Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫ, ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 9-июлу № 01-01/210
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин тутумунда Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин, Коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу планын жана Коррупциялык тобокелдиктерди баллдык баалоо реестрин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилүүчү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 21-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 232 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, баалоо жана башкаруу тартиби жөнүндө жобону ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 263 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жөнүндө жобонун 15-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги (мындан ары – Коррупциялык тобокелдиктердин тизмеги) 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин тутумунда Коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу планы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде (мындан ары – Министрлик) Коррупциялык тобокелдиктерди баллдык баалоо реестри 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Министрликтин түзүмдүк, регионалдык жана ведомствого караштуу бөлүмдөрүнүн жетекчилери Коррупциялык тобокелдиктердин тизмегинде жана Коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу планында каралган коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу же жоюу боюнча чаралардын ишке ашырылышын камсыз кылсын.
5. Басма-сөз кызматы бул буйрукту “Эркин-Тоо” гезитинде жана Министрликтин расмий веб-сайтында расмий жарыялоону камсыз кылсын.
6. Ченемдик жана укуктук жактан камсыздоо кылуу башкармалыгына:
- бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күнүдүн ичинде анын жарыяланган булагы жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жүзүндө жана электрондук алып жүрүүчүдө эки нускадагы көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күнүдүн ичинде маалымат үчүн көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
7. Министрликтин 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 107-п буйругу күчүн жоготту деп белгиленсин.
8. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө министрдин биринчи орун басары – Ж.К. Сейдалиевге жүктөлсүн.
9. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр |
| А.Т.Токтобаев |