудан баш тартуу же алардын демилгеси боюнча жол берилген башка бузуулар түрүндөгү кредит берүүчүнүн жана/же контрагенттин аракеттери же аракетсиздиги долбоордун ишке ашырылышына терс таасирин тийгизет жана субъекттин финансылык абалынын начарлашына, анын ичинде төлөөгө жөндөмсүздүгүнүн келип чыгышына алып келет, субъект тарабынан бардык келишимдик милдеттенмелер талаптагыдай аткарылган шартта кредит берүүчү жана/же контрагент камсыздалган милдеттенмелерди аткаруу боюнча кепилчилик берүүчүгө талап коюу укугун жоготот.
Кредит берүүчү жана/же контрагент сотко чейинки тартипте өзүнүн жоопкерчилигин таануудан баш тарткан учурда, талаш-тартыш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.
31. Ушул Тартиптин 29-пунктунда көрсөтүлгөн кепилчилик берүүчүнүн милдети кредит берүүчү жана/же контрагент тарабынан субъекттин негизги келишим боюнча аткарылбай калган милдеттенмелеринин көлөмүн ырастаган күбөлөндүрүлгөн документтер, ошондой эле кепилчилик келишиминде каралган башка документтер берилгенден кийин келип чыгат.»;
– 33-пункттун 3-пунктчасы «Кредит берүүчү» деген сөздөрдөн кийин «жана/же контрагент» деген сөздөр менен толукталсын;
– 34-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«34. Кепилчилик берүүчү субъекттин милдеттенмелерин (жарым-жартылай же толук көлөмдө) аткаргандан кийин кредит берүүчүнүн жана/же контрагенттин бардык укуктары аткарылган милдеттенмелердин көлөмүндө кепилчилик берүүчүгө өтөт. Мында кредит берүүчү жана/же контрагент кепилчилик берүүчү тарабынан милдеттенмелер аткарылган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө карызкор субъектке карата талап кылуу укугун күбөлөндүргөн бардык документтерди ага өткөрүп берүүгө милдеттүү. Көрсөтүлгөн документтер өз убагында берилбеген учурда кредит берүүчү жана/же контрагент кепилчилик келишиминин шарттарына жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Кепилчилик келишими боюнча милдеттенмелерди аткаруунун алкагында кепилчилик берүүчү тарабынан төлөнгөн каражаттарды кайтаруу субъект тарабынан кредиттик келишимдин шарттарына окшош шарттарда (мөөнөттөрү, пайыздык ставкасы, үстөк айып жана башкалар) жүзөгө ашырылат жана кепилчилик берүүчүнүн алдындагы карыз толук төлөнгөнгө чейин эсептелет.
Эсептелген пайыздар, үстөк айып кепилчилик берүүчү тарабынан кредит берүүчүгө жана/же контрагентке төлөнгөн каражаттардын эсебинен кепилчилик берүүчүнүн алыш-бериш эсебине которулат.»;
– 45-пункт «кредит берүүчүгө» деген сөздөрдөн кийин «жана/же контрагентке» деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын улуттук инвестициялык долбоорлорун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорун ишке ашыруу максатында ушул токтом күчүнө киргенге чейин кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кепилчилик берүү жөнүндө чечимдеринин негизинде түзүлгөн кепилчилик келишимдери менен байланышкан укуктук мамилелерге карата, эгерде мындай кепилчилик келишимдери подряд келишимдери (макулдашуулары) боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылса, колдонулат деп белгиленсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 14-июлундагы № 52 (3812) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |